ФИФА ЖАНА АФК БИШКЕККЕ ФУТБОЛ БОРБОРУН КУРУУГА 10 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛДҮ

Бишкекте 5 миң кишиге ылайыкталган футбол борбору курулары күтүлүүдө. Бул ишке бюджеттен каражат сарпталбайт. ФИФА менен АФК бул үчүн 10 миллион доллар грант бөлдү. Аталган борборду куруу үчүн эми шаардык мэрия 8 гектар жер бөлүп берүүсү керек. Жер маселеси ушул жылдын 31-декабрына чейин чечилбесе, ФИФАнын гранты футбол борборун куруу үчүн башка өлкөгө өтүп кетерин Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти. Жер бөлүп берүү маселеси учурда мэрияда каралып жатат. Жакында Футбол федерациясы курула турган футбол борборунун макетин жарыялаган. Ага ылайык, борбордо 3 чоң жана 6 мини футбол үчүн оюн талаасы, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар болот.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан