12-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалып, 2 суткадан соң Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.
Саясатчы быйыл 7-8-августтагы Кой-Таш окуясынан улам “барымтага алуу”, “массалык баш аламандыкты уюштуруу”, “бийликти күч менен тартып алууга аракет жасоо” беренелери боюнча айыпталууда.
Өзүнүн кармалышы боюнча Равшан Жээнбеков буларды айтты: “Бул саясий куугунтук. Адилетсиздик, эркин медиага басым жасоо, саясий оппоненттерге басым жасоо менен Кыргызстандагы көйгөйлөр чечилбейт. Мени “бирөөлөр айтты” деген негиз менен эле камап жатышат”.
Коомчулукта Равшан Жээнбековду камактан бошотуу талаптары айтылып, андан кылмышкер издөө бийликтин катасы экени эскертилип жатат. Кой-Таш окуясында анын эч кандай мыйзамсыз чакырыктарды айтпаганы, тескерисинче, жаалданган элден колго түшкөн атайын кызматтын аскерлерин калкалап, алардын “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилишине аракет кылганы, окуяда ортомчулук милдетти аткарганы айтылып жатат.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg