СМОГ. БРОНХИТ, ЖҮРӨК ЖАНА АСТМА ООРУСУН КҮЧӨТӨТ

“Смог” аталган кара түтүн – заманбап коомдогу олуттуу экологиялык маселе. Смог көптөгөн шаарларды каптайт, мисалы, Лондондон Пекинге чейин. Кийинки жылдары алардын катарына Бишкек да кирип калды. Смогдун организмге зыяны, андан коргонуу ыкмалары боюнча маалымат алуу үчүн Онкология жана гематология улуттук борборунун торакалдык бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Мукаш Бейшембаевге кайрылдык.

«БИШКЕКТЕ СМОГДОН КӨП ЖАБЫРКООЧУ 2 АЙМАК БАР»

– Бишкектеги смог – бул Жылуулук электр борбору баш болуп, мазут, көмүр жагып иштеген ишкана-мекемелерден, мончолорду жана үйлөрдү жылытуу үчүн мештерге жагылган көмүрлөрдөн чыккан түтүн-ыштардан, унаалардан чыккан газ, түтүндөрдөн түзүлөт. Смогдун дароо таркабай туруп калышынын себеби Бишкектин географиялык жайгашуу ордуна байланыштуу. Маркум эколог Эмил Шүкүров: “Бишкек чуңкур (ойдуң) аймакта жайгашкан. Бизде катуу шамалдар өтө аз болот. Аба туруп калат. Суук мезгилде шаардагы абанын температурасы курчап турган чөйрөдөгү абанын температурасынан 5 градус өйдө. Мындай “жылуу калпак” анчалык катуу эмес шамалды өткөрбөйт. Бул шаардын шамалдап туруусуна тоскоолдук кылат”,- деп айтканы бар.

Менин өзүмдүн изилдөөмдө Бишкекте смогдон көп жабыркоочу 2 аймак бар. Бири Жибек Жолу көчөсүнөн ылдый, “Дордойго” чейинки аймак. Анткени ал жак саздак, Чоң Чүй каналы да бар. Саздуу жердин абасы нымдуу болуп аба оорураак келет. Андай абага смог кошулат. Смогдун да салмагы таза абага караганда оор. Андыктан аба алмашуу начар жүрүп, смог уюп тура берет.

Экинчи аймак – бул Жибек Жолунан Ахунбаев көчөсүнө чейинки аймак. Анткени ЖЭБ бар жана унаалар абдан көп каттайт.

Аллергиялык жөтөл, бронхит, астма күчөйт

Смогдун курамы организмге терс таасир берүүчү заттардан турат. Катуу смог учурунда Пекин, Лондон сыяктуу ири шаарларда ооруканага түшкөндөрдүн саны өсөт. Бишкектеги смог бир нече күндөп турса аллергиялык жөтөл, бронхит, бронхиалдык астма, кан басым, стенокардия оорусунун кармашы же курчуп, күчөшү мүмкүн. Себеби смог дем алуу жолдорун дүүлүктүрөт жана сезгендирет, организмге таза аба жетпей "кычкылтек ачарчылыгы" жаралат. Терс таасири өзгөчө жаш балдарга тиет. Алардын иммунитети чоңдорго караганда алсыз болгондуктан дем алуу органдарынын, анын ичинде өпкө ооруларына чалдыгуулары мүмкүн. Чоңдордун ишинин да сапаты начарлайт.

Кара түтүн учурунда адамдарга дем алууга оордук келтирчү учур эртең мененки жана кечки мезгил. Экологдордун айтымына караганда, эртең менен смог жер кыртышына жакын турат. Түшкө жакын (саат 11лер) жердин бети жылып, агылып кирген аба агымынан “кир” туман өйдө көтөрүлөт. Смог шамал жок кезде таркабай тура берет. Ал эми кечкисин адамдар үйлөрүнө отту көбүрөөк жагышкандыктан саат 9-10дордо эшикке чыккан адам түтүндү кадимкидей сезиши мүмкүн.

Арылуу жолдору кайсы?

Шаарды смогдон арылтуу үчүн Жылуулук электр борборун заманбап фильтрлөөчү шаймандар менен жабдуу, конуштарды газ менен жылытуу системине өткөрүү, эски унааларды алып келүүгө тыюу салуу керек. Үйдү же мончону жылытуу үчүн резина же тигүү цехинен чыккан чүпүрөк-чапырактарды жаккандарга айып пул салып тим болбой, андан күчтүүрөөк чара көрүлүүсү зарыл.

"Супердин" сурак бурчу

БИШКЕКТЕГИ СМОГ СИЗГЕ КАНЧАЛЫК ТААСИРИН ТИЙГИЗИП ЖАТАТ?

Асылкан Бектенова, 60 жашта, пенсионер:

– 5 неберем бар. Окугандары мектепке барып-келгиче ыш, көө, түтүн, газ менен дем алгандан бат-бат ооруп калып жатышат. Сейилдегени чыга албай калдык. ЖЭБге түтүндү тазалоочу заманбап фильтр коюлуп, элди көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүү керек.

Азамат Мусаев, 31 жашта, өнөр жай альпинисти:

– Бишкекти каптаган смогдун сүрөтүн көрүп, ушундай аба менен дем алып жаткан экенбиз деп жүрөгүбүз түшүүдө. Үйдө жаш балдар сасык тумоолоп, жөтөлүп жатышат. Билишимче, смог ооруну, жөтөлдү күчөтүп жиберет экен.

Ширин Искакова, 44 жашта, укалоочу:

– Терезелерди ачып желдетели десек үйгө түтүн, ыш, көө кирет. Смогдон иммунитет төмөндөп, өпкө жана башка органдар жабыркайт. Чоң ишканалар эмне жагып жатканын текшерип, чара көрүү зарыл. Шаардагы конуштарды газ менен камсыздаса смог азаймак.

Манас Оңолканов, 24 жашта, жолчу:

– Менин өзүмө зыяны азырынча билине элек. Бирок экологияга, кош бойлууларга өтө зыян. Таза аба жетишсиз болуп, бала салмагы аз же оорулуу болуп төрөлүп калышы мүмкүн. Балдарда, чоңдордо деле оорулар жаралат.

Закия Жээналиева, 59 жашта, мугалим:

– Мектепте бир класстан эле “башым ооруп, кускум келип жатат, жаман болуп жатам” деп күндө бир нече бала суранат. Ата-энелер, биз да муну смогдун терс таасиринен деп жатабыз. Смог кабыл алууну, ойлоону да начарлатат экен. Аны менен күрөшүү катуу колго алынышы зарыл.

Эльдияр Курманбаев, 30 жашта, курулушчу:

– Капкара болгон түтүн кантип ден соолукка, экологияга зыянын тийгизбей койсун? Минте берсе ансыз да эптеп жашап жаткан элде өпкө оорулары көбөйөрү бышык. Өкмөттөгүлөр чөнтөгүн толтуруунун эмес, смогду болтурбоонун айласын табуулары керек.

Назира Арыкбаева, 50 жашта, биолог:

– Уулуу түтүн, газ менен дем алганыбыз аябай билинет. Бул ооруларды пайда кылат. Шаарда турак жайлар баш аламан салынгандыктан аба алмашуу начар. Дарактарды кыйып жатышат, тигилген көчөттөр өтө аз. Булар смогго жеткирүүдө.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-12-30 09:12:00
Смог дебей,кара ыш же тутун деп жазса болбойбу?
+1
momun74
2019-12-30 12:01:20
Быйыл куз келгенден баштап балабыз улам улам тамагын кырынган адат пайда болду жакшы дем жетпей жатат деп ооруканалап журобуз мумкун ушул ыш тутундун кесепетидир..
+1
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан