Кыргызстандык ырчы Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлүп жаткан “Голос” музыкалык шоусунун жарым финалына өтүп, кыргыз элин кубанычка бөлөп турган чагы. Чейрек финалда аз жерден долбоордон четтеп кала жаздаган ырчыны Константин Меладзе өз командасында алып калган. Бул тууралуу ырчы мындайча баяндап берди:
– Негизи ошол “Нокаут” таймашында аткарган ырым өзүмө да абдан жаккан. Бирок тилекке каршы, устатым Валерий Сюткин тандаган жок. Ошентсе да Константин Меладзе мени долбоордо алып калган болчу. Ал эми чейрек финалда устатыбыздын добуштары үч катышуучуга 50, 30, анан 20 пайыз деп бөлүнүп, алардын 30 пайызы мага буюрган эле. Дагы элден келген СМС добуштардын жыйынтыгы кошулуп жарым финалга жолдомо алдым. Кубанычымда чек жок, артымда мени кыргыз элим колдоп турганын сезип турам. Учурда 27-декабрда боло турган жарым финалга катуу камынып жүргөн убагым. Мен, атаандашым Аскер жана ырчы Пелагея үчөөбүз бир ыр камдап жатабыз. Ал күнү кыргыз элиме камдаган чоң сюрпризим бар. Андыктан өткөрүп жибербеңиздер демекчимин. Анан да айта кетчү нерсе, эми менин долбоордогу тагдырым СМС добуштардан көз каранды болмокчу.