САЯСАТЧЫЛАР КИЙИМИНЕ САРЕСЕП САЛЫШПАЙБЫ?

Кыргызстан 7-апрелден кийин дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонун экинчи ирет ээлеп, анда биздин аттуу-баштуу саясатчылар негизги каарманга айланышты. Биз бул жолу алардын аткарып жаткан ишине эмес, кийген кийимине көңүл буралы дедик. Албетте, өзүбүз эмес, атайын адистин жардамы менен.

“КИЙИМГЕ ДА МААНИ БЕРИШСЕ...”

Жогорудагы саясатчылардын кийимине саресеп салган адис Гуля Алмамбетова айрым саясатчылардын кийимин көзөмөлдөө менен алектенет. Ал өзүнүн тажрыйбасынан улам төмөнкүдөй кеңеш берет:

  • Эгерде сызыкчалары бар костюм кийсе, анда ага кыйшык сызыкчалуу, же чакмак сүрөттүү галстук тагынуу керек.
  • Сызыкчалуу костюм мода болгону менен, ал баарына жараша бербейт.
  • Эгерде көйнөк чоң болсо, отурганда галстуктун байлоосу бошой баштайт.
  • Саясатчылар шайлоо алдында түрдүү үгүт иштерине катыша башташат. Алар көбүнчө ЖОЖдорго барышат эмеспи. Эгерде чет тилдер, юридикалык факультетинин студенттерине барса, анда костюм-шым, экологияда окугандардын алдына барса, анда чочулабай эле жынсы шым кийип алгандары оң. Жыйылган топтун мүнөзүнө жараша кийингени туура демекчимин.
  • Тышкы көрүнүшкө көңүл бөлгөн өтө маанилүү. Буга акчаны үнөмдөө туура эмес. Мисалы, 30-50 миң доллар турган машинадан түшүп келе жаткан саясатчынын "Дордойдон" кийинип алганын элестетиңиз. Алар көйнөктү сатып алуу да өзүнчө чоң жумуш экенин билиши керек. Эл көзүндөгү адамдар кийимге олуттуу маани бербегени туура эмес. Ошондуктан ишинен сырткары алар тышкы көрүнүшүнө да көңүл бөлүп, тиешелүү адистерден кеңеш алып турушса дейм.

(Уландысы кийинки сандарда)

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
TolonturCN
2010-08-28 19:43:00
Азаттыкта бир күнү сүйлөп жатат эле кайсыл бир саясатчы өз киймин да оңдоп кийгенди билбейт деп, адам баласы негизи көп жактылуу болуу керек, сырты да ичи да сулуу болуу керек.
0
ABC
2010-09-02 16:45:17
Тоже мне критик. Оппозиция тараптагы политиктердин кийимин сындап,критерийлерди коюптур дагы, Роза Отунбаеваны опкосу узулгончо мактаптыр. Ал айымча эми "президент" болуп калды да ээ? Кошомат кылып, Англиянын ханышасына тенеп комплимент айтпаса мамлекеттен куумак беле Г.Алмамбетованы (стилист)? Айтпайбы "Р.Отунбаева жемчуг менен алтын жасалгаларды аралаштырып тагынып алыптыр, модага туура келбейт" деп. Кыжырыны гана келтирет да отуруп алып, озунун кийимине жакшылап караса болмок. Мне тошно ):-(
0
ABC
2010-09-02 16:47:50
Текебаев красава, кийими жакты. Озуно жакшы жарашып турат, не важно кок жемпирби, жылтыраган костюмбу. Дит менен тандалган.
0
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан