ОКТАГОНДУ КАНГА БОЁГОН ТОНИ ФЕРГЮСОН

ММА. UFC. Жакында бүтүндөй дүйнө элинин бүйүрүн кызыткан беттештин күнү жарыяланды. 2020-жыл, 18-апрель. Бул күнү UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсон октагондо кез келишет. Бул беттеш буга чейин 4 жолу белгиленип, 4 жолу артка жылган. Күйөрмандар эки жээкте уу-дуу. Бир тарабы «Хабиб жеңет» десе, аркы тарап «Хабибге жеңилүү ызасын тарттыра турган жалгыз мушкер – Фергюсон» деп кызуу талкуулап жатышкан чагы. Атактуу Хабибди жер жыттатат деп күйөрмандар ишеним арткан Тони Фергюсон деген ким? Эмесе, чагылгандай тез соккулардын ээси, каршылаштын таш-талканын чыгаруудан ырахат алган мушкер тууралуу сөз кылабыз.



КААРМАН ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Энтони Арман Фергюсон

Туулган жылы – 1984-жыл, 12-февраль

Туулган жери – АКШ, Калифорния штаты, Окснард шаары

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 70 килограмм

Каймана аты – Эль-Кукуй

Учурда – жеңил салмактагы убактылуу UFC чемпиону

ММА`де беттеши – 28 беттеш:

Жеңиши – 25

Жеңилүүсү – 3

Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы


КОРКУНУЧТУУ КАЙМАНА АТ – ЭЛЬ-КУКУЙ

Тони Фергюсондун каймана аты таасирдүү жана коркунучтуу. Эль-Кукуй – мексика элинде өтө коркунучтуу каарманды туюндурган түшүнүк. Латын Америка өлкөлөрүнүн жашоочулары «Эль-Кукуй келет» деп тил албаган тентек балдарды коркутушса, UFC`де Эль-Кукуй деген ысым чоңдорду коркутат. Мушкердин жекире тиктеген көз карашы эле атаандашынын жүрөк үшүн алат. Октагондо Эль-Кукуйдан эмнени күтсө болорун эч ким билбейт. Бирок бир нерсени так билишет. Ал беттешке чыкканда октагон канга боёлуп эле калат. Анткени ал чыканак, тизе менен соккуларды узатып атаандашын аёосуз канжалатып салат. Ошондуктан аны менен беттеш өткөрүүгө ар бир эле мушкер макул болуп тобокелчиликке баргысы келбейт.

СПОРТКО ӨГӨЙ АТАСЫ АЛЫП КЕЛГЕН

Бокс, америкалык футбол, күрөш, баскетбол, регби, айтор, бир нече спорт түрү менен алектенип, брейк-дансты катыра бийлеген Тони Фергюсондун спорттон ордун табышына өгөй атасынын салымы чоң. Бул тууралуу өзү «мени спортко алып келип, туура багыт берген өгөй атама рахмат. Анын алдында карыздармын» дейт.

Мушкер өз атасы тууралуу билген эмес. Апасы уулу төрөлөрү менен шотландиялык Арман Фергюсонго турмушка чыккан. Өгөй ата Тонини өз уулундай кабыл алып, ага өз фамилиясын берген.

Тони кичинесинде түнт, уялчаак бала болгон. Анын мындай мүнөз менен калыптанышын каалабаган ата уулун спорт менен достоштурууга белсенип, мектеп босогосун аттаары менен бокс залына алып барат. Бара-бара спорттун башка түрлөрүн да өздөштүрүп отурат.

Жогорку класста спорттогу жетишкендиги үчүн беделдүү Борбордук Мичиган университетине жолдомо алат. Окуу жайда окуган үч жарым жыл ичинде күрөш боюнча студенттер аралык мелдештерде бир нече жолу чемпион боло алган.

Студенттик жылдар мушкерге ачуу сокку узатат. Жашоодогу эң жакын адамы апасынын дүйнө салышы ага оор тиет. Күйүтүн басуу үчүн болгон күчүн машыгуудан чыгарат. Бирок бул аракети мушкерге жардам бербейт. Мындан улам окуусун таштайт да, үйүнө, Маскигонго барып, атасы иштеткен барда иштеп калат.

UFC ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНУУ

Бармендин катардагы иш күндөрү өтүп жатты. Бирок жашоосунда чоң бурулуш орун ала турган күн алыс эмес эле. Барга келген кардарлардын бири Тони менен жакындан таанышып, баарлашып калат. Буга чейинки спорттогу жетишкендиктери, күжүрмөн аракеттери тууралуу билген соң кардары Тонини ММА боюнча машыгуу борборуна чакырат.

Чакырууну кабыл алган Тониге биринчи машыгуу абдан оор өтөт. Бирок бул спорт түрү анын купулуна толот. Тез эле калыпка түшкөн спортчу бармендик жумушу менен биротоло коштошот.

2008-жылдан тартып Фергюсон жарым орто салмактык ченде эрежесиз эр уруштагы карьерасын баштайт. Бул тармактын жаңы өкүлү экенине карабай каршылашына тиш кайрап, арстандай айбат көрсөтө алган Тони эки жыл ичинде 12 беттеш өткөрүүгө жетишет. Онунда жеңиш даамын татса, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Октагондогу чапчаң аракет, күчтүү дымак, таамай соккулар көмүскөдө калат беле? Албетте, жок. Тони 2011-жылы дүйнөдөгү эң беделдүү UFC уюму менен келишим түзөт. Уюмдун алкагында алгачкы беттешин Рамзи Нишем менен өткөрүп, биринчи эле раундда нокаут менен жеңет.

UFC`деги карьерасын ийгиликтүү баштаган мушкер кийин Дэнни Кастильо, Эдсон Барбоза, Рафаэл дус Анжус, Кевин Ли, Энтони Петтис, Дональд Серроне өңдүү атактуу мушкерлерди жеңүүгө жетишти. Анын беттештери кызыктуу өтөт. Каршылашты колдон чыгаруу, кетенчиктөө, ары-бери качып убакытты созуп калыстардын чечимин күтүү деген нерселер Эль-Кукуй үчүн эмес.

UFC`нин алкагында Тони Фергюсон 2012-жылы Майкл Жонстон жеңилип калат. Кызыгы, бул беттеште Фергюсон колунун сынганына карабай беттешти токтотуп койбой, аягына чейин мушташкан.

ОКТАГОНДО КААРДУУ МУШКЕР, ҮЙДӨ КҮЙҮМДҮҮ АТА

Спортчу жубайы Кристина менен студент кезинде таанышкан. Алар 2012-жылы баш кошуп, 2016-жылы уулдуу болушкан. Мушкер атасынын урматына уулуна Арман деген ысым ыйгарган.

Атаандашка катаал Тони үй-бүлөдө күйүмдүү жолдош, сүйүктүү ата. Үй-бүлөсүнө көп убакыт бөлүп, бирге сейилдөөдөн ырахат аларын жана бардык аракеттери, жеңиштери жубайы менен уулу үчүн экенин баса белгилеп айтып келет.

ПСИХИКАЛЫК ООРУСУ КОЗГОЛУП...

Мушкер психикалык жактан жабыркап келет. 2019-жылдын мартында Фергюсон Макс Холлоуэй менен боло турган беттештен баш тарткан. Дал ушул айда жубайы ага карата 5 жолу полицияга арыз жазган. Тони өзүн башкара албай, түндө уктабай, муздаткычтын чубалгыларын кескилеп, күзгүнү сындырып, өзүн экинчи Иисус атап, айтор, түшүнүксүз жоруктарды жасай баштаган. Врачка көрүнүүгө менеджери да, аялы да көндүрө албай коюшкан.

Бул учурда UFC президенти Дана Уайт Тони жеке маселелери чечилмейинче беттешке чыкпай турганын билдирген. Кийин Тони дарыланууга көнүп, врачтар эки ай ичинде анын абалын калыптандыра алышкан. Ал «менде баары жакшы, бардык маселелер артта калды, дарыгерлерге рахмат» деп билдирген. Бул дарылануудан соң мушкер Дональд Серроне менен беттешип, кезектеги жеңишке жетишкен.

Фергюсондун бул оорусу 2011-жылы белгилүү болгон. Ал сапарга жөнөп жатып, учакка отурарда тынчсыздана баштайт. Агрессивдүү адамга айланып, бортко коркунуч жаратат. Мындан улам аны каттамдан түшүрүп, ооруканага алып барышат. Врачтар ага шизофрения, психиканын биполярдык бузулушу деген диагноз коюшкан.

ХАБИБ НУРМАГОМЕДОВ МЕНЕН МУШТАШ КҮТҮҮДӨ

Алдыда Тони Фергюсонду атактуу Хабиб Нурмагомедов менен беттеш күтүп жатат. Бул эки мушкер көп жылдан бери бири-бирине алыстан тиш кайрашып жүрөт. UFC күйөрмандары бул күндү чыдамсыздык менен күтүүдө. Эгер беттештин күнү жылып кетпесе, апрелде дүйнө коомчулугу кызыктуу беттештин күбөсү болот. Анда Хабиб октагондо алгач ирет жеңилип, Тони 26-жеңишин майрамдайт, же тескерисинче, Хабиб мыктылыгын далилдеп, UFC тарыхында өз изин калтырат...


Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
bulathan
2019-12-30 09:13:54
Хабиб жайлашы керек желмогузду
+4
kushu_bek
2019-12-30 10:17:00
Хабибдин денесин ХХХХ боеш керек Тони делай брат
+2
salimbek87.kg
2019-12-30 10:19:02
Хабиб буйруса жеңет алга Хабиб
0
Store
2019-12-31 05:15:07
Тони, хабибти нокаут менен түшүрүп жоготуп, өчүрчү. Негизи хабиб күрөштөн башка эч нерсе кыла албайт, Тони күрөштөнда бар экен, демек хабиб түйрүлөт буйруса. Тониге ийгилик жана жеңиш!
+4
Erlan_92
2019-12-31 11:37:54
Хабиб буттан алып жыгытып кучактап жата берет Тони андай эмес буйруса Тони женет
+7
murat17
2019-12-31 16:46:36
Тони кызыктуу мушташат Хабибтин бойлору кызыксыз мен бул бойдо Тониге ийгилик каалайм
+8
Kushchu
2019-12-31 16:46:38
Фергюсонду эзет го буйруса Хабиб
-4
Store
2020-01-01 01:03:40
Kushchu,
хапиптин стойкада норма мушташы жок, эгер стойкада бираз туруп калышса Тони түйрөтко.
+5
Abdizhapar
2020-01-02 22:23:35
Store номерин калтырчы
-3
bond02
2020-01-03 11:39:51
Кулак тенештиришкен го.
+2
Musafir
2020-01-04 04:11:55
Фергюсон, биринчи Хабибди канга бөлөп, анан нокаутка түшүрүп позор кылып жеңчи буйруса, бүт аша чапкан хабибисттердин ооздорун жапчы блин!
+1
dinamo7
2020-01-27 16:45:47
Musafir,****
0
manatova
2020-02-28 10:26:49
Musafir, Хабибчилер жер жыттабайт
0
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан