ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

КЫЗДАР ЖИГИТТЕРГЕ КАНТИП ЖАГЫНА АЛЫШАТ?
Психологдордун жана сексопатологдордун изилдөөлөрүнө караганда, кыздар үчүн 1-орунда жигиттин кыздар менен сүйлөшө билүү сапаты жана адамгерчилиги жагат. Кызга керектүү, жагымдуу сөздү качан, кайсы убакта, кандай жерде айтууну билсе, ошондо гана кызга жагат.
Мисалы, кээ бир кыздар өмүрүндө бир да эркектен укпаган жылуу сөздү укса, ал эркекти чындап жакшы көрүп калышы мүмкүн. Алтургай ага тезирээк турмушка чыгуусу да ыктымал. Бирок мындай жөндөмдүүлүк бардык эле жигиттерде боло бербейт.
Эң негизгиси, жигит өзүнө сын көз менен карап, кызды сыйлап, анын кулк-мүнөзүн, жан дүйнөсүн, кыздын өзгөчөлүгүн туура түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Анан дагы сексуалдык маданияты жогору болуусу кажет.
Кыскартып айтканда, аялдын биологиялык, психологиялык, дене түзүлүшүнүн физиологиялык өзгөчөлүгүн, аялдык сырын жакшы билүүдө жана назик мамиле жасоодо турат.
Азыркы жаш жигиттердин айрымдары кыздарга одоно мамиле жасашат. Мисалы, кыздардын колун кайрып, эти көгөргүчө чымчып, кээде тамашалап тамактан алып муунтуп же катуу кучактап, чачы саксайганча уйпалап жүдөтүшөт. Кемсинтип, какшыктап, бой көтөрүшүп, мактанышат.
Кыздар менен сүйлөшүп жатканда тамеки тартышат. Тамекинин ачуу, уу түтүнүн кыздын бетин карай үйлөп, айтор, аябай ыштайт. Мындай жигиттин жанында турган кыздын кийими, чачы 1-2 саатка чейин ыш жыттанып турушу мүмкүн. Ал аз келгенсип, жигит кыздын жанында турганда түкүрүнүп, айланасын түкүрүккө толтурат. Мындай адепсиз жосундар кыздын аң-сезимине тескери таасир берет. Ичинен иренжип, сүйүүдөн баш тартат. Маданияттуу эркек кыз-келиндердин жанында тамеки тартпайт. Албетте, кыздан да акыл-эстүүлүк жана маданият талап кылынат. Өзү дагы тамеки чегип, арак ичип, адепсиздикке берилсе, анда кыз келечегине, өз тагдырына балта чапкан болот.

СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУНУН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?
Балдардын чочосун кесүү (сүннөткө отургузуу) жөрөлгөсү илгерки Египет элинде мындан 5 миң жыл мурда эле колдонулуп келген. Эфиопия жана Индонезия өлкөлөрүндө кээ бир жергиликтүү калктын үрп-адаты боюнча, эркек балдар бойго жетип, аял аларда гана сүннөткө отургузулат. Бул учурда жигиттин сүйлөшкөн кызы (болочок аялы), дегеле кыз тараптагы адамдар башкалар менен катар карап турушат.
Башкача айтканда, жигит эрктүүлүгүн, чыдамкайлыгын аял алар алдында көрсөтүп, сындан өтөт.
Кесилбеген жыныстык мүчөнүн башын жаап турган теринин алдында дайыма кир толуп турат (эгер күндө жууп турбаса). Ушул теринин астындагы топтолуп калган зааранын, эрендиктин калдыктары, териден чыккан майлар топтолуп, микробдордун жардамы менен “смегма” деген ден соолукка зыяндуу затты пайда кылышат.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан