Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Бишкекте коррупцияга каршы өткөрүлгөн митинг, иниси Райымбек Матраимовдун аты аталган соңку окуялар тууралуу билдирүү жасады. Депутат Кыргызстанда сөз эркиндигин бетке тутуп адамды каралоо күчөдү деген ойдо.
– Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишенип ала турган деңгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты. “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгын күтпөй эле саясий кызыкчылыгы бар топтор улам арты-артынан акцияларды уюштуруп, инимдин сүрөтүн жасалмалап, шылдыңдап көтөрүп алып чагымчылдык пикирлерди жайылтуу менен алек. Биздин дарегибизге жасалып жаткан каралоо чындыкка дал келбесин убагы келгенде, териштирүүлөр аяктаганда далилдеп беребиз. Бет тырмачылыктарга, жалган жалааларга дагы жообубуз бар, аны убакыт, мезгил ордуна коёт,- дейт депутат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg