Нурлан Насип, «Заманыбыздын супер ырчысы»: «ОН ЖЫЛДЫК ЭМГЕГИМ БААЛАНДЫ»

Дайыма жөнөкөй, дайыма элпек, ошол эле учурда кыргыз эстрадасында канча жылдан бери бекем орду бар ырчы Нурлан Насип менен маектештик. Алган наамдары, жараткан ийгиликтеринин сыры, үй-бүлөсү жөнүндөгү маекти сунуштайбыз.

– Саламатсызбы, Нурлан? “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу менен “Заманыбыздын супер ырчысы” деп табылдыңыз, элдин тандоосу боюнча жубайыңыз Асел экөөңөр ырдаган "Ырдалып бүтпөйт махабат" ыры “Жылдын супер ремейки” деген наамга татыды. Ийгиликтериңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

– Саламатсыздарбы! Бул наамдар үчүн, албетте, терең ыраазычылык билдирем. Кандай гана ийгилик жаралбасын бул мени колдоп-коштоп келген күйөрмандарымдын, угармандарымдын жеңиши деп билем. “Супер-Инфо” менен тыгыз иштешип келе жатканыма 10 жылдын жүзү болуп калды. Бул жылдар аралыгында “Жылдын супер ырчы мырзасы” деген наамды 4 ирет алып, быйыл минтип “Заманыбыздын супер ырчысы” деген сыйлуу наамга татып отурам. Анын үстүнө бул наам алдын ала айтылбагандыктан мага чоң сюрприз болду. 10 жыл жасаган эмгегим бааланды. Ырчылыктан алган ар бир сыйлыгым мен үчүн баалуу. Алар – менин эмгектеримдин акыбети, менин тарыхым. Буюрса, кийин бардык статуэткаларымды балдарыма көрсөтүп, “мына, мен убагында ушундай ырчы болгом” деп айтып берем.

– Быйыл да “Жылдын cупер ырчы мырзасы” наамына ат салыштыңыз. Бирок аягына чейин бирде ашып, бирде калып отуруп 2 добуш ашыгыраак топтоп Гүлжигит Сатыбеков наамды илип кетти.

– Ооба, өзүм деле ичимден "Гүлжигит байке жеңсе экен" деп тилеп жаткам. Себеби бир топ жылдан бери бул наамга экөөбүз чогуу ат салышып келебиз. Жыйынтыгында наамды мен алып жүргөм. Ошондо байкенин алдында ыңгайсыз болуп калчумун. Чын жүрөгүмдөн Гүлжигит байкени алган наамы менен куттуктайм.

– Жакында эле КТРК жыл жыйынтыгын чыгарды. Добуш берүүнүн натыйжасы калыс болбой калгандыгын айтып социалдык баракчаңызга билдирүү жаздыңыз…

– Алгач, албетте, бардык наам алган жеңүүчүлөрдү куттуктайм. Алардын арасында өзүм дагы “Мыкты ыр”, “Мыкты композитор” деген жакшы наамдарды алып кубанып турам. Бул үчүн ыраазычылык билдирем. Эң негизгиси “эл тараза, эл сынчы” дейт, башкысы, элдин сүйүүсүнөн айрыбасын. Эл менин чыгармачылыгымды колдоп турса, мындай наамдардын дагы далайына жетербиз. Жашоодо чындыкты сүйлөсөң көпчүлүккө жакпай калат экенсиң. Ал жазган билдирүүм тууралуу унчукпай эле коюуну туура көрүп турам. Бардык таарынычтар эски жылда калсын.

– Наамдар туурасында сүйлөшүп жатып сурай кетейин. Сиздин катардагы ырчылардын кээ бирлери “Эмгек сиңирген артист” наамын алышкан. Сиз качан алам деп ойлойсуз?

– Ошол сахналаштарыма наам берилер алдында мага да сунушташкан. Бирок ойлонуп, ал наамды алып жатканымды ошол кезде элестете албай, наамдан баш тарткам. Анткени бул абдан жоопкерчиликтүү нерсе. Быйыл чыгармачылыкта эмгектенип келатканыма он жылдын жүзү болду, эми алсам болот го (күлүп). Дагы сунушташса, балким, алып калам. Эл кандай ойлойт деп кооптоно бермейим бар. Башкалар сонун эле алып жүрүшөт. Кээде башка ырчыларды "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деп туруп, мени жөн эле “ырчы Нурлан Насип” деп чакырышканда “мындай наамдын ээси болууну мага да буюрган чыгар” деп ойлоп коём.

– Күжүрмөн эмгектин артынан бул наамды ала турган күн да алыс эместир. Он жылдык чыгармачылык жолуңузда дайыма ырчылардын сап башында болуп келатасыз. Сиздин ийгилик сырыңыз?

– Ийгилик сырымды айтпай калгам. Айтып койсом баары эле ийгиликтүү болуп, мени менен тең тайлашып жатышпайбы (күлүп). Албетте, тамаша. Мен дайыма ийгиликтин сыры – талыкпаган эмгек деп айтып келем. Мисалы, бүгүн сиз мени маекке чакырдыңыз. “Менде баары жетиштүү, өзүмдүн күйөрмандарым бар” деп маекке келүүдөн баш тартып койсом деле болмок. Бирок мен келдим. Себеби ийгиликти кармап туруу үчүн массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштешүү керек. Алар мага керек, мен аларга керекмин. Бир ирет баш тарткандан кийин сиз мени кийинкиде чакырбай калышыңыз мүмкүн. Ошентип акырындап артка тартыла бересиң. Атактуу болуу оңой, ал жерде кармалып туруу кыйын. Канчалык бийиктеген сайын жапыз болушуң керек. Ийгилик жөнөкөйлүк, адамгерчилик, сылыктык, элпектик мүнөздөрдү талап кылат. Анан пайдубалды бекем түптөө зарыл. Ар кандай жол менен тез эле атактуу болуп кеткендер бар. Алар гипсокартондон үй курганга окшош, көп узабай урап түшөт.

– Эмгекчил адамдын мүнөзү кандай?

– Ачуум чукул болгону менен, ак көңүлдөрдүн катарына кирсем керек. Көп нерсени убагында жүрөгүмө жакын кабыл алам, бирок бат жазылам, кек сактабайм.

– Коомчулукта “кыргыз ырчылары тойлорго кымбат ырдашат” деп сындалып келет. Тойго ырдоонун баасы эмнеге негизделип коюлат?

– Ырчынын ставкасы шоу чөйрөдөгү статусуна жараша болот. Мен койгон баа өтө кымбат эмес, өтө арзан эмес, орто деп ойлойм. Кээ бир тойлорго бекер деле ырдап, кээ биринен 2000 доллар алышым мүмкүн. Бул элдин мүмкүнчүлүгүнөн дагы көз каранды. Анан да жакшылык өтө турган жердин алыс-жакыны эске алынат. Кээде чет өлкөгө деле чакырып калышы мүмкүн, албетте, андайда баасы да жогорулайт.

– Үй-бүлө темасына кайталы. Кичинекей кандай чоңоюп жатат?

– Кудайга шүгүр. Баары жакшы. Кичинекейибиз күндөн-күнгө кылыктары чыгып, бизди кубантып чоңоюп жатат. Чарчаганда жарпыбызды ошол кыз жазат. Үйдө баарыбыз аны тегеренип эле жүрөбүз. Иштен келип кызымды бир жыттасам аалам тегиз болуп калат. Кызым кичинекей болсо деле, азыртадан анын келечеги жөнүндө ойлоно берем. Ыймандуу,ата-энесинин төбөсүн көккө жеткирген кыз болсо экен дейм. Ичимден медицина кызматкери болсо, жакшы адамга туш болуп бактылуу өмүр сүрсө деп тилейм. Бирок музыкага болгон шыгы азыртадан эле билинип калды. Эми келечекте ким болору ал убакыттын иши. Башкысы, жараткан өмүрүн берсин. Көп балалуу болууну кыялданам. Үй-бүлөлүү болгондон кийин маектерден бир аз кача баштадым. Толкунданып ашыкча сүйлөп аласың. Анан ал сөздөр элдин талкуу чордонуна айланып, ыңгайсыз абал жаратат. Маалымат жаатында абайлаш керек экен. Ушунча жылдан бери эмгектенип түптөгөн атымды, бир туура эмес сөз менен булгап албасам экен деп корком.

– Аселге жардамдашып, түнкүсүн бала кароо үчүн түн уйкуңуздан турасызбы?

– Колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылам. Мен эки жакка көп кеткендиктен түйшүк баары бир Аселге түшүп жатат. Менин чыгармачылыгымды Асел жакшы түшүнөт. Чыгармачыл адамга бала менен үйдө отуруу кыйын болот экен. Башында Аселя бук болуп жүрдү. Азыр, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Кызыбыз бир аз чоңоюп калса, Асел пландап жүргөн жакшы иштерин ишке ашыра баштайт. Мен дагы колумдан келишинче келинчегимди колдоп турганга даярмын.

– Маегиңизге рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насип: "Бизге кошулуп кызымдын да уйку графиги алмашты"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Dembele84
2019-12-24 10:21:48
Супер ырчы молодец иним!
+2
karona12
2019-12-24 17:39:54
Нурлан азаматсын аман бол,ийгилик жылмая берсин.Нурмат досун уялса болот быйыл бир дагы хит ыр жаратпай туруп,жылдын мыкты ырчысын алып алгандан.Элге берген жообу Нурланда мындай статуетка уйундо толтура дейт,толтура болсо ар биринин орду башка да.
+1
Nurmatova.
2019-12-27 10:11:15
Мен да Гулжигит Сатыбековго добуш бергем)
0
Zamkojan
2019-12-29 21:46:59
Эмгек синиргенди 10жыл иштеп койсо эле бере бериш керекби Нурлан сенден мурун келгендер ала элек Султан,Урмат,Мирбек,Ильяздар бар алар мен татыктуу эмесмин дагы иштешим керек деп журот сен болсо уже татыктуумун деп калыпсын да
0
katerina.li
2019-12-30 09:03:27
Бир жума куттум эле ,эл эмне дейт экен деп. Эл эч нерсе деп деле айтпаптыр. Комментарии почти жок. Элдин кызыгуусу очуп калыптыр Нурланга.
0
№ 894, 19-25-декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан