Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Кыргызстандын 2020-жылда өтө турган чемпиондугуна катышат. Турнир келе жаткан жылдын январь айында Кыргызстандын ичинде өтөт. Курамага тандап алууга кирген спортчулар эл аралык жана башка лицензиялуу турнирлерге катышуу укугун алышат.
Акжол Махмудов 2019-жылдын башында окуу-машыгуу жыйындарынын алкагындагы машыгууда тизесинен жаракат алып, ага Германияда операция жасалган.
19 жаштагы Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө жана Азия чемпиону, жаштар арасындагы Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун күмүш жана коло медалынын ээси, чоңдор арасындагы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси.
Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg