САДЫР ЖАПАРОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

“Бийлик өкүлүн барымтага алуу” беренеси менен айыпталып, 11 жыл 6 айга соттолуп, абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров ырайым сурап президентке кайрылганына 2 айдан ашты. Бирок өлкө башчысы тарабынан эч бир жооп болбой келе жатат. Буга байланыштуу 19-декабрда Бишкекте Максим Горький атындагы сейил бакта Жапаровдун тарапташтары “Садыр Жапаров акталып, бошотулсун!” деген талап менен митинг өткөрүштү.

Митингге саясатчылар Камчыбек Ташиев, Жылдызкан Жолдошева, экс-депутаттар Бактыбек Калмаматов, Каныбек Осмоналиев да келишти. Алар да “Жапаров күнөөсүз” деген пикирлерин айтышты. Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов: Садыр Жапаров камалгандан кийин атасынан, апасынан, быйыл болсо уулунан айрылды. Бул окуялардан кийин туугандарына жогору жактан кайрылышып, “ырайым сураса, чыгарабыз” деп айтышкан экен. Туугандары Садыр Жапаров макул болбогонуна карабастан ырайым суроо катын жаздырып алышып, 23-сентябрда тиешелүү органга тапшырышыптыр. Андан бери 2 айдан ашты” ,- деди.

25-декабрдагы маалымат жыйынында президент Жээнбеков Садыр Жапаров боюнча популисттик убада бербей турганын, баары мыйзам аркылуу чечилиши керектигин билдирди.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Садыр Жапаров бошотулсун!” деген ураандын астында митинг өттү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан