АЗАТ БОЛОТБЕК КРУИЗДИК КЕМЕДЕ ҮЛПӨТ ТОЮН ӨТКӨРДҮ

"Жыргалым”, “Мир любви”, “Просто друзья” жана башка бир топ чыгармалары менен таанылган ырчы Азат Болотбек үйлөндү. Коёндой окшош үйлөнүү тойлордун жаштарга эч кандай пайдасы жоктугун, анын баары жөн эле убаракерчилик менен ысырапкорчулук экендигин айткан ырчы жаштарга “эл эмне дейт?” дебей өзүңөр үчүн үйлөнгүлө!” деген чакырык таштады. Чет өлкөдө круиздик кемеде, эң жакын адамдары менен гана үлпөт тоюн өткөрүп, бал айында жүргөн ырчы менен байланыштык.

– Акыркы кезде үлпөт тойлордун баары эле бир шаблонго түшүп калды. Үйлөнүп жаткан жаштар кийин ал күндү кубануу менен эмес, керек болсо коркунучтуу түш катары эстегендерин айтып калышат. Анан да ал күнгө даярдануу түйшүгү, кредиттер бар. Мунун баарынын жаштарга эмне кереги бар эле? Мен мындай шаблондогу тойду каалаган жокмун, эң жакшысы, алган жарым дагы ушундай ойдо экен. Бул оюбузду ата-энелерибизге айтканыбызда алар да колдошту. Апам “анда үлпөт тоюңарды круиздик кемеде өткөрөлү” деген идеясын айтты. Бул идеяны ишке ашырып апаларыбызды, чоң энебизди жана өкүл ата, өкүл апабызды алып жөнөп кеттик. Албетте, буга чейин кыргыздын бардык салт санаасын аткарып, никебизди кыйдырып, туугандарыбыздын батасын алдык. Жубайым Наргиза Умаржан учурда 24 жашта. Кара-Көлдүн кызы. Экөөбүз 5 ай кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш коштук,- дейт ырчы.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
AykaMer
2019-12-23 11:54:08
Туура,ашыкча ысырапкордун кереги жок негизи,... Чакан той болсо болду да
+3
ainura220888
2019-12-24 01:55:37
Соонун. Молодцы бактылуу болгула. Бир кафеде кайнап ага кеткен чыгымды олоюн деп тологондон коро эл жер коруп соонун болуп ойноп чет олкону коруп келгенге не жетсин
+1
Baktyluumun98
2019-12-25 02:26:02
Бул дагы ырчыбы? Тааныбайт экенмин. Кайсыл учурда ырчы болуп чыга калышкан? Мен аябай эле артта калганмынбы же ырчылар тездик менен кобойуп атабы. Тааныганга жетишпей атам. Кокуууууй.
0
Aman_Mansurov
2019-12-25 11:37:41
Baktyluumun98,Бул ырдап жүргөндө сиз кичинекей болсоңуз керек, эгер тааныбасаныз.
0
Han1111
2019-12-25 15:10:58
Baktyluumun98,98 дер билбейт да)
0
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан