ЭРКЕКТЕРДИН СЕКСТЕН УБАКТЫЛУУ БАШ ТАРТУУСУ

Жайында ачык кийинген кыз-келиндерди көргөндө эркектердин эси эки болбой койбойт эмеспи. Айрыкча темпераменттүү мырзалар үчүн бул чоң сыноо. Эркектердин секстен убактылуу баш тартуусу тууралуу эки башка ой жаралат. Кээ бирөөлөр “убактылуу баш тартуу пайдалуу” десе, дагы бирлери “өтө зыян” деп айтышат. Эмесе, анын эки жээгин карап көрөлү.

КАЙСЫ УЧУРЛАРДА СЕКСТЕН БАШ ТАРТЫШАТ?

  • Мисалы, үй-бүлө кура электер, бойго жетип калган өспүрүмдөр, сексуалдык жактан тартынчаактар, ишеничтүү түгөйдүн жоктугу, жактырган адамынын же түгөйүнүн кайтыш болуп кетиши жана ар кандай оорулар. Ошондой эле кээ бир учурда түрмөгө түшүү, бейтапканага жатууда да секстен баш тартууга туура келет. Бирок жогоруда кеп кылган өспүрүмдөр арасындагы бул нерсенин эч кандай деле зыяны жок. Себеби бул кабыл алынган көрүнүш сымал эле өтүп кетет.

ЗЫЯНЫ

РУКТУН САПАТЫ НАЧАРЛАЙТ
Кээ бирөөлөр «секстен убактылуу баш тартуу тукум улоого жакшы шарт түзөт. Эркек бир нече күн карманып анан кошулса, айымын 100 пайыз уруктандыра алат» деп айтышат. Албетте, мырзанын бир нече күн өзүн кармануусу күтүлбөгөн каалоого, тез дүүлүгүүгө алып келет. Бирок көпчүлүк сексологдор жана бул жаатта изилдөө жүргүзгөндөр «сексуалдык жактан активдүү мырзанын уругу секстен убактылуу тыныккандан кийин сапатын жоготот» деп далилдешкен.

ТЕЗ КАРТАЮУГА АЛЫП КЕЛЕТ
Ошондой эле секстен убактылуу баш тарткан мырзаларга караганда, секс менен тез-тез алектенип жүргөн мырзанын ден соолугу чың келет. Себеби ар бир оргазм алуу менен мырзалардын клеткаларында жаңылануу процесси жүрөт. Бул жаңылануу денени ар түрдүү витаминдер менен каныктырууга барабар болорун сексологдор байма-бай айтып келишет. Ал эми клеткалардын жаңылануусу картаюуга бөгөт болору баарыбызга эле маалым.

АГРЕССИВДҮҮЛҮК КҮЧӨЙТ
Эркектердин секстен убактылуу баш тартуусу – простатит жана эрте келүүчү эякуляцияга (бел суусунун тез түшүп калышы) алып келет. Айымы “от ала электе” бүтүрүп коюп, уят болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле нерви жука эркектер ого бетер агрессивдүү болуп кетиши күтүлөт. Мындай мырзалардын маанайы тез чөгүп, болбогон нерселерге кыжырлана беришет. Акыры нерв ооруларына да чалдыгышы мүмкүн.

ИМПОТЕНЦИЯ
Жаш курактын улам артка жылышы менен секстен убактылуу баш тартуу да коркунучтуу. Башкача айтканда, эркек секстен баш тартуусу менен “алигисине” өзү көр казгандай болот. Сексологдордун айтымында, эркектин “алигиси” кычкылтек менен толук камсыз болуп турушу керек. Ал эми улам улгайган сайын тамырлар холестерин менен бүтөлө баштайт эмеспи. Мырза эрекцияга кабылган учурда (дүүлүккөн маалда) жыныс мүчөгө кычкылтектин болуп көрбөгөндөй толкуну келет. Эркектердин арасында секстен убактылуу баш тартам деп жүрүп, сексуалдык каалоосун таптакыр жоготуп алгандар да аз эмес. Анан капчыктагы акчанын көбү “ээрге” кайрадан минүүгө жардам берүүчү дары-дармектерге сарпталып калат.

ПАЙДАСЫ

МАМИЛЕНИ ЫСЫТАТ
Узак жолго же командировкага чыкканда эркектердин секстен убактылуу баш тартуусу мамилени ысытууга алпарып, болуп көрбөгөндөй каалоо жаратууга көмөкчү болот. Айрыкча жубайлар арасында эркектердин мындай «эс алуусу» анын баркын көтөрөт. Аялына барктуу болуп, үй-бүлөлүк ызы-чуулардан алыс кылат.

СПОРТЧУЛАРГА АЯБАЙ КЕРЕК
Спортчулар кандайдыр бир мелдештерге чыгуу алдында төшөк маселесин токтото турушат. Мунун да себеби бар. Спортчулардын мелдеш астында секстен убактылуу баш тартуусу күч-кубатын ашыкча сарптап коюудан сактайт. Эгер сен секстен өзүңдү чектей алсаң, бир нече убакытка күчтүү, чыгаан аскерге айланасың” деп боксчу Мухаммед Али айтып кеткен сөз спортчулар арасында көп кайталанган фразага айланган. Мухаммед Али таймаштардагы өзүнүн агрессивдүүлүгүн да секстен убактылуу баш тартуу менен байланыштырат. Ошондой эле ал спортто агрессивдүүлүк болбосо, жеңиштин жытын да жыттабайсың” дейт. 1970-жылдары немис окумуштуулары секс менен алек болгон спортчунун күчү 20 пайызга басаңдай турганын изилдеп чыгышкан. Ошондой эле төшөк кумары эркектин организминдеги цинктин бир күндүк ченемин жок кылат. Ал эми организмде цинктин азайышы бат чарчоого алып келет.

СЕМИРҮҮДӨН САКТАЙТ
Кабыргасы саналып, күзгүнүн астында өзүнүн арыктыгына нааразы болгондор үчүн секстен убактылуу баш тартуу пайдалуу деп айтылат. Себеби бир жолку кумар алууда мырза 200-250 грамм салмак жоготот. Эгерде кичине толоюн деп чечим чыгарсаңыз, анда секстен баш тартуунун пайдасы тиет.

ДАРЫЛАНУУДА БАТ АЙЫКТЫРАТ
Медицинада ар кандай ооруларды айыктыруу үчүн дарыгерлер тарабынан секстен убактылуу баш тартуу сунушталат. Себеби дары-дармектерди алып жаткан адамдын кармануусу туура. Мындай учурда секстен баш тартуу оорулуунун бат айыгып кетүүсүнө шарт түзүп берет.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Elit
2010-08-31 20:50:48
менин жыныстык трубкаларымда сперма тозоидтер катып калган окшойт кийинки жашоомо тасир этпейби жашым 20да.менин сайтым..@mail.nunike89.
0
bishkek.kg
2015-05-27 18:29:52
саламатсызбы? Мен атым Султан 23 жаштамын.Мен коп убакыт жыныстык жактан кошулбагам,токтоткон болчумун.Азыркы учурда кошулуп корсом бел суусу тез тушуп калып жатат.Ошого жакында уйлонмокчумун зыяны жокпу,бул теманы окуп алып коркуп кеттим.Ошого эмне кылсам болот?? sfera.santyago@mail.ru
0
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан