Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЭКИ БАЛАЛУУ МАЙЫП ЭНЕ: “ТАГДЫР МЕНИ КҮЧТҮҮ БОЛУП ЖАШАГАНГА МАЖБУР КЫЛДЫ”

№894 19-25-декабрь, 2019-жыл


Адам канчалык тырышып жеңилбейм десе да тагдыр өз үстөмдүгүн кылат. Бирок адам аруу тилектердин жетеги менен жашай берет. “Ошол автокырсык болбогондо кесибим боюнча иштеп, балдарымды эч нерседен кем кылбай бакмакмын. Жолдошум, кайын журтум тууралуу сүйлөгүм келбейт” деген Аксана айым өз тагдырын баяндап берди.

“22 ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮМДҮ ООРУЛУУ АПАМА АРНАДЫМ

– Мен Бишкек шаарында туулуп-өскөм. Атам жаш кезимде каза болуп калган, апам экономист болуп иштечү. Мектепти аяктап И.Арабаев атындагы окуу жайда филология факультетинде окудум. Окуу жайды аяктап, дипломумду колума алып, эми эле жаш кадр катары кесибим менен иштейин деп жатканда апам катуу ооруп калды. Ал психикалык жактан жабыркап, 22 жыл оору менен алпурушту. Эне деген ыйык болот да, жумуштан чыгып, оорулуу апама кам көрүп көзү өткөнчө карадым. Апам оорусу кармаганда ызы-чуу салып кыйкырып, ыйлап, башы оогон тарапка басып кетчү.

Улуу балам төрөлгөндө апам бир аз жакшырып, небересине алаксып айыккансыган. Бирок акыркы жылдары төшөктө жатып калды. 2011-жылы 57 жашында көз жумду. Ошондо аябай чүнчүдүм. Бирок белимди бекем бууп, кайра жашоону улантуум керек деп бала бакчага жумушка кирдим. Кесибим боюнча мектепке кирсем болмок, бирок көп убакыт иштебей апамды карап жүрүп окутуу усулдарын унутуп калдым, мен окуп үйрөнгөн нерселер 22 жылда эскирди да деп бала бакчага тарбиячы болуп орноштум.

“КАЙЫР СУРАП КӨЧӨДӨ ОТУРУП КАЛДЫМ”

– Кырсык айттырбай келет экен эми гана элге аралашып иштеп баштаганда 2012-жылы автокырсыкка кабылдым. Унаасы менен сүзүп кеткен аял өзү ооруканага алып барды, доктурлар омурткамдын сынганын айтышты. Ал ичинен сынып, жүлүндү кысып аябай оорутуп 1 ай төшөктө жаттым. Анан баспай калбайын, кыймылдап жүрөйүн деп жөрмөлөп жүрүп, кийин басып кеттим. Бирок отурсам-турсам, жатсам тозоктун азабындай оорутат, 1 жыл түздөлүү үчүн корсет кийип жүрдүм. 1 жылдан кийин врачтар айыктың дегенинен аны чечтим. Эми айыгып кеттим окшойт деп жумуш издей баштадым. Тилекке каршы, белимдин ооруганы эч жерде иштетпей койду. Жеке менчик бала бакчалардын эшиктерин каккыладым, тамактануучу жайлардын, кеңселердин полун жууп болсо да иштейин дедим. Бир жерде бир күн иштеп, белим оорутканына чыдабай эртеси барып кечирим сурап ал жерден кетем. Ошентип жүрүп документтерди тууралап 3-топтогу майып деген тастыктама менен 1000 сомдон пенсия ала баштадым. Азыр мамлекеттен алган пенсиям 1951 сом. Бул каражатты эки баламдын тамак-ашы, кийим-кечеси, коммуналдык чыгымдар, кайсы бирине жеткиреримди билбейм. Ылайыктуу мен иштей алган жумуш жок, кайырчылык да кылдым. Көпкө отурууга болбойт, 1 саат отурсам чогулган акчам араң 100 сомдун тегереги болот. Эптеп белимдин ооруганына көз жумуп дагы бир саат отуруп коёюн деп 200-350 сом чогултам. Ошол акчага нан-сүт алып эптеп жеткирип жүрдүм. Кийин ошол 2 саат отурганым өчүн алып дагы ооруп калдым. Дарыгерлерге барсам бири “сиз жакшы эле экенсиз” деп коёт. “Операция кылып бергилечи” деп дагы башкасына жалындым. Анда “сиздики оор жаракат, сыныгы ичинен болгон үчүн бычак тийгизгенге болбойт. Операцияны көтөрө албайсыз, басып жүргөнүңүзгө сүйүнүңүз” деп коюшту.

“2 БАЛАМ ҮЧҮН ЖАШАП ЖҮРӨМ”

– Операция кылганга болбосо же дарылай алышпаса ушул азапка чыдаганча өлүп эле алсамчы деген ой келип, жанымды кыймакчы да болдум. Классташтарым келип “эмнеге балдарыңдын келечегин ойлобойсуң, бул убактылуу сыноо” деп урушканда уялдым. Кайрымдуулук фонддорунун бирине барсам алар карап көрүп “сиздин үйүңүз бар экен, жардам бере албайбыз” дешти. Макул деп чыгып кеттим. Кайрымдуулук азыр мода болуп кетпедиби. Чыныгы муктажы деле, дене-башы соосу деле жардам сурай берип эл, тескерисинче, кайдыгер болуп кеткен окшойт деп койдум.

Кыргызда Орозо айт, Курман айт деген улуу майрамдар бар эмеспи. Ошондой күндөрдө кошуналар айтабы билбейм, айрымдар күрүч-макарон, май, азык-түлүктөрдөн баштык даярдап таштап кетишет. Баламды 9-классты бүткөндөн кийин эле кесиптик лицейге киргизип койдум. Эртерээк бир кесиптин ээси болсо, иштеп акча таап бутка туруп бизди карайт деген үмүтүм бар. Быйыл 2-курс болду, эртең менен аны сабагына жөнөтөм, “калтырбай баргын, жакшы окугун” деп такай кулагына куям. Кызым 5 жарым жашта. Кийинки жылы, буюрса, мектепке барат. Кудайга миң мертебе ыраазымын, бар байлыгым, үмүтүм ушул эки чүрпөм, ушулар үчүн жашап жатам.

“6 МИЛЛИОНДОН БИР ДА КИШИ КАЙРЫЛГАН ЖОК, ЫЗА БОЛДУМ”

– Өткөндө 2 жума баса албай жатып калдым. Ошондо мейли эч жерде иштебейин, эч ким жардам бербесе койсун, болгону басып кетейинчи деп ыйлап Кудайдан сурандым. Үнүм Кудайга жетти окшойт, 3 күндөн кийин кыймылдап басып баштадым. Үлүлдөй болуп жылып отуруп ооруканага барсам врач “тез арада корсет кий, бүкүрөйүп сөөк кыйшайып баштаптыр” деп, дары жазып берди. Алар кымбат экен. Акча жок, корсетин да, дарыларын да толук ала алган жокмун.

Буюрса, кийинки жылы балам окуусун бүтөт, үй-бүлөнү ал каржылап, үйлөнсө келиндин колунан чай ичсем деген изги тилекти ээрчип жашап келе жатам. Кызым улам өпкүлөп, “ооруба, мен сени багам” деп бетимди сылаганда көзүмдөн жаш токтобой тамчылап кетет. Турмуш мени күчтүү болуп жашаганга үйрөтүп жатат. Небере жыттап, чоң апа, таене болгум келет (ыйлап).

Бир жолу мага бир кыз жолугуп калып, боору ооруп, видеого тартып кеткен. Ал интернетке таратты окшойт, бирок маалымат каражаттарына чыккан жок. Эл ошол видеодон муктаждыгымды көрсө, балким, кайрылар деп күткөм, бирок 6 миллион элден бир да киши кайрылган жок. Ошондо аябай ыза болуп ыйлагам.

Азыркы менин негизги максатым – тез арада дарыланып, эл катары басып кетүү, балдарымды буттарына тургузуу.


Каарманыбызга жардам берүүнү каалагандар 0558 210975 (Элсом) номери аркылуу байланышса болот.

Айпери Хожаева
koom@super.kg



Тагдыр. "Балдарымды багайын деп кайыр суроого аргасызмын"

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
23.12.2019. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
19-09-2020 12:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+1
интервьюну жазасынар да счет номерин эч нерсесин жазбайсынар.
23.12.2019. 15:22 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
915
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
16-07-2020 23:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
tokitok, саламатсызбы! Жардам берүүнү каалагандар 0558 21 09 75 (ЭлСом) номери аркылуу байланышса болот деп видеодо жазылган.
24.12.2019. 01:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
444
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
21-10-2020 04:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эже кечирип коюнго устунуздо уюнуз кийгенге кийиминиз мебелдериниз бар экен. Кашымы сиздикиндей еылып жасатканга 2000с ашына албай мен журом. Бишкекте ким коп студент коп квартира издеп жургон 2000с 2 студент уйунузго киргизсениз эле ошолор сизди багат. Менин апам сизчелик деле кийим кийбей жетинбей ооруп отту бирда жолу наалыган жок. Баланыз студент болсо кафеге официант болуп кирсин сабактан кийин менда ошентип окуп жургондо иштегем. Уйунуз бар экен самый главный
24.12.2019. 11:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
943
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
13-01-2020 19:01
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888,мени да кечирсин го бирок татуаж макияж кийим кече баары жайында экен и плюс үстүңүздө үйүңүз бар экен.Бели ооругандарга деле кыргыз элине доо арта берсе болбойт го.Мен деле ооруган жерлерим көп балдардын келечеги үчүн деп жанымды оозума тиштеп иштеп жүрөм.Жок эле дегенде швеяга кирсеңиз деле болот го.Катуу тийсе кечирим сурайм.
24.12.2019. 13:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
18-07-2019
Соӊку аракети:
26-09-2020 13:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЛЛАХ шыпаа берсин!
Ар турдуу болот да .ар нерсе деп акылдуу боло бербениле!!!
Колдон келгендер жардам берип койунуздар
24.12.2019. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
13-02-2018
Соӊку аракети:
11-05-2020 15:19
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эми кашы растушевка болсо,балким бироо жасап бергендир конулун которуп коеюн деп,мебелдери болсо мумкун мурда иштеп жатканда алынып калгандыр,уйу барлардын баарында эле,акчалары ашкан жок да,уйубуз болуп туруп, коммуналкага жеткире албай калган кундор коп болот бизде,айрыкча кыш мезгилинде.Кудай колдоосун Эжени.
25.12.2019. 00:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
22-10-2020 10:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+3
Тообо эптеп кийинсе шалтак экен тыныраак болбойбу дейсинер, эже тын учун ушундай кийинип журотда ишке жарабай калса дагы. Ден соолук берсин баланыз чонойуп жакшы кундорду насип кылсын.Колунардан келбесе жаман соз жазбай эле койгула ооруган адамга.Коралбастык,буттан тартмай жактан бешбизда. Прездентибизди,ырчыларды чыгарса олуп алабыз шыбап, ушактап. Озубузду ондойлучу биринчи очередь.
27.12.2019. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
30-10-2019
Соӊку аракети:
21-10-2020 15:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жардам бергинер келсе бергиле болбосо жон эле былжырап суйлобогуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24625;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: