Күлкү – ден соолуктун мүлкү
“Тамашоу” Лигасы негизделген жылдан баштап жайында Ысык-Көлдө фестиваль өткөрүүнү салтка айланткан. Быйыл да “тамашоучулар” керемет Көл аймагын шаңга бөлөп кайтышты. “Жайкы фестиваль-2010” эмнеси менен эсте калганын, ким жеңгенин эске салып, "Тамашоунун" соңку жаңылыктарын сунуштайбыз.
ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Быйылкы Жайкы фестиваль түштүктөгү кандуу окуяларга байланыштуу күлкү майрамынын кеңири кулач жайбагандыгы менен өзгөчөлөндү. Өлкөдөгү коогалаңдан улам уюштуруучулар фестивалды жарнамалабай, ич ара тар чөйрөдө өткөрүүнү чечишкен. Тамашалар да, негизинен, "Тамашоунун" "ашканасы" тууралуу болуп, командалар бири-бирин күлкүгө салышты.
Көлдө эс алуу жагынан бир да “тамашоучу” кайдигер калган жок. Баары уюшкандыкта сапар алып, бир ок менен толтура коёндорду атып келишти. Алар юмор жагынан таймашып, көлгө түшүп гана тим болбостон, сууда синхрондуу сүзүү жана футбол боюнча да күч сынашышты.
КӨЛДҮ НАРЫНДЫН ШАМАЛЫ КАПТАП...
Ооба, быйылкы фестивалды ушинтип мүнөздөсөк болчудай. Анткени фестивалда Нарындын “Саяктар” командасы сыйлыктарга ээ болуу жагынан алдына эч кимди чыгарышпады. Алар “Мыкты команда” жана “Мыкты оюнчу” наамдарына футбол боюнча чемпиондукту да кошуп алышты.
Ал эми Көлгө эң алыстан келген ОшТУнун “No name” командасы сүзүп келгенби, айтор, сууда синхрондуу сүзүү боюнча жеңүүчү аталышты. Кошумчалай кетчү нерсе, калыстар тобунун төрагасынын милдетин “Тамашоу” Лигасынын администратору Нурлан Жаныбеков аркалады.
"САЯКТАР" КОРКУШТУБУ?
Быйылкы сезон октябрь айында Күзгү фестиваль менен башталат. Сентябрда “Тамашоунун” күйөрмандары үчүн “Баягылар” менен “Саяктардын” ортосунда “Тамашоу Файт” өткөрүү пландаштырылган.
Баса, өткөн сезондун чемпиону “Саяктар” быйыл сезонго катышпастыгын кошумчалай кетели. Бул тууралуу команданын капитаны Азамат мындай дейт: "Күзгү фестивалда биздин акыркы чыгуубуз болот. Акаев менен Бакиев деле кетишпедиби. Биз алардай болбой, жаш "тамашоучулар" митингге чыга электе өз ордубуз менен чемпион катары кетүүнү чечтик. Эми "Саяктар" командасын күйөрмандар "Тамашоу Файт" долбоорунан көрө алышат".
НААМДАР БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:
“Мыкты команда” – “Саяктар” жана “АзаСанчик”
“Мыкты тамаша” – “Ак кеме”, “Юристтер” жана “KG 77”
“Мыкты оюнчу” – Зияш (“KG 77”), Азамат (“Саяктар”)
Сууда синхрондуу сүзүү – “No name” (ОшТУ)
“KG 77”
Жаш жигит таң атпай дүкөнгө кирип, сатуучуга:
– Эже, кечээ көп ичип, катуу майрамдап койдук эле. Ошого баш жазыш керек. Аябай кыйналып жатам. Самын барбы, самын?
– Бар.
– Адалбы?
– Жок. Андай самын болбойт да.
– Анда албайм!..
ххх
Уурулардын маегинен:
– Бүгүн сенин кезегиң. Уурулукка сен чыгасың.
– Эл-журт, жардамга! Айланайын эл-журт, ким бар?!- десе үн чыкпайт. Анда ал:
– Балдар, кеттик уурулукка. Көрдүңөрбү, эч ким жок экен...
ххх
Саясат менен дос болсоң, 5 жылдан кийин бейишке барасың.
“ЮРИСТТЕР”
– Ичиң күйөт деген эмне экенин билесиңби?
– Жок, айтсаң...
– Сен көлгө сүйлөшкөн кызың менен барасың да. Анан ал жактан толтура кыздарды көрүп алып ичиң күйөт. Көлгө сүйлөшкөн кызыңды ээрчитип алып “Тамашоу” Лигасына барсаң да ич күйөт.
– Сенинби?
– Жок, кызыңдын. Анан дагы лазы бар го...
– Ии...
– Ошону көп жеп алсаң да ичиң күйөт. Ошондой эле көл жээгинде ичиңди ачып жатып алсаң да ичиң күйөт!..
“АЗАСАНЧИК”
Бишкекте “Биз эл менен” деген жаңы супермаркет ачылды. Бул супермаркетте 5 жылда бир баары бекер болот.
ххх
Эрмек Нурбаев Нью-Йорктун бир көчөсүндө баратса, бир жигит таанып калып:
– Оо, Ermek Nurbaev! From Kyrgyzstan! “Tamashow!”- деп кыйкырып, кол тамга сурап, ары-бери чуркап элди чакыра баштаганда Эрмек:
– Койчу, Омар, баары бир эч ким тааныбайт экен. Жүрү, кыргыздар жашаган кварталга эле баралычы...
“АК-ӨРГӨ СITY”
Орусияда космоско 3-4 жылда бир жолу учушса, Кыргызстандын Түп районунда космоско күнүнө 3-4 жолу учушат.
Кыргызстан. 2020-жыл. 5 жаштагы бала дүкөндө сатуучуга 5 сом сунуп:
– Эже, саламатсызбы?
– Саламатчылык. Эмне берейин?
– 1 “Чупа-Чупс”, калганына 1 “Фонекс” телефонун берип коёсузбу?..
ххх
Ошол эле жылдары “Дордой” базары.
– Диплом алгыла, диплом...
– Эже, кечиресиз, кандай дипломдор бар?
– Дизайнердики, салыкчыныкы, МАИники, ой, толтура. Сага кандайы керек эле? Аңгыча ары жактан:
– Ай, кел менден ал. 1 хирургдун дипломун алсаң, юристтикин кошуп берем...
“САЯКТАР”
Эки адамдын маегинен:
– Азыркы жаштар өздөрүн бир кызык алып жүрүшөт. Мисалы, бул кызды карасаңар, чыпташкан шым, помада, чачы боёлгон...
– Ай, ал кыз эмес, менин уулум!
– Апей, кечиресиз! Сиздей апасы бар экенин билбептирмин.
– Ай, мен апасы эмесмин, атасымын!..
ххх
– Жаңылык! “Спартак” стадионун дунгандар сатып алышыптыр.
– Эмнеге?
– Жусайды кенен жерде өстүрүш керек да...
“АК КЕМЕ”
Буратино бутун өл-лө тырмап жатканда от чыгып, өрттөнүп өлүптүр.
“ЮРСКИЙ ПЕРИОД”
Лукашенконун өлүп баратып айткан сөзү:
– Я бы хотел сказать...
– Да, да, говорите...
– Я бы хотел сказать...
– Ну, говорите же!
– Это... Мм... Бакиев кетсин!..
“No name” (ОшТУ)
Ош окуясынан кийин Кыргызстан бир улутка азайып, дүйнө балдарын “кыргыз келе жатат!” деп коркуткан бир улутка көбөйдү.
ххх
Кыргызстандын келечегин ойлогон “No name” командасы да шайлоого катышууну чечти. Кызыгы, алар партия түзөрүн түзүп, бирок аны атоого ат таппай убара болушкан. “Тамашоучулар” акыры “Жыртык көлөч” дегенге токтолушкан. “Жыртык көлөч” – сиздин келечегиңиз! “Жыртык көлөч” – партиялардын партиясы!
Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg