Өткөн аптада, тагыраагы, 19-декабрь күнү ырчы, актриса Асема шаардагы төрөтканалардын биринде көз жарып, балканактай уулдуу болду. Бул ирет төрөтүнүн жеңил болгонун айткан ырчы баласына Байхан деген ысым ыйгарышканын кабарлады.
– Балабыздын салмагы 4 килограмм, бою 52 сантиметр болуп төрөлдү. Улуу балдарым дагы 4 килограммдын тегерегиндеги салмакта төрөлүшкөн. 3-4 күн бою наристебизге ат тандадык. Үй-бүлөбүз менен ар кандай варианттарды айтып, бирине да токтоло албай жаттык. Акырында жолдошум мен тандаган Байхан деген атты жактырды. Улуу балабыз Адахандын ысымына да уйкашып калды. Балдарыбыз чоңоюп калышыптыр, анча-мынча үй жумуштарына жарап, кол кабыш кылып жатышат. Кубанычтарында чек жок. Жаңы жылга дешип кичинекейибизге да белектерин камдап алышыптыр. Азырынча ымыркай ыйлабай уктап эле жата берет эмеспи. "Мен көтөрөйүнчү" деп талашып жатышат,- дейт Асема.
Наристенин бешик боосу бекем болсун!