Жаш ырчы Темир Дамирбеков чыгармачыл чөйрөдө продюсери Лютфилла Бусурманкул уулу менен биргеликте бир топ ийгиликтерди багындырып келет. Жыл аяктап көптөгөн ЖМКлар жыл жыйынтыгын чыгарып жаткан маалда “Жүрөгүңдү ач, ач” деген чыгармасы “ХХI кылымдын жылдыздары” теледолбоорунда “Жылдын хит ыры” деп табылды. Ошондой эле “Жылдын дебюту” наамына татыктуу деңгээлде ат салышканы сөз кылууга арзыйт. Темир бир нече жергиликтүү телеканалдардын “Көгүлтүр от” телеберүүлөрүндө телеалпаруучулук өнөрүн да сынап жатат. Таланттуу ырчыны “Пирамида” телеканалы да дем алыш күндөрү “Таңкы тамаша” долбооруна алпаруучулукка чакырды.