БИР БҮРКҮМ. ЖЕМКОРЛОРДОН КАЙТАРЫЛГАН АКЧАГА МЕКТЕП КУРУЛУУДА...

  • 20-декабрда Евразия экономикалык кеңештин жыйынына барган өлкө башчынын учагы бузулуп, ал каттамдык учак менен кайтты.
  • Сооронбай Жээнбеков: "Электр энергиясы тармагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат".
  • Алайга Улуу Памирден 44 этникалык кыргыз көчүп келди, анын 24ү балдар.
  • Парламент комитетинде март айынын үчүнчү жумасын “Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү” деп жарыялоо жөнүндө токтом долбоору колдоо тапты.
  • Өкмөт убактылуу айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн февралга чейин узартышы мүмкүн.
  • 2020-жылдын январь айынан баштап Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак жол" – "Кордай" өткөрүү пункту реконструкция иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
  • 31-декабрда чет жактан ташылып келген автоунааларга берилүүчү жеңилдетилген салыктын мөөнөтү аяктайт.
  • Укук коргоочу жана камактагы бир нече саясатчынын адвокаты Нурбек Токтакунов телефондон коркутуу болгонун айтып, милицияга арыз менен кайрылды.
  • Ошто жемкорлордон кайтарылган акчага 500 орундуу мектептин курулушу башталды.
  • Депутат Ирина Карамушкина: “Президентке импичмент жарыялоо мезгили келди”.
  • Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги: "2019-жылы кыргыз спортчулары жалпысынан 1306 медаль утушкан. Анын 442си алтын, 367си күмүш жана 497си коло".
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 200дөн ашык ардагери бар.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан