ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ДАСТОРКОН ҮЧҮН ЫСЫК ТАМАКТАР

“Ысык тамак – жанга кубат” демекчи, майрамдык дасторконду ысык тамаксыз элестетүү кыйын. Чычкан жылынын дасторконун болушунча эттүү, тоюмдуу даамдар менен толтурсаңыз, жыл ээсин сүйүнткөн болосуз.

БУУГА БЫШЫРЫЛГАН БАЛЫК

Керектелүүчү азыктар:

Балык – 1 килограмм

Картошка – 4 даана

Сабиз – 1 даана

Брокколи – 100 грамм

Гүлдүү капуста – 100 грамм

Болгар калемпири – 2 даана

Өсүмдүк майы – 5 аш кашык

Суу – 200 миллилитр

Татымына жараша туз, мурч, балыкка кошулуучу атайын татымал

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыкты жууп тазалап, татымына жараша туз, мурч, балыкка кошулуучу татымалдан себелейбиз.

2. Жашылчалардын баарын аарчып, тазалап, жууйбуз. Картошка менен болгар калемпирин чоң-чоң, сабизди жука, жарым тегерек формада туурайбыз. Ал эми брокколи менен гүлдүү капустаны сабактарынан ажыратабыз.

3. Казанга майды куюп, балыкты салып, үстүнө жашылчаларды тизебиз. Сууну куюп, татымына жараша туз, мурчтан себелеп отту жагабыз. Суу кайнап чыкканда отту жайлатып, казандын капкагын жаап, 25 мүнөт демдеп бышырабыз. Бул тамак ысык бойдон дасторконго коюлат.

ШИРЕЛҮҮ УЙ ЭТИ

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун эти – 1 килограмм

Апельсин – 2 даана

Пияз – 1 баш

Сабиз – 1 даана

Лавр жалбырагы – 1 даана

Горчица – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти чакан кесимдерге бөлүп алабыз. Үстүнө татымына жараша туз, мурч себелеп, горчицаны кошуп аралаштырып, 2-3 саатка маринаддап коёбуз.

2. Казанга майды куюп, алгач этти, андан кийин майда тууралган пиязды, сабизди кууруп, үстүнө 500 миллилитрдей суу куябыз. Казандын капкагын жаап, этти жай отто 1-1,5 саат демдеп бышырабыз.

3. Апельсиндин кабыгын аарчып, данектерин чыгарып, кесимдерге бөлөбүз.

4. Тамакка татымына жараша туз, мурч жана лавр жалбырагын, апельсинди эттин үстүнө салып, дагы 30 мүнөт жай отто демдеп бышырабыз. Оозго салса эриген, ширелүү эт даяр! Мындай этке гарнир катары картошка пюресин же сууга бышырылган күрүч, макарон берүүгө болот.

ТӨӨ БУУРЧАК КОШУЛГАН ШОРПО

Керектелүүчү азыктар:

Кой эти – 1 килограмм

Төө буурчак – 1 стакан

Пияз – 3 баш

Болгар калемпири – 2 даана

Сарымсак – 1 баш

Помидор – 3 даана

Өсүмдүк майы – 80 грамм

Картошка – 5 даана

Сабиз – 2 даана

Укроп же ашкөк – 1 тутам

Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Төө буурчакты 7-8 саат жылуу сууга чылап коёбуз.

2. Пияз, сабиз, сарымсакты тазалап, жууп алабыз. Андан соң пиязды жарым тегерек, ал эми сабизди 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек туурайбыз.

3. Казанга куюлган май ысыган кезде пиязды салып 6 мүнөт, андан соң чакан кесимдерге бөлүнгөн этти салып дагы 15 мүнөт кууруйбуз. Мындан соң татымына жараша туз, мурч салынып, 3 литрдей суу куюлат.

4. Эми казанга төө буурчакты салып, бышканча жай отто кайнатабыз.

5. Төө буурчак бышкан соң казанга сарымсакты, чоң-чоң тууралган картошка, помидор, сабиз жана болгар калемпирин салып бышырабыз. Шорпобуз даяр! Аны чоң чыныга куюп, үстүнө майда тууралган укроп же ашкөктөн себелеп, “Балаты” пиццасын жанына кошуп дасторконго берсеңиз болот.

«БАЛАТЫ» ПИЦЦАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 500 грамм

Каймак май – 100 грамм

Сүт – 250 миллилитр

Жумуртка – 2 даана

Сыр – 200 грамм

Укроп – 3-4 тал

Ачыткы – 1 чай кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Сарымсак – 1 тишче

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Туз – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Бир аз жылуу сүткө кумшекерди, ачыткыны жана тузду салып аралаштырып, 10 мүнөткө тыныктырып коёбуз.

2. Унду элеп, ага 1 жумуртканы, бөлмө температурасында эриген каймак майды, ачыткыны жана жылуу сүттү кошуп камыр жууруп, жылуу ороп, ачытып алабыз.

3. Сырды 20 чакты кесимге бөлөбүз.

4. Ачыган камырды 20дай майда бөлүккө бөлүп, ортосуна сырдын бир кесимин салып, тоголоктойбуз. Эми аларды балатынын формасындай кылып электр мешинин табасына тизип, үстүнө жумуртканын сарысын сүйкөйбүз. “Балатыны” 200 градуста иштеп турган электр мешинде кызарганча бышырып алабыз.

5. Өсүмдүк майына майда тууралган укроп менен сарымсакты салып аралаштырып, “балатынын” бетине сүйкөп, кайрадан электр мешине 5 мүнөткө салабыз. “Балатыбыз” жегенге даяр. Бетине пармезан сырынан себелеп, дасторконго коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан