Айгерим Расул кызы: "ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ АЗЫР ДА КЫЗ-ЖИГИТТЕЙБИЗ"

Ал мырзалардын жүрөк оорусу. Ал өзү айткандай, тойлордун ханышасы. Ал бир үй-бүлөнүн коломтосун тутантып келаткан аялзаты. Ал уул-кыздын энеси. Ал Айгерим Расул кызы.

– Айгерим, салам! 2019-жыл өз сапарын карытып соңуна чыгып жатат. Узап бара жаткан жыл сага кандай жылдардан болду? Саресеп салып көрдүңбү?

– 2019-жыл мен үчүн жемиштүү жылдардан болду. Бул жылдын көп бөлүгүн балдарым менен өткөрдүм. Күндүзү бала карасам, кечинде убакыт болгондо тойго барып ырдап, ырларды жаздырып, клиптерди тарттырдым. Кичинекейибизди 3-декабрда 1 жашка чыгарып алдык. 2 редакциянын тандоосу боюнча «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамына ээ болдум. Ал эми «Келем сага» ырым «Жылдын ыры» жана башка наамдарга татыдым. Кыскасы, сонун жылдардан болду.

– Акыркы убакта «Жар-жардын» ханышасы болуп калдың окшойт. Тойдо «Жар-жар» ырдоодон тажап калган жоксуңбу?

– «Жар-жар» үйлөнүү үлпөт тоюндагы гимн болуп калбадыбы. Той ээлери атайын мени чакырып «Жар-жар» айттырышканы – чоң сыймык. «Келинибиз сендей үй-бүлөнү да, жумушун да кошо алып кеткен үлгүлүү айым болсун деп ырымдап чакырып жатабыз» деп айтышат. Элдин бул ишеними мага кубаныч тартуулайт. Эл да жактырган ырчысын гана тоюна чакырышат деп ойлойм. Албетте, мен өзүмдү «Жар-жардын ханышасымын» деп толук айта алам. Бир гана «Жар-жардын» эмес, тойлордун ханышасымын (күлүп).

– Оштогу тойлорго гана кызмат кыласыңбы? Же башка облустарга да барып ырдайсыңбы?

– Кыргызстандын бардык облусуна чакырышат. Болгону эмчектеги кичинекей балам менен жолдо кыйналып калбайын деп алыска көп чыга албай калдым. Учурдан пайдаланып тойго чакыргандарга ыраазычылыгымды билдире кетейин. Менин тойдогу гонорарым аз эмес. Көтөрө алгандар гана чакырышат.

– Тоюн сенин графигиңе карап жылдыргандар болобу?

– Кээде бир күндө 3 же 4 «Жар-жар» айтууга чакыруу түшүп калышы мүмкүн. «Эже, биз жетишпейбиз, башка жерде тоюм бар» десем «биз күтөбүз» дешет. Буга мен сүйүнөм.

Бул мактаныч же өзүн көргөзүү эмес. Мен үчүн тойдун датасын жылдыргандар көп болот. «Башка жерде тоюм бар» десем, «биз андан да көп төлөйбүз, бизге кел» дегендер бар. «Сүйлөшүлгөндөн кийин анте албайм» десем, «анда биз тоюбуздун датасын жылдырабыз» дешет.

Азыр элдин купулуна толуп, сүймөнчүк болуп турган кезим деп эсептейм. Ырымга жакын эл экенбиз, ошондон да болушу мүмкүн.

– Маектешип жатып назик, ошол эле учурда токтоо экениңди байкадым. Бирок социалдык тармактагы баракчаңдагы постторуңдан эмоционалдуу көрүнөсүң.

– Мен эмоционалдуу эмесмин. Болгону чыдамым чектен ашып кеткенде эмоциям чыгып кетиши мүмкүн. Негизи өтө чыдамкаймын. Аны жакындарым жакшы билишет. Унчукпай, баарына күлүп-жайнап, сый мамиле кылганымды көргөндөр «буга мен минтип койсом болот» дегендер жаңылышат. Мага кандай мамиле кылса ошондой жооп кайтарам.

– Акыркы учурда хейтерлер көбөйүп кетпедиби. Сындарды кандай кабыл аласың?

– Сындарга башынан эле көңүл бурбайм. Негатив жазгандарды жаман адамдар деп айтпайм. Балким, депрессия болуп турган учурунда биз жаркырап чыга келсек жакпай кетет окшойбуз (күлүп). Чынын айтсам акыркы убакта мага негатив жазылбай деле калды.

– Той менен чектелип чыгармачылык экинчи планга жылып кетти деп кабатырланбайсыңбы?

– Жок. Себеби жакында «Келем сага» жана кыз узатууга арналган ырым чыкты. Ырларыма клиптер тартылып жатат. Той жааты да, чыгармачылык да өз жолунда эриш-аркак уланууда. Клип тарттырып, ыр жаздырыш үчүн каражат керек. Биз каражатты тойлордон табабыз.

– «Шоу-бизнес той-бизнес болуп кетти. Мен тойго ырдабайм, баркымды кетирбейм» деген ырчылар бар. Аларга карата көз карашың кандай?

– Тойго ырдаш үчүн чакыруу алыш керек да. Тойго чакыра турган, сен айткан сумманы төлөй турган деңгээлге жетип туруп «мен барбайм» деп жатса, анда билбейм. Ага жетпей туруп кесир сүйлөгөн туура эмес.

Мен кардар тандабайм. Кээ бирлер ресторандарды да тандашат экен. Кайсы жерде болбосун, мага демек тоого чакырып «ырдайсың» десе барып ырдай берем. Анткени биз эл менен ырчыбыз. Өз кызматыбызды кылышыбыз керек. Бир сөз менен айтканда, тойдо ырдасак да, концертте ырдасак да эл үчүн ырдап жатабыз.

– «Тулпар тушунда» деп коёт эмеспи. Анын сыңары азыр ийгиликтүү ырчылардын бирисиң. Материалдык байлык топтоп жатасыңбы?

– Дөөлөт келип жатканда убагында колдон учурбай кармап калыш керек. Өзүңүздөр деле байкасаңыздар, башкалардай акчаны чет өлкөгө барып эс алып келүүгө коротпойм. Болбогон нерселерди сатып албайм, сарамжалдуу пайдаланам. Акчамды банкка чогултам. Жакшы бир идеяны ишке ашырууну пландап жүрөм, аны убагы келгенде көрөсүздөр.

– Жаңы жылдык «Көгүлтүр отко» мурдагы стилиңде кийинип тартылдың. Экинчи дем ачылып жатабы?

– Бир эле образда калып калбаш керек. Ырчылар күйөрмандар үчүн түрдүү образда чыгып турушу зарыл. Эне болдум деп эле отуруп калганым болбойт. Сахнага диванын образы керек. Мындан ары диванын образында жүргөнгө аракет кылам.

– Кеп нугун үй-бүлөгө буралы. Сүйүү 3 жыл эле жашайт дешет. Бул ойго кошуласыңбы?

– Үйлөнгөнүбүзгө 5 жыл болсо да кечээ эле кыз-жигит болуп жүргөндөй сезилет. Жолдошум экөөбүз «биз деле 2 балалуу болуп калдык, ээ?» деп күлүп калабыз.

Бизде сый-урмат жогору. Балалуу болгондон кийин сүйүүбүз башка деңгээлге чыкты десем болот. Мисалы, Азамат кызымды эркелетип жатканда «и-ий, ушу балдарымдын атасы» деп аяп, жакшы көрүп кетем. Бир бүтүн болуп калат экенсиң. Биздин үй-бүлөдө атабыздын орду чоң. Атанын ордун балага айтып туруш керек деген ойдомун. Бала төргө чыгып кетсе «ал жакка отурба, атаң отурат» дейм. Тамак ичерде жолдошум үйдө жок болсо да тамакты эң биринчи ага куюп, алып коём. Балдарды атага болгон сый менен тарбиялаш керек.

– Турмушка чыккандан кийин ата-эненин баркы билинип жатса керек...

– Ошто жашап калгандыктан ата-энемди сагынам. Бирок бат-баттан катташып турабыз. Балалуу болгондон кийин эненин баркын түшүнөт экенсиң. Бойдок кезде урушса таарынып калчу элем. Азыр апам урушса да жагымдуу боло берет. Ушул убакка чейин буюм аларда «ушуну ала берейинби?» деп апамдан сурайм. Ал «2 балалуу болдуң өзүң чеч да» деп телефонду коюп салат. Кээде сурабай койсом «муну эмнеге алдың, жарабайт» дейт (күлүп). Атам неберелерине жакын. Балдарым ырга, бийге шыгы бар. Алардын бийлеп жатканын көрүп жүрөгүм элжиреп кетет.

– Кирип келе жаткан 2020-жылга кандай пландарды койдуң?

– Буюрса, 2020-жылы буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлдеги жеке концертимди берем. Эми декреттен чыктым. Чыгармачылыкка кызуу киришип күйөрмандарымды таң калтырып, сүйүндүрүп жаңылык жасайм. Гастролдук турне менен Кыргыз жерин түрө кыдырам деп турам.

– Маек соңунда окурмандарды Жаңы жылы менен куттуктап кет...

– Урматтуу окурмандар, Жаңы жыл жалаң жакшылыктын, молчулуктун жылы болсун! Көкүрөктө жаткан кыялдар орундалсын!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айгерим Расул кызы: "Мен үчүн той күнүн жылдыргандар көп"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
katerina.li
2019-12-30 09:20:29
Кудай сактасын сендей келинден
-22
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-30 10:09:06
Адам өзү үчүн,өз ою менен жашаш керек.Эл эмне дейт десең,элге эшен(аалым) жаккан эмес.Акча тапсын,иштесин бактылуу болсун.Азыр мурункудай эмес, бирөөнүн көзүн карап, бирөөгө жүк болгудай.Озуно ишенип, өзүңдү өзүң гана бактылуу кыла аласың.Куйоосун сыйланганы жакты.
+12
mela
2019-12-30 10:27:27
Жолдошун аябай суйот.Чыныгы мырза экен.Айгерим пябай ачылды. Ырчылар менен шарактап ,шеринелеп элди тажатпайт.Бирок,Ошто эле журо бербей 2-3тойдун акчасына уй-булоон менен чет олкого Эс алып келсе болиок,мумкункулук бар.
+12
Mintip-menu-suybo
2019-12-30 12:34:22
Ээми мунун балдары кичине да... Бараттыр чет олкого деле
+4
ainura220888
2019-12-30 12:48:07
Мурда жакбайт эле. Азыр баалап калдым молодец. Кимдин колунан келип атат чыгармачылык менен уй булоону чогу алып кеткен ажырашып жарашып ит мышыгы чыгып атышатго. Бир эмес 2 баланы тороп кайын журтка кызматты кылып молодец. Оомат келип атканда кармап калыш керек. Бирок жеке онуугуну унутба Айгерим. Тойлор да бутот эми сахна ханышасы бол. Чет элдик конкрустарга катыш. Ийгилик
+15
Aliza_96
2019-12-30 14:06:18
Бактылуу бол ажыраша корбо!
0
Arman7
2019-12-30 15:05:59
Кыз жигит кезде обушуп эле журчу элек башка эч нерсе кылчу эмесбиз
-7
Eliza-Arapbaeva
2019-12-30 19:00:07
Arman7,Айгерим мененби)))
+1
Luna15
2019-12-30 15:38:49
Ханыша болуп тойдо Нурзатты чачтап той ээсин конокторуна уят калгандан бери жакпай калды
+6
_PeriWa_
2019-12-30 16:25:30
Сыйлыктарын сатып алды деп жатышат. Мен да ошентип ойлоп калдым. Бекеринен Анжелика Самара деген ырчылар капа болбоду да. Керек болсо Нурлан Насип да нааразымын дегендей кылды. Билбейм же чын эле уттубу андай дейин десен же норма ыры жок эски ырларын эле ырдап журот. Бир клиби бар экен камера да туруп эле ырдап койгон. Мен бул ырчынын хейтери эмесмин просто оюмду эле жаздым.
+9
Aimani
2019-12-30 16:43:36
_PeriWa_,сатып алды деген сөздөргө кошулам. Башкалардай иштеген жок. Тойдон башы чыкпай. Мактанганды эле билет. Мен дагы Айгеримдей келинден кудай сактасын дейт элем
+7
katerina.li
2019-12-30 16:26:43
Кором келининер айгермдей болуп калса,мактаганынарды .
+8
Muratsatybaldiev
2020-01-02 18:50:09
Сулуу кыз . Омурунду берсин. Элдин кызматын кылып журо бер. Уй булон менен бактылуу бол.
+2
al-abu-kinesz
2020-01-03 19:18:01
Бир суроо. Соопчулук учун да анча мынча ырдайсынбы же сенин ааа деп созгонун 600$ турабы?
+1
Nurbany
2020-01-04 14:17:17
Ушунчалык жагасын мага тимелеее назикго суйлошу,ырдашы кишини суйдурот
0
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан