Тааный жүрүңүз
Бир кызга ашык болуп, атын билбей Кызыл өрүк атап алып, ага арнап жазган Мирлан Баековдун ыры радиолордон тынбай жаңырууда. Мындай мукам добуштун ээси ким болду экен? Кызыгып жатасызбы? Анда сөз Мирланда...
БАЕКОВ МИРЛАН БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ
1982-жылы 23-февралда Токтогул районунун Торкен айылында төрөлгөн.
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын улуусу
Учурда – “Жоролор” сатира тобунун мүчөсү, ырчы
– Редакцияга куш келипсиң, Мирлан. Өзүң жөнүндө кеп таштасаң...
– Мен Токтогул жергесинен болом. Мектепте окуп жүргөндө эле гитара менен ырдачумун. Таякем Кыргыз драма театрында директор болгондуктан, кийин актёрлукка тапшырып калдым. Чынында, актёр болом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Окуп жүргөндө группалаш балдар менен “Жоролор” деген сатира тобун түздүк. Эми минтип “Кызыл өрүк” деген ырым менен эл алдына чыгып отурам.
– “Кызыл өрүк” чын эле сулуу бийкечке арналганбы?
– Ооба. Анда Орусияда иштеп жүргөнбүз. Досум Жылдызбек бир сулууну сүйүп калган. Сүйүүсүнүн күчтүүсүнөнбү, айтор, чечкиндүүлүк кылып кыздын атын да сурай алган эмес. Ошентип, сыртынан сүйүп жүрүп, ырда берилгендей, атын Кызыл өрүк деп атап койгон.
– Клип тартканда кандай кызыктар болду?
– Шарик ойнотуп, кыздын сөйкөсүн утуп алган кадр бар. Жамгыр жаап жаткандыктан, камераны катып алган элек. Эки милиция кызматкери аны байкабай эле бизди колго түшүрөбүз деп сүйүнүп алышыптыр. Кийин клип тартып жатканыбызды билгенде каткырып күлүштү.
– Актёрлук кесипти аркалайт экенсиң, мурун кинолорго аралаштың беле?
– Ооба, “Айыл өкмөтүндө” “Саратанды” гитара менен созолонткон жигит бар го, ошол менмин.
– Чыгармачылыгыңа демөөрчү болгондор барбы?
– Алгач Сыймык байке жардам берип жүрчү. Азыр өз арабабызды өзүбүз эле тартып келатабыз.
– Сага чалсак, 3 күндө араң келдиң. “Жылдыз дооруң” башталдыбы?
– Жок, андай деле эмес. Досторубуз кээде кыздарга чалдырып, “тойго келип ырдап бергиле” деп тамашалай беришет. “Супер-Инфо” десеңер, дагы ошентип жатышат го деп, ишенген жокпуз.
– Жашоодо кандай кызыктарга кабылуудасың?
– Баарынан да кызыгы, менин Мирлан атым өчүп, досум сүйгөн кыздын аты мага ыйгарылып калмай болду. Жадакалса айрымдары телефонуна да Кызыл өрүк деп сактап алышыптыр. Албетте, мунун баары кубандырбай койбойт.
– Алдыда кандай пландар бар?
– “Оштук кыз”, “Атанын тилеги” деген ырларым бар. Ошолорду иштеп чыксам дейм.
P.S. Ырчынын «Кызыл өрүк» деген ырынын клибин www.super.kg сайтындагы медиа-порталдан көрө аласыздар.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg