АКШнын Эл аралык өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги (USAID) иш жүзүндө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн тартып эле жардам берип келе жатат. Ушул жылдар аралыгында агенттик Кыргызстандагы саламаттыкты сактоого жана билим берүүгө, экономиканы жана сооданы өнүктүрүүгө, парламентаризмди, укуктун жана сөз эркиндигинин үстөмдүгүн орнотууга жүз миллиондогон доллар инвестиция салды.
АКШ өкмөтүнүн USAID аркылуу Кыргызстанга кылган достук жардамы көп тармактуу. Мисалы, бул уюм өзүнүн күчүн өлкөбүздөгү чыныгы жардамга муктаж секторлорго багыттоодо. Татаал көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн агенттиктин долбоорлорунун айрымдары булар:
КЕЛГИЛЕ, ОКУЙБУЗ!
Советтер Союзу учурунда биздин республика билим берүү тармагында чоң өнүгүүгө жеткен. Иш жүзүндө республикадагы жашы жеткен бардык калк сабаттуу болгон, окуганды билишчү. Орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн 100 пайызга жеткирүү үчүн билим берүү системи мектеп окуучуларына жеткиликтүү билим берчү. Математика, физика, химия сыяктуу татаал сабактардан жетишкендик абдан бийик болгон. Бирок СССР кулагандан кийин билим берүү системи орчундуу көйгөйлөрдүн сыноосунан өтүүдө. Жыйынтыгында 2014-жылы төртүнчү класстын окуучуларынын 35 пайызы гана тийиштүү деңгээлде окуй алары белгилүү болду. Ошондуктан USAID'дин “Келгиле, окуйбуз!” долбооруна кантип келбейбиз?
Азыркы балдар китеп окубай калганы жашыруун деле эмес. Аларды кызыктыруу жыл сайын оорлоп баратканын №3 мектеп-лицейдин тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы Замира Бекташова билдирди:
–“Келгиле, окуйбуз!” долбоорунун мугалимдерге абдан жардамы тийди. Бул программа боюнча тренингдерге катышкан мугалимдер окуучуларды китепке кызыктыруунун жаңы ыкмаларын табышты. Азыр биздин балдар тест жана текшерүү ишинен эң жогорку бал алышууда. Окуучулардын китепканага көп барып баштагандыгы – бул чоң жетишкендик.
Ошондуктан АКШ өкмөтү USAID аркылуу 2013-жылдан бери Кыргызстандын билим берүү секторуна 20 миллион доллардан ашуун каражатты инвестиция кылды. Ошондой эле каражаттын негизги үлүшү баштапкы класстагылардын китеп окуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталды. USAID 2020-жылга чейин Кыргызстандын орто мектептерине 1 миллион 200 миң китепти басып чыгарууну пландап жатат.
"Мурда башталгыч класстын окуучулары окуган материалды түшүнбөй кыйналган учурлар болгон",- дейт Бишкектеги Герман Гмайнер атындагы мектептин директору Светлана Теңизбаева.
– Жаңы китептер балдар окуп жаткан китебин түшүнүүсүнө багытталган. Басылма жөнөкөй тил менен жазылып, жакшы сүрөттөр менен коштолгон. Бала китепти окуудагы каалоосун бузбоо үчүн текст менен сүрөт бир деңгээлде болуусу маанилүү. Түшүнүктүү болуусу үчүн тамга менен шрифт дагы идеалдуу болушу зарыл. Мунун баары эске алынган. Окуу маданиятын өстүрүү үчүн долбоор ата-энелерди дагы тартууга мүмкүнчүлүк түзүүсү маанилүү.
Бардык китептер Кыргызстандан чыгарылат. Аларды түзүү үчүн 60тан ашуун жергиликтүү жазуучулар жана сүрөтчүлөр, аны менен бирге башталгыч класстын мугалимдери дагы иштешти.
Билим берүүнү колдоонун алкагында USAID Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн Кыргызстандын жалпы республикалык тестирлөө системине өтүүсүн колдоду. Ал бардык орто мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн өздөрүнүн акылына жана билимине жараша жогорку билим алууга бирдей жана калыс мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары USAID Борбор Азиядагы Америка университетинин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө өз салымын кошту. Бул жогорку окуу жайга республикадагы жана аймактагы интеллектуалдык борбор болуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
ДЕНИ САК УЛУТ
Кыргызстан кургак учук оорусуна каршы дары-дармек таасир бербеген жана оорунун саны боюнча аймакта алдыңкы орунда. Бул ден соолукка, коопсуздукка жана экономикалык өсүшкө олуттуу коркунуч. USAID'дин бир нече долбоорлорунун алкагында кургак учукка каршы күрөшүү үчүн, агенттик диагностиканы өнүктүрүү үчүн, бул коркунучтуу ооруга каршы инфекциялык көзөмөлдү жакшыртуу жана кургак учукту дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн республикадагы медициналык мекемелерге жардам берүүдө. Акыркы 5 жылда эле USAID'дин долбоорлору кургак учуктан көз жумууну 36 пайызга төмөндөтүүгө жана жаңы инфекциялардын санын 18 пайызга кыскартууга жетише алды.
Мындан сырткары USAID өлкөдөгү ВИЧ/СПИДге каршы иштерге олуттуу жардам көрсөтүп келет. Азыр бул иммунитетти жеген вирусту республикадагы жашоочулардын бир пайызга жетпегени жуктуруп алган. Ошентип вирусту жуктуруп алуу өсүү үстүндө. Бул маселени чечүү үчүн USAID комплекстүү профилактика иштерин жүргүзүү кызматтарын кеңейтүүгө, ВИЧ/СПИДди дарылоого жана бейтаптардын чоң тобокелчилик тобунан чыгуусуна колдоо көрсөтүүдө.
АЙМАКТАРДАГЫ ЖАШООНУ ЖАКШЫРТУУ
Тилекке каршы, Кыргызстан мурдагы СССРдеги республикалардын ичинен эң жакыр өлкө болуп эсептелет. Миллиондон ашуун жарандарыбыз чет өлкөдө иштешет. Алардын акча которуулары үй-бүлөлөрүн камсыздайт жана ИДПнын үчтөн бир пайызын түзөт. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.
Ошондуктан АКШ өкмөтү USAID'дин программалары аркылуу Кыргызстанда жумуш ордун түзүүгө жана экономикалык өсүштү жакшыртууга колдоо көрсөтүүдө. Ошону менен бирге жакыр жашагандарга жана алыскы аймактарга дагы өзгөчө көңүл бурат. USAID 2014-жылдан тарта өлкө боюнча 45 завод жана ишкана куруу же модернизациялоо үчүн кыргыз ишкерлерине 6,6 миллион АКШ доллары суммасында колдоо көрсөттү. Муну менен 15 000 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Агенттик Кыргызстандын өкмөтү менен биргеликте иш алып барып, сооданы жана инвестицияны жылдыруу үчүн ишкерлик чөйрөнү колдоого алат. Айрыкча европалык жана америкалык компанияларга көңүл бурулат. USAID'дин программалары экономиканын келечектүү тармактарында иштеген жумушчулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да багытталган. Мисалы, тигүү тармагында сатуунун көлөмүн жогорулатуу жана сыртка экспорттоону өнүктүрүү максатында жасалат. Туризм жагынан агенттик өлкөнүн статусун туристтик багытта өнүккөн өлкө катары көтөрөт. Бул аракеттер белгилүү эл аралык Lonely Planet басылмасынын 2019-жылы Кыргызстанды туристтерге эс алууга сунуштаган он алдыңкы өлкөнүн катарына кошуусуна себепкер болду. Ийгиликтүү долбоорлордун бири деп USAID'дин аймактарды өнүктүрүү боюнча “Ийгиликтүү аймак” долбоорун атаса болот. Долбоор жергиликтүү маанидеги 25 кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча 50 муниципалитет менен иштешип жатат. Мисалы, бул долбоордун алкагында Ош облусуна караштуу анча чоң эмес Ноокат шаарчасына Кыргызстанда жок жаңы технология киргизилди. Ал жакта ноокаттык программист-инженерлердин жардамы менен таштанды ташыган унааларды көзөмөлдөгөн систем түзүлдү.
"Биз таштанды ташыган унааларды көзөмөлдөөчү программа ойлоп таптык",- деп билдирди “Ноокат-Коммунальщик” ААК ишканасынын директору Дильмурат Абдырахманов.
– Биз ар бир тракторго кайтарым байланышы бар камера орноттук жана GPS-навигациясын коштук. Бул кайсы учур болсо дагы байланышта болууга, көрүп турууга, камеранын ары жагында эмне болуп жатканын билүүгө шарт түздү. Мындай технология менен кызматкерлерди, күйүүчү майдын чыгашаларын жана кыймылдын графигин көзөмөлдөөгө болот. Турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгуунун эффективдүүлүгүн көтөрүү тармагында долбоор 5 муниципалитетти кучагына алды.
Долбоор 20 миң кишини кучагына алат. Долбоор ишкананын ишин таза жана жергиликтүү эл менен шаардык мэриянын алдында жооптуу аткарууга жардам берүүдө. Андан сырткары үйдөн чыккан турмуш тиричилик таштандыларын алып чыгууда эффективдүүлүгүн арттырат. Мурда жергиликтүү эл бир нече күн таштандыны алып кеткиче күтүп келишкен болсо, азыр бул иш билдирүү аркылуу саналуу сааттын ичинде аткарылат.
Жакынкы жылдары АКШ өкмөтү USAID'дин программалары аркылуу мындан ары дагы Кыргызстандын социалдык жана экономикалык өсүп-өнүгүшүнө жардам көрсөтүүгө ниеттенет. Эң башкысы, ар бирибиз өнүгүү өзүбүздүн каалообуздан көз каранды экенин түшүнсөк болгону. Ал эми агенттик Кыргызстандын элинин жаркын келечеги үчүн кичи жана глобалдуу маселелерин чечүүгө арналган долбоорлорду колдоого даяр.
Үмүт Ырысбекова