Райымбек Матраимов 3 ЖМКны сотко бергени маалым болгон соң АКШнын Өкүлчүлүк палатасынын эл аралык иштер боюнча комитети бул ишти сындап, "сөз эркиндигине чабуул" деп жарыялады. Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги АКШ тараптын билдирүүсүн “бул эгемендүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү жана эгемендүү өлкөнүн сот бийлигине басым жасоо аракети” деп атады.
Мурунку бийликтин тушунда да АКШга карата “Кыргыздын ички ишине кийлигишти” деген сын айтылып, Кыргыз өкмөтү АКШ менен кызматташууну бир тараптуу токтоткон. Ал окуя 2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында орун алган каргашалуу коогалаңдагы иштерге, адам өлүмүнө айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго АКШ тарабынан сыйлык берилгенинде орун алган. АКШ тараптын бул ишараты Кыргызда катуу сынга кабылган. Тышкы иштер министрлиги мындай кайрылуу жарыялоо менен өлкөгө сырттан кийлигишүү аракети дале күчүндө экендигин моюндады.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg