Алихан: «9-КЛАССТА «КӨЗҮМ АЧЫЛЫП...»

Бойдоктор бурчу

Кыз кыялындагы жигиттердин бири Алихандын гезит беттерине чыккан сүрөттөрүн канчалаган кыздар кыркып алып сактап, анын ырларын кайталап уккандан тажашпайт. Ошол кыздардын арасынан бир сулуу Алихан менен кол кармашып калышы да мүмкүн. Анткен менен Алихан азырынча бойдок.

АЛИХАН
Туулган жылы – 1989-жыл, 1-май
Жылдыз белгиси – Букачар
Бою – 178 см, салмагы – 70 кг
Фобиясы – Терең суу
Учурда – Юридикалык академиянын 4-курсунун студенти

– Алихан, сүйүү сага качан келген?
– Чынын айтсам, сүйүү же жактыруу сезими экенин биле албайм, бирок бала бакчага барып жүргөндө Майрам деген кызды жакшы көрчүмүн. Анан өзүм уялып, дос балдарымдан шоколад берип жиберчүмүн. Ошентип, сүйүүмдү шоколад менен билдиргем.
– Кызды алгач өпкөнүң эсиң­деби?
– Албетте, алгачкы өбүшүү баарынын эле эсинде калат болуш керек. Мен 9-класста окуп жүргөндө көзү бакырайган, бою узун кыз менен (атын атабай эле коёюн) өбүшкөм. Азыр деле эстегенде жылуу сезимдер келет.
– Кыздар менен таанышканда сөздү эмнеден баштайсың?
– Башка мырзалардан анчалык деле айырмаланбайм. Кээде саат сурап, кээде комплимент айтуу менен сөз ыргытам.
– Кыздарга жагуу үчүн эрдик кылып көрдүң беле?
– Жок, андайга бара элекмин. Буга эч кимди чындап сүйүп көрө элегим себеп болсо керек.
– Төшөк даамын качан татканыңды жашырбай айта аласыңбы?
– Ий, мейли эми, суроо узатылгандан кийин аны жоопсуз калтырбайын. 9-класста окуп жүргөнүмдө пландалбай эле болуп кеткен. Негизи, ал кыз өзү көзүн сүзгөн. Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болчу. Мүмкүн, анын сулуулугуна арбалгандырмын...
– Өзүңдү романтикмин деп эсеп­тейсиңби?
– Романтика чеги менен болсо, зыяны тийбейт.
– Кызганчааксыңбы?
– Ооба.
– Кандай мүнөздөгү кыздар жагат? Кыялыңдагы кыз...
– Акылдуу, мени, ата-энемди сыйлаган кыргыздын жөпжөнөкөй кыздары жагат. Кыялымдагы кыздын чачы узун, көздөрү бакырайган, ак жуумал, бою өтө узун эмес. Баса, өтө арык да, толук да эмес болуш керек.
– Кыз сен үчүн биринчи кезекте ким?
– Эгерде мага бир кыз жагып калса, аны болочок балдарымдын энеси катары элестетем. Ошондуктан мен үчүн кыз – болочок эне.
– Акыркы жолу качан жана кимге эмне белек бергенсиң?
– Апамдын туулган күнүнө алтын билерик белек кылгам.
– Аялзатынан сенин дарегиңе айтылган эсте калган жылуу сөз же көңүлүңдү калтырган ачуу сын...
– Эсимде жок. Бирок мага “сволочь” деген сөз таптакыр жакпайт. Көчөдөн кимдир бирөөлөр ушинтип сөгүнүп жатышса да кыжырым келет. Ал эми аялзатынан эсте калган жана дайыма угуп жүргөн жылуу сөз – “көпөлөгүм”. Минтип мени апам эркелетет.
– Кыздык белгиге маани бере­сиңби?
– Албетте, маани берем. Азыр көпчүлүк маани бербей калышты. Бирок мен үчүн бул аруулуктун, тазалыктын белгиси. Кыргыздын эң бир таза калк экенин мына ушундай нерселерди баалаганынан билсе болот.
– Кыздардын келбетиндеги кайсы мүчөгө көп көңүл бурасың?
– Эң биринчи көзүнө кадалам. Кыздын көзүн жан дүйнөсүнө болгон терезе деп түшүнөм. Көз карашынан эле бир топ нерсени билип алса болот. Көздөрүнө бир көз токтотуп алгандан кийин келбетине өтөм.
– Сүйүүсүз кумарга батууга кандай карайсың?
– Сүйүүсүз кумарга батуубу? Түз эле карайм. Бирок тырмактын учундай болсо да жактыруу болуш керек го.
– Кечиримдүүсүңбү?
– Ооба, кечиримдүүмүн.
– Эгер сүйгөнүң туура эмес жолго түшүп алса, кечирер белең?
– Жок, анда таптакыр кечире албайм.
Аялың ажаан чыкса, эмне кыласың?
– “Кыз кезинде баары жакшы...” дегендейби? Анда эч ким жокто сүйлөшүп, маселени кабыргасынан коюп, аны чечүүгө аракет кылат болчумун. Башкача айтканда, тарбиялаганга аракет кылмакмын.
– Канча балалуу болгуң келет?
– Кыялымда 5 балалуу болгум келет.
– Кой сойгонду, устукандаганды, эт туураганды билесиңби?
– Койду көп эле союп жүрөм. Ал эми устукандаганда улуураак бирөө жанымда турушу керек. Этти шапа-шупа туурай салам.
– Акчалуу айым, акылдуу айым, ажарлуу айымдар ортосунда тандоо болсо, кимге тараза ташың оомок эле?
– Акылдуу айымды тандайм.

Алихандын жүрөгүнөн орун табам десеңиз, Alihan_Kyldanov@mail.ru электрондук почтасына кат жазыңыз.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
milli
2010-08-27 19:38:08
Ii-y oldu Alihan, emi toltura kat alasyn... iygilik...
0
Regenbogen
2010-08-28 17:04:57
a4yk ajtkany jakshi eken,9-klassyn onuguu menen otkon turbajby anda,kyskasy unutulgus jyl boluptur da,a kstati men seni bir jolu korgom 70 kg dele bolbojsun go ajabaj aryk ekensin,birok prijatnij ekensin!
0
swan
2010-08-28 17:14:43
Senin toktotolo elek mezgiling eken,eger uilimon deseng dagi jena ot tebya sbejit
0
ABC
2010-09-02 11:31:39
Swan, айтканына кошулам. токтоло элек, турмушту тушуно элек секелек бала кези экен, по крайней мере, суйлошу ошондой.
0
АйГа
2010-09-02 18:03:03
ABC, на самом деле турмушту аябай тушунгон бала! Мындай туриушту, балачакты откоргон бала- турмушту силерден сонун тушунот.
Алихан, кай жерде болбо - озуно баардык жакшылыктарды каалайм!
0
ABC
2010-09-07 16:53:20
АйГа, сен менин ким экенимди тааныбайсын. Мумкун 40 жаштагы аялдырмын, же эркек киши. Алихандын турмушту менден жакшы тушунгонун кайдан билип койдун?
0
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан