2020-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ БОЮНЧА 2020-ЖЫЛ 25-ЯНВАРДА БАШТАЛАТ

Кытай календары боюнча, Ак металл Чычкан 25-январда өз өкүмүнө кирет жана “башкаруусун” 2021-жылдын 11-февралында аяктайт. 2020-жылда 366 күн болот, анткени февраль айы 29 күндүк болот.

2020-жылдын стихиясы – металл. Металл – күрөш, күч, бекемдик, чыдамдуулук жана чечкиндүүлүктү билдирет. Ак өң – тазалык, акылмандык, адилеттүүлүк, чынчылдык жана идеалдуулуктун белгиси. Чычкан болсо мыкты тактик жана стратег, акылдуу, куу, ички туюму күчтүү, кайраттуу жана саткынчылыкты кечирбей турган жаныбар. Андыктан 2020-жылы адамдар аталган талаптарга ыңгайлашуулары керек. Адилеттүүлүк үчүн күрөшүүчүлөр, курчап турган чөйрөнү коргоочулар, тынбай мээнеттенгендер ийгиликке көп жетишишет. Байыгысы жана коомдо аброй тапкысы келгендер мыкты тактиканы колдонуулары зарыл. Чычкан дайыма энергияга толо болгондуктан бир эле кезде бир нече ишти бүтүрүүнү да талап кылат. Иште өзүмчүлдүккө чекит коюу керек. Максатка алдамчылык жол менен жеткендерди жолу болбостук жана көңүл калуучулук күтөт.

Бул жылы күтүлбөгөн окуялар болуп өтөт, андыктан бардык нерсеге даяр туруу кажет. Негизинен бул жыл үй-бүлө курууга, балалуу болууга эң ыңгайлуу жыл.

Чычкан баалуу нерселерди уясына ташыйт, бирок ашыкча буюмдардын болуусуна жол бербейт. Андыктан Жаңы жыл алдында үйдү тазалап, ашыкчалардан арылуу оң.

Жылдын өңү – көгүш боз, ак, кара.

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕЛЕР БОЛУП ӨТӨТ?

Орусиялык астролог Павел Глобанын божомолу

2020-жылдын 21-декабрында Суу куяр белгисинин астында Юпитер менен Сатурн планетасы тогошот. Тогошуу эң кыска күн жана эң узун түн (солнцестояние) датасына туура келет.

21-декабрь – Кудайлардын, падышалардын жана баатырлардын убагы делинет. Андыктан саясий аренада өлкөнү бириктире турган күчтүү инсан пайда болушу болжолдонот.

Юпитер менен Сатурн планетасынын тогошуусу 20 жылда бир келип, жогоруда айткандай, саясаттагы өзгөрүүлөр менен коштолот. Орусияда бийлик алмашышы мүмкүн. Бийликке келген адам өлкөдө көп нерселерди өзгөртүүгө аракеттенет. Мамлекеттин ички саясаты өзгөрөт. Оор мезгил башталып, ал 4 жылга созулат. Анан гана жакшы тилке башталат. Орусиядагы өзгөрүүлөрдүн таасири КМШдагы айрым өлкөлөргө да тийиши мүмкүн.

2020-жылы адамдарда кыжырдануу, даңкты сүйүүчүлүк, ач көздүк сапаттар өсөт, бул чыр-чатактарга жеткириши мүмкүн. Саясатта интригалар көп болот.

Юпитер менен Сатурн планетасы тогошкон жылдардагы саясаттагы өзгөрүүлөргө келсек, 2000-жылы Орусияда Владимир Путин, АКШда Жорж Буш (кичүүсү) президент болуп шайланган. Эми 2020-жылы Дональд Трамп тактан кетип, башкасы келиши мүмкүн. Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрына белгиленген.

Эл аралык аренада күтүлүп жаткан божомолдор

Украина туруктуулукка акырындап кадам коёт. Ички, тышкы миграция, митингдер көп болот.

Германияда экономикалык маселе оорлоп, өлкөнүн Евробиримдикке таасири начарлайт.

Кытайда аймактык бөлүнүүлөр болушу мүмкүн. Бул митинг, каршылык көрсөтүүлөр менен коштолот.

Дүйнөдө согуш күтүлбөйт.

Болгариялык көзү ачык Ванганын божомолу

Картада жаңы өлкө пайда болот. Орусияда бийликке баарын өзгөртө турган адам келет.

Нострадамустун божомолу

Орусия, АКШ жана Жакынкы Чыгышты козгоп өтүүчү окуянын болушу күтүлүүдө. АКШнын президентине кол салуу болот.

КЫРГЫЗСТАНДЫ ЭМНЕЛЕР КҮТҮҮДӨ

(Астролог Жанар Кадыралиевдин божомолу)

“Бийликтегилердин көбү кызматтан кетет”

Астрология боюнча гороскоптун 12 үйү (асман сфераларынын Жердин айланасында суткалык айлануусу боюнча түзүлгөн) бар. Гороскоптун үйлөрү дүйнө, биз жана биздин ички дүйнөбүз менен болгон байланыш.

Чычкан жылына алардын үчөөнүн, башкача айтканда, биринчи, алтынчы жана онунчу үйдүн таасири тиет.

Биринчи үй. Бул үй өз ичине өлкө жана анын ички иштери, саясаттын башкы багыты, коомдук аң-сезим, партия, элдин жашоо шартка карата бийликке реакциясы, реформа, уюмдар, сот иштери сыяктууларды камтыйт.

Алтынчы үй. Бул үй ичине ден соолук, оору, жакындарга кам көрүү, тартип, кызмат, карьера, билим сыяктууларды камтыйт.

Онунчу үй. Бул үй аткаруучу бийликтин башчысы (премьер-министр), титул, өкмөт, партия, атактуу инсан, стратегия, продукция, маданият, коомчулук алдындагы жоопкерчилик сыяктууларды камтыйт.

Демек, жогоруда саналып өткөн нерселер 2020-жылы өзгөрүүлөр көп болорунан кабар берет. Өлкөнүн саясий багытын туура тандоо талабы чыгат. Саясий аренада мыкты инсандар пайда болот. Саясатта бири-бирине бут тосуу, алдоо, жагынуу аракеттери көп болот. Эл толкуп, митингдер өтөт. Бийликтегилердин коом алдындагы жоопкерчилиги өсөт. Анткени эл алардан көп нерсени өзгөртүүнү талап кылат. Чиновниктердин көбү жардамчыларынын, айланасындагылардын туура эмес кеңеши жана элдин талабынан улам кызмат ордуларынан кол жууйт. Улуттук баалуулуктарды баалоо өсөт.

2020-жылдагы эң кооптуу мезгилдер

• 1-январдан 24-январга чейинки убакыт (эң кооптуу күн 12-январь)

• 8-марттан 17-апрелге чейин (эң кооптуу күн 11-апрель)

• 24-июлдан 2-августка чейин (эң кооптуу күн 26-июль)

• 5-сентябрдан 3-октябрга чейин (эң кооптуу күн 19-сентябрь)

Коомдогу, саясаттагы, жеке жашоодогу кооптуу окуялар 2020-жылы жогоруда аталган мезгилдерде болуп өтөт.

2020-жылдагы эң жакшы мезгилдер

• 1-февралдан 27-февралга чейинки убакыт (эң ийгиликтүү күн 22-февраль)

• 14-марттан 28-мартка чейин (эң ийгиликтүү күн 20-март)

• 18-июлдан 7-августка чейин (эң ийгиликтүү күн 28-июль)

• 2-октябрдан 20-октябрга чейин (эң ийгиликтүү күн 12-октябрь)

Аталган мезгилдерде экономиканын өсүшү, кирешенин жана балдардын төрөлүүсүнүн көбөйүүсү, үй-бүлөдөгү ынтымактын артышы, долбоорлордун ишке ашышы, маданият жана искусстводогу жакшы жаңылыктардын болушу көп күтүлөт.

Эскертип кетчү нерсе, планеталардын жайгашуусуна карата эң кооптуу жана эң жакшы мезгилдер эриш-аркак, аралаш жүрө берет.

Кырсыктар

Жыл ичинде ири табигый кырсык күтүлбөйт. Майда жер титирөө 8-13-январь аралыгында болуп өтүшү мүмкүн. Ал эми автокырсыктар, бири-бирин алдоолор, оорулар жылдын эң кооптуу мезгилдеринде көп катталат. Андыктан бийиктикте иштөөдө, узак жол жүрүүдө, тоо-ташка чыкканда, келишим түзүүдө, акча алып-беришүүдө өтө сак жана так болуу кажет.

ЧЫЧКАН ЖЫЛЫНДА ЭМНЕЛЕР БОЛУП ӨТКӨН?

1900-жылы 8-сентябрда – АКШнын Техас штатынын Галвестон шаарында болуп өткөн катуу шамал болжол менен 12 000дей адамдын өмүрүн алган.

1912-жылы 15-апрелде – “Титаник” кемеси айсберг менен кагылышып, натыйжада 1496 адам каза болгон.

1948-жылы 6-октябрда – Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жана анын тегерегиндеги райондордо катуу жер титирөө болуп, болжол менен 110 миң адам каза болгон.

1960-жылы 22-майда – Чили өлкөсүндө күчү 9,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.
6 миңдей адам көз жумган.

1960-жылы 27-майда – Түркияда аскерий төңкөрүш болуп өткөн.

Канымжан Усупбекова koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
karyshkyr-booru
2019-12-24 08:54:11
Гороскопко ишенсе болобу, дегеле ушул гороскопко Ислам дини кандай карайт
0
karyshkyr-booru
2019-12-24 08:54:37
Аа
0
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан