Асел Кадырбекова: «МЕКТЕПТЕН ЧЫККАНЫМДА МУГАЛИМДЕР СҮЙҮНҮШКӨН»

Тааный жүрүңүз

Өзү назик, бирок өжөр кыз Асел чыгармачылык жолун алпаруучулуктан баштап, клиптерге тартылууга жетишип, эми ырчылыкка киришти.

КАДЫРБЕКОВА АСЕЛ КАДЫРБЕКОВНА
1991-жылы 19-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын улуусу
Учурда – Жеке ырчы

– Кандайсың, Асел? Мурун Шаиста деп чыктың эле, азыр эмнеге Аселсиң?
– Рахмат, жакшы. Чыгармачылыкка алгач кадам шилтегенде продюсерим Семетей байке экөөбүз көпкө чейин лакап ат издеп, акыры Шаиста деген атка токтолгонбуз. Бул ат менен “Кыргыз кыздары” деген ырымды ырдап чыктым. Тааныштарыма “мени Шаиста дегиле” десем, көнбөй, кайра эле Асел деп жүрүштү. Кийин кайра ойлонуп, өзүмдүн азан чакырып коюлган атым менен чыгууну туура көрдүм.
– Чыгармачылыкка кантип киришип калдың?
– 16 жашымдан тарта Ошто DDD музыкалык телеканалда алпаруучу болуп иштеп жүргөм. Ошол мезгилде клипке тартылууга көп сунуштар түштү. Бирок Мирбек Иманбековдун “Карындашым” жана Ильяз Абдыразаковдун “Кызганам” деген клиптерине гана тартылгам. Ал жактан мени Мирлан Муратов деген режиссёр байкап калып, НБТ телеканалына чакырды. Анын сунушу менен Бишкекке келип, “Лидер KG” программасын ачып, өзүм алпара баштадым. Ал жакта 4-5 ай иштедим. Учурда ырчылык менен алекмин.
– Өзүң деле созулган кыз экенсиң, мектепте алдыңкы окуучулардан болсоң керек...
– Кайдан?.. 7-классымдан тартып коридордо “окуп” калгам. “Дедовщина” кылып, окуучуларга күн көрсөтчү эмесмин. Ошентип, 2 жыл мугалимдеримди күйдүрдүм. 9-класска келгенде баары чыдабай калышты көрүнөт, директор мага “же өзүң мектептен кетесиң, же өзүбүз сени мектептен айдайбыз” деп шарт койду. Эгер өзүм кетсем, аттестатымдын баарын 5 кылып беришмек. Анан 9-классты бүткөндө эле мектептен чыгып кеттим. Директорубуз сөзүндө туруп, бардык сабактарымдан 5 койдуруп берген. Кийин Финансы-юридикалык колледжине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым.
– А продюсериң менен кантип табышып калдың?
– Оштон ырдайм деп келип, бир продюсерге “мен ырчымын, мени аласызбы?” деп чалгам. Ал мени эстеп калыптыр. Кийин Семетей байкеге сунуштап, экөөбүз иштешип калдык. Ошол кезде ал да кыздар тобун ачайын деп жаткан экен, “мен жалгыз ырдагым келет” деп өжөрлөнүп, эми жалгыз чыгып жатам. Учурда “Кыйнаба”, “Тартынчаак” деген ырларымды жаздырып жатам.
– Асел, маегиңе рахмат. Чыгармачылык эргүү көп болсун.

P.S. Аселдин ырларын www.super.kg сайтындагы медиа-порталдан уга аласыздар.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Akjol
2010-08-27 19:21:14
Шахиста - Тартынамын сенден деп ырдаган кыз да э.
0
Барс
2010-08-27 21:13:55
"Ошентип, 2 жыл мугалимдеримди күйдүрдүм." Баракелде, мактана турган нерсенини тапкан экенсиң! Уялбай айтып турганын көр!!!
0
Aelina
2010-08-27 22:13:23
Kyz bolup alip "Dedovshina" kilgam degeni emnesi.Eshe anisi menen maktangisi bar.Uyat.
Slishkom kop kosmetika koldomot.KOsmetikasi jok ech kim taaniligis bolup kalsa kerek.
0
Regenbogen
2010-08-28 16:55:06
bul ka4an 4ykty ele?Kyrgyzstanda yr4ylar menen partia4ilardyn ele zamany bolup kalgan go ee? Jakshy,jakshy
0
nuriza
2010-08-29 17:13:20
Мен тааныбайт экем бул кызды
0
Cholpon
2010-08-30 00:39:00
kaysy kyz bul ya? yrynda bilbey ekenmin...
0
Cholpon
2010-08-30 00:39:50
toje men 'Dedovshina' ' Babovshina' kylyp jaljangdap jurgon kyz bolshyk kerek.
0
zvezda
2010-09-03 11:27:39
Iy allergiya....
0
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан