КОЙ (21.03-20.04)
Чөйрөдөгүлөр сиздин суранычты аткарбайт, андыктан аларга мамилеңизди өзгөртүүгө туура келет. Үйдө сиздин жүрүм-турумуңуз агрессивдүү кабыл алынып, сын айтылат. Эрктен тыш бир иш-чарага катышууга туура келет. Акчанын түшүшү күтүлүүдө. Тааныштар менен жолугуп сырдашасыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Иш боюнча же романтикалуу жолугушууга кез келесиз. Талкууга калбоо үчүн көпчүлүк ичинде ойлонуп сүйлөө керек. Үйдө иштерди туура бөлүштүрбөсөңүз иштин көбү сизге тийип, чарчап, эс ала албай каласыз. Туугандар азык-түлүктөн кайрылышып, кубантат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сиздин түйшүктү тең бөлүшчү адам чыкпай, чуркап көп иштерди бүтүрөсүз. Ар ким менен кайым айтышуулар, кайра жарашуулар да болот. Үйдө кымбат буюмдарды ачык жерге койбоңуз. Анткени апта акырында үйүңүзгө сырттан келгендер көп болот. Көптөн бери жактырып жүргөн буюмуңузга жетесиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иште сыйлыкка татыйсыз. Үйдөгү маселени чечүү үчүн туугандардын кеңешине кайрылууңуз мүмкүн. Алыстагы таанышыңыз чогуу иштегенге чакырат же белек берип жиберет. Чакырган жерге барганыңызда сизге жакпаган адамдар болот, эрте кете бергениңиз оң.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жагымдуу мезгилге туш келесиз. Капчыгыңызды кампайтууга, бир иштерден пайда арттырууга аракет кылыңыз. Иште мактоолорду угасыз. Чала тааныштарга ишенбеңиз, алардын сунушуна макул болбоңуз. Балдардын көңүлүн ачууга, үйгө керектүүлөрдү алууга бир топ акча коротосуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакындарыңыздын бирин убактылуу багып-карооңуз мүмкүн. Жагдай сизди жашоого башкача көз менен кароого түртөт. Айрымдар бирге иштешкендердин биринин жактырып калганын сезишет. Акчаны туура колдонбосоңуз карызга батып каларыңызды эске алыңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Коомдогу активдүү адамдар менен жакындан таанышууңуз мүмкүн. Майрам алдындагы маанай бузулбашы үчүн карыздарды берип, иштерди эртерээк бүтүрүү оң. Сүйүктүүңүзгө талапты көп койбой, анын пикирин да угуңуз. Балдарды кырсыктардан сактап, өздөрүн бош коё бербөө керек.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Үйдөгүлөргө же сүйүктүүңүзгө кыйытып айтып жатып белектүү болосуз. Телефон чалуулар, иштер көп болот. Жылуу кийинбесеңиз суукка урунуп калууңуз ыктымал. Бирөөлөр сактап турууга аманат акча же буюм калтыруулары мүмкүн. Бузулган электр жылыткычын оңдотосуз же жаңысын аласыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумушта да, үйдө да лидер болууга туура келет. Чыгармачылыкка да аралашасыз. Жакындарыңызды жакшы нерселер менен кубантууга аракет кылыңыз. Айлык же сыйлык аласыз, же туугандардан материалдык жардам келет. Сүйүктүүңүз менен бир жакка барганда чыр-чатакка аралашпаңыз, мамилеге жарака кетет.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үйдөгүлөр маанайыңызды көтөрөт. Бирөөлөр үчүн сюрприз даярдооңуз мүмкүн. Сизге таарынган тууганыңыздын тилин таап, табышып, чай ичишесиз. Кошунаңыздын адепсиздиги үчүн чыр чыгарбай, жөн гана эскертиңиз. Шашылыш иш болбосо түндөп жолго чыкпоо керек. Майда кокустуктар чыгышы ыктымал.
Үйдөгү абалды байкап, ошого жараша иш кылыңыз. Өзүмчүлдүк мүнөздү же жалкоолукту көрсөтсөңүз жеме угасыз. Туугандардын өтүнүчү боюнча бир ишин бүтүрүп берүүгө туура келет. Жол жүрүүдө жеке буюмдарыңызды уурулардан сактаңыз. Кийим жаңыртууңуз ыктымал.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жетекчилик же жакшы таанышыңыз менен мамилеңизди бузгусу келгендер чыгат. Баамчыл болуп, жол бербеңиз. Достордун чөйрөсүндө болуп, көңүл ачасыз, бир топ кабарларды угасыз. Кийин кейип калбоо үчүн аз колдонула турган буюм сатып алуудан качыңыз.