ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Кыздын эч кабары жок болчу. Ал үчүн кандай айыгышкан согуш болуп жатканын деле билген жок. Аны издеп келип эч нерсе дей албай качып чыккан жигитти кээде таң кала эстеп койгону болбосо аны да эстен чыгарып койгон. Күндөрү бейпил, шаңдуу болчу. Жашоодо эки аты бар эле, экөө тең аны мүнөздөп турчу. Арууке дегендей аруу дүйнөсү бар эле, Асман дегендей чаңкайган көпкөк асмандай кабагы дайым жарык жүрчү. Бирок бир күн келди, анын асманынын да аруу дүйнөсүнүн да бырын-чырынын чыгарган. Бүтүндөй жашоосу өзү сүйүп көргөн сериалдарга окшогон бир күн келди.

Бир күнү сиңдиси Айжан көздөрү шишип, эмне кыларын билбей жүргөнүн байкады. Эрке кыз эле.

– Айжана, эмне болду сага?

– Эч нерсе,- деди ал бурк эте.

– Кана, мени карачы, сен ыйлаптырсың...

– Жайыма койгулачы баарыңар,- деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Асман ойлонуп калды. Бир маселеси бар, аны эч кимге айта албай жаткан сыяктуу. Бирок апасына айтчу эле... Аркасынан бөлмөсүнө барды.

– Кел, сүйлөшөбүз, атам менен апамдан жашырган нерсе экенин билдим. Бирок мага айта аласың да туурабы?

– Мен жаман иш кылдым.

– Эмне кылдың, жаным?

“Жаным” деген сөздү ушунчалык чын дилинен айтты эле Айжандын жүрөгү эрип кетти. Эжесин кучактап шолоктоп жиберди.

– Амир!

– Эмне болду Амирге?

– Мени алдап кетти. Азыр ал башка кыз менен жүрөт. Мени оюнчук кылып таштап кетти.

– Кел мага,- деди Асман. Кучагына алып сооронгончо күтүп турду.

– Эмне кылайын деп жатасың?

– Андан өч алам.

– Сен 17 гана жаштасың. Болгону 17. Алдыңдан дагы канча Амирлер чыгат, билесиңби? Өзүңдү анчалык кыйнаба. Сен андан да мыктысына жолугасың.

– Амирди сүйөм мен, эже. Түшүнөсүңбү, ал тиги кыз менен жетелешип көзүмдүн алдында басып жүргөндө өлгүм келип жатат. Жок, мен андан өч алышым керек. Ичимде бир нерсе мени куйкалап бара жаткандай сезилип жатат. Мен чыдай албайм.

Асман ары да айтып, бери да айтып токтото албады. Өзүнө зыян кылбасын деп түнү менен аңдып жатты. Ата-энесине айтып аларды беймаза кылгысы да келбеди. Айжан болсо түшүнүксүз өзгөрүп бара жатты. Бир күнү күлүп, бир күнү ыйлап, өзү да алсыз неме арыктап да бүттү. Асман биринчи жолу жакшы көргөн адамыңа жардам бере албай карап туруу эмне экенин түшүндү.

Каргашалуу күнү сыртка чыкса машинасынын жанында сиңдиси турган экен.

– Үйгө баргым келген жок, Асман. Бир аз сени менен болгум келди,- деди ал.

– Макул, кайсы жакка баралы, тамак ичелиби?

– Жок, эч ким жок жерге баргым келип жатат.

Түштүк магистралда кетип бара жатышкан. Бир кезде Айжан “машинаны мен айдайм” деп баштады.

– Жок, сага рулду бере албайм.

– Асман, бер дедим.

– Жинди болбочу.

– Мен айдап эле жүрөм го. Эмне болду эми, бир жолу машинаңды аяйсыңбы?

– Аяган жокмун мен...

– Аяп жатасың!

Көк бет кыз эле, акыры макул кылды. Рулду алмашып алгандан кийин Асман акырын эскертип жатты. “Айжан, акырын айда макулбу?” “Макул, Асман” деди кыздын көздөрү ойноктоп. Бирок бир аздан кийин ылдамдыкты көбөйтө баштады. Ушул учурда апасы чалып калды. “Кайдасыңар?” деди ал кыжыры келе. Ага жооп бергиче Асман машина кандай ылдамдыкта кетип бара жатканын көзү чала калды.

– Айжан, жиндисиңби, акырын айда.

– Коркпочу, бул жакта эч ким деле жок го.

– Айжан, азайт дейм! Келесоо кыз, токтот дедим. Токто-оо! Айжан дедим!

Бирок кечигип калышкан эле. Алдынан жаш келин жөө адамдар өтө турган жолдон өтүп бара жаткан. Айжан тормозду тепти. Бирок жетишпей калды! Көз алдында калган нерсе Асмандын чакчайган көздөрү эле.

ххх

– Келин оор абалда,- деди врач чыгып. Асмандын тизеси бүгүлө берди. Айжан ыйлап жанында эле. Ошол кезде атасы менен апасы жетип келишти! Атасы Асманды кучактап, апасы Айжанды басып жыгылды.

– Кандайча болду?

– Айжан “мен айдайынчы” деди. Мен макул болбошум керек эле, бирок...

Ошол учурда апам чалып калды. Айжан катуу айдап баратканын байкадым, бирок токтотконго жетишпей калдым,- деди үнү өчкөн кыз.

– Эми эмне болот, ата? Оор абалда дейт.

– Эмне болмок эле, өз күнөөсүн көтөрүш керек. Айжанга "өзүңө кел, кызым, эркеликти ташта" деп канча айттым. Аягы ушундай бүтмөк.

Сания күйөөсүн жалт карады.

– Айжан кичине, рулда мен болчумун дейсиң, Асман! Бардык күнөөнү өзүң моюнуңа аласың бул иш чечилгенче. Айжан кичинекей, бул нерсени көтөрө албайт.

– Сания!

– Эмне Сания? Өз кызың бул! Айжан өз кызың, адам өз баласын жамандыкка кыябы? Керек болгондун баарын жаса. Бул ишке Асман жооп бериши керек, Айжанга эч нерсе жолотпойм мен. Менин кызым ал жерде жок болчу!

– Апа, менчи? Мен сенин кызың эмесминби? Эмнеге мен?-деди Асман жаштуу көздөрү менен. Акыл менен, күч менен сакталып келген нерсе атылып кетти. Сания болору болсун деди, оозу ачылбай келген ириңден, жан дүйнөсүн жеп келе жаткан нерседен биротоло кутулгусу келди. Мейли, чындыкты билсин. Балким, мындан ары баары өз ордуна келип калаттыр. Асман чындыкты билсе, Сулаймандын сүйүүсү өз кызына оойт, балким. Аялдык ичи тардык кээде бардык нерсени жеңип кетет. Бул жолу да ушундай болду. Аял өзүн кармады да Асмандын көздөрүнө тике карады.

– Мен сени төрөгөн эмесмин. Сен биздин кызыбыз эмессиң! Сен башкасың...

– Акмак!- Сулайман аялын жаакка чапты. Жүрөгү көп жылдан бери ооручу эле. Сол тарабы чымыратып бара жатты.

– Сен эне эмессиң! Сен Айжанга жакшы кылып жатам деп ойлоп жатасың. Жаңылышасың. Эң оор жазаны... Эң оор жазаны... Менин... Асман, сен менин кызымсың! Кулак салба... Оо, Кудай!..

Бутунун алы кетип, тили көмөкөйүнө батпай бара жатканын сезди. Күп жыгылды. Чырылдап үстүнө түшкөн аялын, Айжанды көрдү. Дирилдеп эмне кыларын билбей турган Асманын көрдү. Көз алдында анын суроолуу көз карашы калкып калды.

Асман ооруканадан чуркап чыкты. Кайда чуркаарын билбеди. Эмне кыларын билбеди. Көөдөй кара түндө жөн эле басып жүрө берди. Апасы эмне деп жатат? "Мен сени төрөгөн эмесмин. Сен биздин кызыбыз эмессиң! Сен башкасың...” Кантип ал башка болушу мүмкүн? Башканын баласын ушунчалык сүйсө болобу? Апасы макул, бирок атасы... “Мүмкүн эмес” деп жатты ичинде чырылдаган бир үн жандалбастап. “Мүмкүн. Апаң сага качан апа болду? Ал Айжандын апасы болду. Сен жалгыз чоңойдуң. Акыры бул чындыкты моюнуңа ал, Асман” деп жатты акылы.

– Аа-аа!- түндү жара бакырып жиберди Асман.

ххх

Айдар чочуп ойгонду. Таңга маал болуп калыптыр. Уйкусу ачылып кетти. Телефонун алып барактай баштады. “Медиа магнат Сулайман Абиров оор абалда” дегенди окуп жүрөгү шуу этти. Дароо атасынын бөлмөсүнө барды. Ал туруп намазын окуп жаткан экен.

– Ата, муну карачы?

Атасы окуп чыкты да, дароо кийине баштады.

– Кайда, ата?

– Ооруканага. Аруукеге. Сен кайсы ооруканада экенин бил, жүрү тез бети-колуңду жуу, кеттик.

Ошону эле күтүп тургандай телефонуна билдирүү келди. “Абалым оор, тез кел” дептир Сулайман.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
miki87-06
2019-12-30 09:42:05
аз эле жазып коюпсунар
+3
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан