Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева социалдык тармактагы баракчасына Коомдук каналдын жаңы жылдык “Көгүлтүр от” берүүсүнө катышпай калгандыгына нааразы болгонун жазып чыкты. Билдирүүсүндө 1988-жылдан бери кыргыз маданиятына сиңирип келе жаткан эмгеги эске алынбай, КТРКнын көркөм жетекчиси Мирлан Самыйкожо аталган берүүгө ырчыны кошпой койгондугу жазылган. “Күйөрмандарыма алдын ала эскертип коёюн, “телеберүүдөн сени көрбөй калдык” деп жүрбөгүлө” деген ырчы бул билдирүүсүн мындайча чечмелеп берди:
– Мен Коомдук каналдын директоруна жолукканымда, ал “бизде көркөм кеңеш бар, анын жетекчиси Мирлан Самыйкожо. Ошол чечет” деген. Чынында, ал берүүдө жыл бою активдүү иштегени деле, таптакыр унутта калганы деле ырдап жатышпайбы. Мага “тизме түзүлүп бүткөн” деген жооп узатышты. Тизмедегилер кимдер экенин көрүп коёюн десем өңү-башы бозоруп “тизме такталып калган” деп басып кетти. Мен Мирландын “чоң” болуп калганын деле билбептирмин. Мурун чогуу эле жүргөнбүз да, ошондой көрүп эле сүйлөй бериптирмин.
Ал эми бул маселе боюнча Коомдук каналдын көркөм кеңешинин төрагасы, акын Мирлан Самыйкожо аталган окуя тууралуу буларга токтолду:
– Учурда жаңы жылдык берүүлөр тартылып жатат. Анда кимдер катышып, кимдер ырдаары аныкталып бүткөн. Анын баары көркөм кеңеш аркылуу бекитилет. Быйыл мен жаңы жылдык көрсөтүүлөр үчүн атайын жобо жазып чыккам. Анда 2019-жыл жаңыргандан бери кимдер чыгармачылыкта изденип, жаңы чыгармаларды жаратып, жаңы клиптерди тарттырып, ушул жылы өзгөчөлөнө алгандарды гана жаңы жылдык берүүлөргө тартабыз деп чечкенбиз. Анткени көрүүчүлөр “бул ырын былтыр эле ырдады эле” деп айтышат да. Азыр Асанкалыйдын, Рыспайдын ордун баса турган таланттуулар бар. Алар эмгектенип, эл аралык сынактарга катышып, чыгармачылыгын өнүктүрүп жатышса аларды чыгарганга эмнеге болбосун? Кыргыз эли ыр жандуу эл. Учурда өлкөбүздө 800 ырчы бар экен. Анын баарына чалып, “сиз быйыл кандай иштедиңиз?” деп отурбайбыз да. Бул берүүлөргө катышуу үчүн эч ким эч кимге акча берген жок. Эгер мындай маалымат уккан бирөө-жарым болсо мага кайрылсын.