ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАГЫНДА УРАН КАЗУУГА ТЫЮУ САЛГАН МЫЙЗАМГА КОЛ КОЙДУ

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда уран, торий кендерине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 31-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо укуктарын, радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамга ылайык, мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн аймагына уран жана торий камтылган чийки заттарды алып кирүүгө жол берилбейт.

Эскерте кетсек, буга чейин "Кыргыз жериндеги Кызыл-Омпол тоосунан уран казыла баштады" деген маалымат тарап, коомчулук мындай ишке каршылык билдирип, нааразычылык акциялары, өлкө аймагынан уран казылбасын деген талап менен Ак үйдүн алдында митингдер да өткөн.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан