Гүлжигит Алыкулов, футбол боюнча Улуттук курамдын оюнчусу: “СЫЙЛЫК МЕН ҮЧҮН – ЖООПКЕРЧИЛИК”

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Гүлжигит Алыкуловду «Кыргызстандын мыкты футболчусу» деп тапты. Бул наамды Футбол федерациясы жыл мыктыларын сыйлоо аземинде тапшырып, Алыкулов атаандаштары Кичин менен Бернхардтты артка калтырды. 19 жашында “Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу” аталган Гүлжигит Алыкулов гезитибизге маек берип, ой-тилек, максаттары менен бөлүштү.

– Гүлжигит, тажрыйбалуу оюнчуларды артка калтырып, “Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу” аталдың. Куттуктайм! Бул наам сен үчүн кошумча жоопкерчиликти жүктөйбү?

– Бул наамга досторум, туугандарым, футболдогу өнөктөштөрүм аркылуу жеттим. Жаш туруп бул сыйлыкты алганыма кубанычтамын. Алам деп күткөн эмесмин. Валерий Кичин алат го деп ойлогом. Анткени ал Азия оюндарында жакшы оюн көрсөттү. Аземде экрандан сүрөтүм чыкканда залдагылар кыйкырып жиберишти. Жүрөгүмдө сөз менен жеткире алгыс сезимдер болду. Кубанганымдан сүйлөп жатып аябай толкундандым.

Наам стимул болот экен. Мындан ары жакшы ойношум керек. Эми элдин көзүндө болом, алар колдоо көрсөтө башташат деген жоопкерчилик пайда болду. Мындан да жакшы аракет кылып, туура машыксам дагы да өсөм, элдин ишенимин актаганга бардык күчүмдү жумшайм.

– Япония курама командасынын оюнчусу Такуми Минамино “Ливерпулга” өттү. Ал Бишкекте өткөн оюнда өзгөчөлөнө алдыбы? Эмнени байкадың?

– Минамино алдыңкы оюнчулардын бири. Европада ойнойт. Биз менен ойноп жатканда жакшы оюнчу экенин байкадым. Ал эле эмес, Япония курама командасынын оюнчуларынын баары күчтүү экени байкалды.

– "Ак шумкарлар" Тажикстандын курама командасын эмнеге ута албай койду?

– Тажикстан менен болгон оюнду биз жакшы эле баштадык. Алар оюндун баштапкы 15 мүнөтүндө гол киргизишти. Андан кийин бүт оюнду биз колго алып аларга басым көрсөтүп, үстөмдүк кылып жаттык, пас, көзөмөл бизде болду. Албетте, бардык эле команда уткусу келет. Алар убакытты созуп, коргонуп жатышты. Бизге гол гана жетишпей калды.

– Теориялык жактан Азиянын топ-12 командасына кошулуу мүмкүнчүлүгү дагы деле бар. Өзүңөргө канчалык ишенип жатасыңар?

– Япония, Монголия, Мьянманы утсак чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок ал мүмкүндүк 50 пайыздан ылдый. Анткени Тажикстанды утушубуз керек болчу. Эми акырына чейин чыгабыз деп ишенебиз.

– Алдыда 3 оюн калды. Кандай жоопкерчилик сезилип жатат?

– Ар бир оюнда жоопкерчилик болот. Жеңебиз деген ишеним менен чыгып, машыктыруучунун талабын аткарып аракет кылабыз.

– Кыргыз футболунун өнүгүшүнө кайсы факторлор тоскоол болуп жатат деген ойдосуң?

– Жаш футболчулар Улуттук курама команданын оюнчуларын көрүп өскүсү келет. Алар бизден да мыкты футболчу болушу үчүн стадиондор, футбол академиялары керек. Мисалы, “Алга” клубунун академиясы жок. Ал үчүн өкмөт, бийлик өкүлдөрү көңүл буруп жардам берип турса жакшы болмок. Башкаларды айтпай эле коёюн, коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандын заманбап стадиондору бар. Кыргызстанда 1 эле стадион бар. Бизге заманбап стадион жетишпей жатканын футболчулар эле эмес, эл дагы жакшы билет. Бардык шарты бар стадиондун курулушун эл да каалап жатат. Стадионубуз болсо башка өлкөнүн курама командалары менен оюн өткөрүп, өзүбүздүн курама команда өсө баштамак.

– Казакстандын “Кайрат” клубунан "майлуу" шарттар менен сунуш түшкөн экен...

– “Кайрат” жакшы клуб. Казакстандын ушундай чоң клубунан сунуш түшүп жатканына кубанычтамын. Бирок футболчу катары өскүм келет. “Кайратка” деле өтсөм болот. Ал жактан деле өсө алам. Бирок Европанын клубдарында ойногум келет. Кыргыз футболунун күйөрмандары да ошону эле күтүп жатышат. Агентим европалык клубдарга өтүшүмө болгон аракетин жумшап жатат.

“Неман” (ред.: Беларустук клуб) командасы менен 3 жылдык келишим түзгөм. 1 жыл соңуна чыкты. Эми 2 жыл расмий түрдө алардыкымын.

– Улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаев “өзүмө таандык 10-катардагы санды Гүлжигитке тапшырам. Аз калды, буюрса” дегени бар. Бул санды аласыңбы?

– Мурзаев Кыргызстандагы кумирим. Кичинекей кезимде анын ойногонун көрүп кумир тутуп алгам. Анын деңгээлине жеткенге аракет кылып машыкчумун.

– Ал сени өз инисиндей жакшы көрөрү байкалды. Бул сага деле сезилсе керек?

– Чын эле жакшы көрөт окшойт. Мирлан байке кайсы жакта болбоюн колдоп келет. Өзүм да 10-номерди жакшы көрөм. Өспүрүм кезимде дайыма 10-номердеги форма кийип жүрчүмүн. Мурзаев, буюрса, Улуттук курама командада дагы көп жыл ойнойт. Футболдогу карьерасын жыйыштырганда бул номерди берсе алам (күлүп).

– Күйөрмандардын колдоосу чоң оюндарда канчалык жардам берет?

– Чоң оюндарга чыгып баратканда күйөрмандар кыйкырышат. Анда алардын сөздөрү угулбай калат. Инстаграмдан колдоо сөздөрүн жазган футбол сүйүүчүлөрүнө сиздердин гезит аркылуу ыраазычылыгымды билдирип кетейин. Алардын колдоосу абдан маанилүү. Азыр кээде көчөдө баратсам, эл таанып калып жатышат.

– Футболдук карьераңдын башталышынан кеп салып берсең...

– Башында апамдын тандоосу менен спорттук гимнастикага бардым. Андан кийин өзүмдүн чечимим менен күрөшкө бара баштагам. Футболду кичинекейимден эле жакшы көрчүмүн. Бардык балдар короого чыгып футбол ойношот го. Мен дагы ошолордун катарында болчумун. Көчөдө эле топ тээп жүрчүмүн. Байкем футбол менен машыкчу. Мен дагы ата-энеме барып “мени футболго бергиле” деп сурангам. Алар “Дордой” клубуна өткөрүштү. Владимир Садовский деген агай менин эң биринчи машыктыруучум. Жакшы ойногондор акча төлөбөй өзүнчө машыгышат. Жаңы келгендер акча төлөп машыгышчу. Мен дагы акча берип жаңы келгендер менен машыга баштагам. 3 күн ойногондон кийин машыктыруучум мени жана дагы бир баланы байкап калып “сен башкы курамда акча төлөбөй машыгасың” деди. Ошентип менин футболдук карьерам башталды.

– “Супер-Инфонун” жыл жыйынтыгын чыгарган аземинде окурмандардын тандоосу менен “Жылдын супер футболчусу” аталдың. Күттүң беле?

– Акыркы оюндар элдин колдоосуна алынышыма таасир берди окшойт. Бирок Япония менен Тажистанга гол киргизишим керек болчу. Айла жок, футбол ушундай экен. Топ тоголок дегендей. Бул сыйлык негизи улуттук курама командада жана “Неман” клубунда ойноп жүргөндөгү эң биринчи сыйлыгым болду. Абдан кубандым.

– Сыйлыкты алып жатып “сыйлыгымды атамдын арбагына багыштайм” дедиң. Атаңдын орду билинеби?

– Албетте. Атам Жаныбек Алыкулов чоң юморист болчу. Ушуну көрсө аябай кубанып сахнага чыгып кетмек дедим ичимден. Ал азыркы жетишкендиктеримди көрсө жакшы болмок. Бирок бул Кудайдын буйругу экен.

– Сага ашык болуп жүргөн селкилер үчүн жооп алып берейин. Кандай кыздар жагат?

– Мен алгач кыздардын сулуулугуна көңүл бурам. Андан кийин токтоолугуна, ички дүйнөсүнө маани берем. Өтө узун, өтө кыска эмес, орто бойлуу кыздар жагат.

– Маегиңе рахмат! Кыялдарың орундалсын!

Динара Абдыкадырова
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлжигит Алыкулов "Жылдын мыкты футболчусу" аталды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан