Бишкекте 17-декабрда саясий партиялардын форуму өттү. Жыйынга “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар” өңдүү партиялардын лидерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, келерки парламенттик шайлоо талкууланды.
Саясатчы Адахан Мадумаров алдыдагы шайлоодо эң башкы маселе – жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укугун мамлекеттин камсыздап бериши экенин айтты. “Биз эмне каалап жатканыбызды так аныктап алышыбыз керек. Биринчиси, жарандардын конституциялык укугун талап кылуу. Экинчиси – биз, жарандар, өзүбүз ал укукту пайдаланууну каалайбызбы? Ушуну тактап алышыбыз керек”,- деди ал.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев таза шайлоо өткөндө гана элде бийликке ишеним болорун, БШКнын чечими чыкканы менен эл шайлоонун таза өткөнүнө ишенбесе алдыга жылыш болбой турганын айтып, шайлоодогу босого чекти 3 пайызга чейин түшүрүү зарылдыгын билдирди.
Өлкөдө партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин 9 пайыздан 3 пайызга чейин түшүрүү талабы айтылып келет. Депутаттар босоголук чекти 7ден 9 пайызга көтөргөн мыйзамды 2017-жылы кабыл алган эле. Аталган мыйзамга ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg