СУПЕР ТАНДОО 2019. СЫЙЛЫКТАР ӨЗ ЭЭСИН ТАПТЫ

"Жылдын суперлери" аныкталды! 14-декабрь күнү Бишкектеги “Бишкек парк” соода борборунда “Супер-Инфо” гезити, Super.kg порталы жана Super TV интернет каналынын тандоосу менен жылдын мыктыларын сыйлоо аземи болуп өттү. Элдин эң көп добушуна ээ болуп, көпчүлүктүн арасынан алдыга озуп чыккандар «Супердин» статуэткасы, дипломдору менен сыйланышты. Добуш берүү Super.kg порталында 24-октябрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлгөн.

Келген коноктор Кызыл килемден өтүштү.

Концерт жаңы жылдык ырлардан куралган попурри менен башталды. Кенже Дүйшеева “Жаңы жылды тосолу”, “Музаман” тобу жана Толгонай Арзыкеева “Happy New Year”, Ильяз Андаш менен Курал Чокоев “Новогодняя” ырларын аткарышып, концертти ачып беришти.

Алпаруучулар Нурзат Токтосунова, Чыңгыз Мырзаев, режиссёр Бакыт Осмонканов жана актёр Жеңиш Майрамбек уулу тамаша аралаш куйкум сөздөр менен кечени мыкты деңгээлде өткөрүштү.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ДЕБЮТУ” – АЙЗАДА ЖАМГЫРЧИЕВА

Айзада Жамгырчиева: – Мен талапкер болгонума эле сүйүнгөм. Статуэтка менен дипломду колума алганга чейин жеңүүчү болгонума ишенген жокмун. Асмандын жетинчи кабатында учуп жүргөндөй кубанып жатам.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ДУЭТИ” –ТАЛАНТ 60'К & АЙЯ САДЫРОВА, "СҮЙҮҮ БАЛЫ"

Наамды "Сүйүү балы" ыры менен Талант 60'К жана Айя Садырова илип кетишти.

Талант 60'К: – Эрлан Андашев менен Ирина Шотт жеңет деп ойлогом. Биз утканыбызды укканда бетиме кан жүгүрө баштады.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ” – "ЖАНЫМ", ЭРЛАН АНДАШЕВ & ИРИНА ШОТТ

Элдин эң көп добушуна Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун “Жаным” ыры ээ болду. Бул эки ырчы тең учурда чет өлкөдө жашап жаткандыгына байланыштуу сыйлыкты алардын жакындары келип алып кетишти.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР РЕМЕЙКИ” – "ЫРДАЛЫП БҮТПӨЙТ МАХАБАТ", НУРЛАН НАСИП & АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА

“Ырдалып бүтпөйт махабат” ырын жаңылап ырдап чыккан жеңүүчүлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Эл артисти Каныкей Эралиеванын колунан алышты.

Асел Кадырбекова: – Ар бир ийгиликтин башында эмгек турат. Эмгегибизди баалагандарга ыраазычылык билдиребиз. Бул наам бизге стимул болот.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ” –"ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА", ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ

Гүлжигит Калыков аткарып жүргөн “Эне жөнүндө баллада” ырына тартылган клип мыкты деп табылды.

Гүлжигит Калыков: – “Супер-Инфо” гезитинен бул наамды экинчи жолу алып жатам. Биринчи жолу “Кайрылбаймын” ырына тартылган клибим алган. Кубанычтамын.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР САУНДТРЕГИ” – "БИР ӨЗҮҢ", МИРБЕК АТАБЕКОВ

Саундтректердин таймашында “Апамды издеп-2” тасмасынын саундтреги “Бир өзүң” алдыга чыкты. Анын аткаруучусу Мирбек Атабеков чет өлкөдө болгондуктан сыйлыкты ырчынын жардамчысына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова тапшырды.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ” – АЛЬБИНА ИМАШОВА,"ТАКЕБАЙ"

Добуш берүүгө катышкандар бул наамды экинчи ирет Альбина Имашовага ыраа көрүштү. Актриса Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаевдин колунан сыйлыгын алды.

Альбина Имашова: – Ушунчалык толкунданып жатам. Эки жыл катары менен "Супер актриса" болуу мен үчүн чоң сыймык.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТЁРУ” –АСКАТ СУЛАЙМАНОВ,"ТАКЕБАЙ"

Актёрлордун арасынан "Такебай" тасмасындагы ролу үчүн Аскат Сулайманов мыкты деген баага татыды. Сулаймановго сыйлык тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова келди. Актёр аземге келе албагандыгына байланыштуу сыйлыгы тасманын режиссёру Бакыт Осмонкановго ыйгарылды.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ТАСМАСЫ” – "ТАКЕБАЙ"

Бакыт Осмонканов режиссёрлук кылган “Такебай” элдин мыкты баасына арзыды.

Бакыт Осмонканов: – Башка тасмалар да мыкты. Буйрук экен, биз жеңдик.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР БАЛБАНЫ” – АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиону добуш берүүдө чоң айырмачылык менен алдыга озуп чыкты. Балбан кыз учурда олимпиадага даярданып Бишкекте эмес болгондуктан сыйлык алууга келе алган жок. Тыныбекованын сыйлыгын Күрөш федерациясынын вице-президенти Канатбек Бегалиев алды.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР КӨК БӨРҮЧҮСҮ” – МАНАС НИЯЗОВ,"ДОСТУК"

Атаандаштарын бир кыйла артка таштап “Достук” командасынын улакчысы Манас Ниязов супер аталды.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ФУТБОЛЧУСУ” – ГҮЛЖИГИТ АЛЫКУЛОВ

Футболчулардын мыктысы улуттук курамдын оюнчусу, маркум куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Гүлжигит Алыкулов болду. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов тапшырды.

Гүлжигит Алыкулов: – Мындай сыйлыкты биринчи жолу алып толкунданып жатам. Наамды атамдын арбагына арнайм.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ” – САМАРА КАРИМОВА

Бул жылы Ташкентте, Кремлде концерт берүүгө жетишкен Самара Каримованы добуш берүүчүлөр биринчиликке чыгарышты.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ” – ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ

Ырчы мырзалардын арасынан Гүлжигит Сатыбеков алдыга чыкты.

Гүлжигит Сатыбеков:
– Аябай кубанып, толкунданып турам. Бул жеңиш меники эмес, күйөрмандардыкы.

“ЗАМАНЫБЫЗДЫН СУПЕР ЫРЧЫСЫ” – НУРЛАН НАСИП

4 ирет “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамына ээ болгон Нурлан Насипке "Заманыбыздын супер ырчысы" наамы ыйгарылды.
Нурлан Насип: – "Супер ырчы мырза" наамында добушум аз болуп калганда, утулуп көрбөгөн жаным бир аз жаман болдум. Көрсө, андан чоң наамга ээ болуптурмун. Мени колдогондорго, "Супер-Инфо" гезитине, SUPER.KG порталына жана SUPER TV интернет каналына ыраазычылык билдирем.

СЮРПРИЗ НААМДАР

“Супер-Инфо”, Super.kg, Super TV’нын чечими менен ырчы Съездбек Искеналиевге “Жылдын сахна адамы”, “Музаман” тобуна "Жылдын супер тобу" наамы, ырчы Айымга "Жаш талант" диплому тапшырылды.

2019-ЖЫЛДЫН СУПЕРЛЕРИ

“Жылдын супер дебюту” Айзада Жамгырчиева

“Жылдын супер ыры” “Жаным” (Эрлан Андашев, Ирина Шотт)

“Жылдын супер дуэти” – Талант 60'К менен Айя Садырова (“Сүйүү балы”)

“Жылдын супер ремейки” “Ырдалып бүтпөйт махабат” (Нурлан Насип, Асел Кадырбекова)

“Жылдын супер клиби” “Эне жөнүндө баллада” (Гүлжигит Калыков)

“Жылдын супер саундтреги” “Бир өзүң” (Мирбек Атабеков)

“Жылдын супер актрисасы” Альбина Имашова (“Такебай”)

“Жылдын супер актёру” Аскат Сулайманов (“Такебай”)

“Жылдын супер тасмасы” “Такебай” (режиссёру Бакыт Осмонканов)

“Жылдын супер балбаны” Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү)

“Жылдын супер көк бөрүчүсү” Манас Ниязов (“Достук” командасы)

“Жылдын супер футболчусу” – Гүлжигит Алыкулов

“Жылдын супер ырчы айымы” Самара Каримова

“Жылдын супер ырчы мырзасы” Гүлжигит Сатыбеков

“Заманыбыздын супер ырчысы” Нурлан Насип

Сюрприз сыйлыктар:

“Жылдын сахна адамы” Съездбек Искеналиев

“Жылдын супер тобу” “Музаман” тобу

“Жаш талант” диплому Айым

"Супер тандоо-2019" сыйлык тапшыруу аземин өткөрүүгө көмөктөшкөн башкы өнөктөшүбүз "Бишкек парк" соода борборуна ыраазычылык билдиребиз.

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров, Адиль Рашидов
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер тандоо-2019": Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Манас Ниязов... Жылдын суперлери аныкталды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Dembele84
2019-12-23 09:46:30
Айсулуу менен Манас 100% точно утту окшойт сыйлыкты
+3
Amina.90
2019-12-23 16:41:31
Гулжигит Алыкулов атасына тен уул экен
0
karona12
2019-12-24 17:29:51
Супер инфо азаматсынар алга ишинерге ийгилик,элди алдабай добуш кандай берилсе ошондой болду.Ктрк муз каналы каратып туркп алдады,Нурлан,Кыз Сайкалдар алдыда келатып эле 2саатта озгортуп коюшту добуштарды,элдин акчасын жегенден уялбагандарга бир микрофон сунсанар жакшы болот эле.
+1
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан