АРМАН

Кыргыз киносунун күй­өр­­мандары, сүйүнчү! “Таалай элеси” студиясы тарабынан жаңы тасма тартылды. Бирок, аты айтып тургандай, армандуу окуяларды чагылдырган фильм учурунда кубаныч, күлкү жөнүндө ойлоно албайсыз. Ошондуктан, бир гана эскертүү: 25-апрелде Россия кинотеатрында “Армандын” бет ачарына ба­ра турган болсоңуз, чөнтөгүң­үз­гө сөзсүз жүзаарчы салып алыңыз. Анткени, 100 мүнөткө созулган бул тасманын 90 мүнөтүн көзү­ңүздөн жаш төгүлүп жатып көрөсүз.

Режиссёру – Канат Касенов
Сценарийин жазган – Жамалбек Эшалиев
Продюсер – Жамалбек Эшалиев
Ролдордо: Жылдызбек уулу Камбараалы, Жалал кызы Сабина, Жамалбек Эшалиев, Алымкул Исаков, Насият Шамшиева, Кайыргүл Жуманова, Эмил Кенжекулов ж.б.

Армандуу окуя

Фильмдин башкы каармандары – эки бир тууган. Бир жарым жашар Арман менен үч жашар Али. Тасма башталаар замат каргашалуу окуя сүрөттөлөт. Күндөр­дүн биринде наристелердин ата-энеси шаардагы теңтуштарына мейман болуп, машина менен кайтып келатышкан эле. Мас абалында атасы уктап кетип, жолдон четтеп, катуу кырсыкка учурашат. Эки ымыркай дүйнөдө жалгыз калгандарын сезишип, көздөрү ачуу жашка толуп, ата-энесин жоктошот. Турмуштун башка салган кырсыгы менен келише албай кыйналган чоң энеси да 40 күн өтпөй кенедей экөөнүн колунда көз жумат. Тилдери чыга элек тоголок жетим калган балдар энесин жоготкон эгиз козудай ыйлап кала беришет. Атасынын досу балдарды өзү багып алаарына көзү жетпеген соң аларды балдар үйүнө тап­шырууну чечет. Бирок, турмуштун сыноосу балдар үчүн тү­гөнө элек. Ата-энесинен, чоң энесинен ажырап калгандары аз келгенсип, таш боор турмуш экөө­нү да эки жакка бөлүп таштайт. Арманды балдар үйүндө иштеген тарбиячы, ал эми Алини 7 жылдан бери балага зар болуп жүргөн прокурор аялы менен бапестеп багып алышат. Ошентип, кичинесинде бир мүнөткө да ажырашпаган бир туугандар бири-бирин таанып билбей чоңоюп жетилүүгө аргасыз болушат. Арадан бир топ жыл өтөт. Армандын бакма энеси алдан тайып ооруп калат да, ага операция жасоого туура келет. Өлөөрүн сезген энеси операция бөлмөсүнө кирээрден мурун уулуна чындыкты айтууну туура көрөт. Ошол эле учурда башка жакта жашаган Али да жалгыз эмес экенин капысынан билип калат. Ошен­тип, эки бир­ тууган чындыкты уккандан кийин бири-бирин издеп табууга шашылышат. Фильм Арман менен Алинин маркум ата-энесинин мүр­зө­­сүндө кезде­-
шүү­сү менен аяктайт.

Фильмди тартуу

Мыкты режиссёрдун, 30 адамдан турган тартуучу топтун талыкпас эмгеги менен көр­көм­дөлүп, мелодрама жанрында көрүү­чүгө жеткирилген тасмадагы эң чоң өзгөчөлүк бар. Андагы ар бир эпизод турмуштан алынган чыныгы окуялардын негизинде тартылган.
Экинчи өзгөчөлүк деп фильмдин кыска гана мөөнөттө тартылышын айтсак болот. “Арман” кыргыз киносунун тарыхында эң тез тартылган фильм. Съёмкалар үстүбүздөгү жылдын 31-январында башталган экен. Ошко, Чаткалга барып 12 (!) күндүн ичинде тасманы тартып бүтүрүүгө үлгүрүшкөн. Даяр материалды монтаждап, үндөрүн коштогондон кийин 2-март күнү “Арман” фильми Ош шаарынын тургундарына тартууланган.
Кинону тартуу учурунда актёрлордун эмгеги зор болгон. Мисалы, фильмдеги жүрөк­тү өйүткөн кошок ыры көрүүчүнүн кулагында көпкө чейин жаңырып кала турган нерсе. Кошок кошкон Насыят Шамшиева үн жазуу учурунда катуу берилип кеткен экен, кийин өзүнө келүүгө бир топ убакыт талап кылынган.
Дагы бир эң кыйын учурлардын бири – Армандын апасынын мүр­зө­сүндө ыйлаганы. Актёр Жамалбек Эшалиев: “Бирөө­нүн мүрзө­сүн кучактап ыйлай албайм, өз апамдын жаткан жерине барышым керек” деп түшүн­дүргөн. Актёрдун сунушу боюнча, мүрзөнүн 3 бурчуна 3 камера орнотулган да, режиссёр баш болгон тартуучу топ актёрду жалгыз калтырып кетишкен. Бир нече мүнөт өз апасынын жанында ыйлап алган Жамалбек Армандын образын ушинтип ачып берген экен.

Кызыктуу...

  • Кинонун башталышында топурак бетине жазылган “АРМАН” деген сөз от болуп жалындап күйөт эмеспи. Ошол 5 тамганы күйгүзүү үчүн 55 литр бензин сарпталган экен.
  • Фильмдеги кээ бир эпизоддор Ош шаарындагы “Алтын уя” балдар үйүндө тартылган. Ал жерде ойноп жаткан топ бала – чыныгы жетимдер. Съёмка учурунда ошол жетимдердин бирөөсү кинонун продюсерине чуркап келип, өзүн багып алуусун өтүнгөн.
  • Тасмадан түшкөн акча кайрымдуулук чараларга да жумшалат. Ош жана Баткенде коюлганда түшкөн кирешенин бардыгы ал жерлердеги балдар үйүнө бө­лүнүп берилген.
  • Фильм үчүн саундтрек катары жазылган “Апакем” аттуу ырдын автору Жамалбек Эшалиев, аткаруучусу ырчы Топчубай Айтмаматов экенин айта кетели.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
asmat6
2014-10-23 22:45:45
мен суйгон кино
0
new_hacker
2016-06-11 18:37:20
кайгылуу кино
0
№ 233, 20-26-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан