Ирина Шотт, ырчы: “ФИЛИПП КИРКОРОВДУН КОЛДООСУН УНУТПАЙМ”
Быйыл “Жаным, жаным, жаным” деп кыңылдап ырдап жүргөндөрдү байкадыңызбы? Алыста жүргөн мекендештерибиз Эрлан Андашев менен Ирина Шотттун биргеликте аткарган ыры быйылкы жылы чындап хит болду. Жылдын суперлерин аныктоодо аталган ыр “Жылдын супер ыры” наамын жеңип алды. Дуэтти аткаруучулардын бири Ирина Шотт кыргыз жеринен ырчылык өнөргө аттанып, орус шоу-бизнесине аралашып "Евровидение" сынагына катышкан.Учурда Испанияда жашайт. Ырчы менен маегибиз кызыктуу болду.
– Ирина, Эрлан Андашев экөөңүздөр ырдаган “Жаным, жаным” ыры “Жылдын супер ыры” деп табылды, куттуктайбыз! Күттүңүз беле?
– Рахмат, чынын айтсам күткөн эмесмин. Талапкер болорубузду да күткөн эмесмин. Аны кийин билип аябай кубандым, сыймыктандым. Чыгарманын үстүнөн иштеп жатканда “бул ырыбыз элдин жүрөгүнө жетсе” экен деп тилегем. Тилегим ишке ашты. Кайрадан кыргыз тилинде ырдап жатканыма сыймыктандым. Бул ыр Кыргыз жерине жакшы жайылганын мага социалдык тармактар аркылуу жиберилген видеолордон байкап жаттым. Мекендештерим өздөрү ырдап видео жөнөтүп турушат. Албетте, акцент менен ырдаганымды шылдыңдагандар да жок эмес. Медалдын эки жагы бар эмеспи (күлүп). Ошентсе да жеңиш мен үчүн аябай маанилүү болду.
– Көп жылдан кийин кайрадан кыргыз тилинде ырдоо оор болгон жокпу?
– Белгилүү болгондой, мурун кыргыз тилинде ырдап жүрчүмүн. “Элес” тобу менен “Кыз-Бурак” жана Нури менен “Балама” деген ырларды аткаргам. Кыргыз жеринде жашап жүргөндө кыргызча ырдаган жеңил болчу. Анткени тилди угуп жүрчүмүн да. Кыргыз жеринде жашабай калганыма, кыргызча сөздөрдү укпаганыма 17 жыл болду. Бирок “Жаным, жаным” ырын ырдап жатканымда ырдын үстүнөн өтө көп иштедим. Ар бир сөздүн маанисин түшүнүп, кечке жаттап, анан ырдадым. Тилим келбей жаткан жерлерин кайра-кайра кайталай бердим. Негизи эле башка тилде ырдап жатканда сөздүн үстүнөн өтө көп иштейм. Кыйынчылык тилде эмес, ошол ырдын маанайын, түпкү маанисин жеткирип ырдоо кыйыныраак.
– Жашооңуздун кайсы учурунда ырчы болом деген чечим пайда болду?
– Студент кезимде. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде окуп жүргөндө ырчы болууну чечтим. Анткени ырдагандан ырахат аларымды байкадым.
– Музыканы сүйөм деп калдыңыз. Бирок чыгармачылыктан чарчаган учурлар болобу?
– Болот. Бирок мен бардык нерседен эргүү алганга аракет кылам.
– Кыргыз жерин эстегенде биринчи көз алдыңызга эмнелер тартылат?
– Оо, менин сүйүктүү Кыргызстаным! Балалык, жаштык эң сонун күндөр эмеспи. Балалыгым, жаштыгым ошол жерде калды. Ысык-Көл кандай ажайып жер. Биздин жердин мөмө-жемиштери, элдин меймандостугу өзгөчө эмеспи. Базарларчы? Тандырга бышкан ысык нанды каймак менен жегендеги даамы, жыты али да таңдайда (күлүп). Тандырдан жаңы чыккан ысык нан менен дарбыз жеген андан да сонун. Тоолор, ажайып сулуу жерлер... Кыргыз жери дегенде көз алдыма мына ушулар тартылат. Билесизби, Кыргызстанга барганда өзүмдүн үйүмө баргандай сезимдер болот.
– Биздин шоу-бизнес өкүлдөрүнүн ичинен досторуңуз барбы?
– Тыгыз байланышпаганым үчүн өтө жакын мамиледеги адамдар жок. Бирок көбү менен сый мамиледемин. Бир чөйрөдө жүрсөк дос болуп кетишибиз мүмкүн эле.
– Испаниядагы жашооңузду айта кетсеңиз, эмнеси жагат?
– Дүйнөдөгү бардык мамлекеттердей эле бул өлкөнүн да жакшы, жаман жактары бар. Мага аябай жакканы – элинин меймандостугу, бири-бирине аяр, сый мамиле жасаганы. Анан кыштын күнү да күн тийип турат, ошонусу менен жагымдуу. Күн тийип турганын өтө жакшы көрөм. Чет элдик болгонума карабай бул жерде бактылуумун. Эң жакын адамым, досторум, кесиптештерим бул жакта. Эң негизгиси өзүм сүйгөн музыка менен алектенем. Бул нерсе адамды аябай бактылуу кылат.
– Эң биринчи жеңишиңизди эстеп көрсөңүз...
– Мөлтүр булак” деген сынактан биринчи орунду алгам. Анда 16 жашта болчумун. “Bangles” тобунун “Eternal Flame” деген ырын ырдап жеңип алгам. Советтик улуу композитор Евгений Крылатов диплом тапшырган.
– Жашооңуздагы эсиңизде калган эң жакшы кеңешти кимден алгансыз?
– га жол көрсөткөн, кеңеш бергендер мугалимдерим, устаттарым, ата-энем, жакындарым болду. Бирок бир окуяны унутпайм. “Евровидение-2005” сынагынын тандоо турунда жүргөм. Түз эфирде элдин добушу менен сынактын кийинки туруна өтүп кеттим. Карасам эле өткөндөрдүн сап башында турам. Өзүм күткөн эмесмин, чогуу ат салышып жаткандар андан бетер күтүшкөн эмес. Анткени таптакыр таанымал эмес ырчы болчумун. Ырчы Слава (ред.: орусиялык ырчы) жанында турганымды байкабай шылдыңдай баштады. Капысынан ийиниме бирөө колун койду. Карасам ырчы Филипп Киркоров экен. “Азаматсың! Алдыга! Колуңдан келет!” деди. Ошол колдоосу аябай жагымдуу болгон. Киркоровдун бул кеңешин, колдоосун өмүр бою унутпайм.
– Жолдошуңуз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Жогоруда Кыргыз жери тууралуу айтпадымбы. Эң унутулгус күндөрүбүз да ошол жерде болгон. Жолдошум менен 18 жыл мурун Кыргызстандан, дискотекадан таанышкам.
– Жаңы жылда белек алганды жакшы көрсөңүз керек?
– Кымбат баалуу белектерди көп алдым. Аябай көп адамдар белек беришкен. Бирок бүгүнкү күндүн эң чоң белеги мага элдин колдоосу болду. “Жаным, жаным” ыры да элдин тандоосу менен “Жылдын супер ыры” аталды. “Евровидение-2005” сынагында да элдин добушу менен ийгиликке жеттим. Кайсы бир күчтөр аркылуу эмес, элдин тандоосу менен чыгармачылыкта келе жатам.
– Окурмандарга жаңы жылдык каалооңуз.
– Урматтууларым, күйөрмандарым, угармандарым, дүйнөдө сүйүү болсун. Үйүңөрдө, үй-бүлөңөрдө, жүрөгүңөрдө сүйүү болсун. Өзүңөрдү жана жакындарыңарды кастарлагыла, сүйгүлө. Ден соолук жана молчулук болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Оо менин суйуктуу Кыргызстаным деп окуп баштаганда козумдон жаштар чууруп, олкобузго болгон сый урматы, жакшы эскеруулору учун ыйладым. Эмне деген ажайып жерде жашап калганбыз. Мамлекетибиз бутун болуп, онуксо экен!