ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ - 2020

Кытайда астрология болжол менен биздин доорго чейинки 2600-жылдары пайда болгон. Бул жааттагы адистер сый, урматка ээ болуп, алардан кеңеш алууга бийликтегилер да, карапайымдар да кайрылышкан. Чыгыш жыл санагы боюнча бул жылы кимди эмнелер күтөт? Астрологдордун божомолуна кайрылып көрөлү.



ЧЫЧКАН

(1924, 1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020)

Бул сиздин жылыңыз, ишениңиз, ал жашооңузга өз изин калтырат. Өзүңүздү ар тараптан өстүрүп, иште жоопкерчиликтүү болсоңуз кирешеңиз өсөт. Бирок айрым учурда намысты жыйыштырып, керектүү эшикти кагуу керек болот. Январда үй-бүлөлүк маселени чечерде 7 өлчөп, бир кесиңиз, болбосо ажырашуу маселеси чыгат. Жазында бир кезде чогуу иштешкен адамдын жардамына муктаж болосуз. Акчага байланыштуу чырга май айында кабылып, юрист же адвокатка кайрыласыз. Августта чөйрөдөгүлөрдүн чыныгы жүзүн билип, көңүлүңүз калат. Сентябрь айы жашооңузга өзгөрүүлөрдү алып келет. Бойдоктор “сүйүктүүм качан мени колдон кармап нике сарайынын босогосун аттайт?” деп күтпөй, өздөрү аракет кылуулары зарыл.

УЙ

(1925, 1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009)

Жашоо түркүн түскө боёлушу үчүн көз караштарды өзгөртүп, оптимист болуу, алдыга карай өсүү керек. Өткөн жашоого байлануунун кажети жок. Каржы кризисинен чыгуу үчүн айрымдар кошумча жумуш караштырышат. Мүмкүн, мурунку иштеген жерине кайтышат. Катарыңызда алдамчы, көрө албастар болот, абайлаңыз. Туугандарга компромисске барып, чырлардан айланып өтүңүз. Карьерадан өсүү үчүн билимиңизди жогорулатыңыз. Үй-бүлөлүк саякатты уюштурууңуз мүмкүн. Январь жагымдуу да, жагымсыз да сюрприздерди тартуулайт. Февралда күтпөгөн жактан акча келет. Кымбат сатып алууларды июлга пландай берсеңиз болот. Сентябрда күтүлбөгөн окуялар чыгып, нервиңизди сынайт. Бойдокторго кол сунгандар чыгат, маселе туура тандоодо болот.

ЖОЛБОРС

(1926, 1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010)

Ишиңиз оң жолго коюлуп, өнөктөштөр колдоп, каржы туруктуу болот. Демек, майда нерселерге алаксуунун, ар кадамды анализдеп туруунун кереги жок. Бирок шартка жараша эпчил, тил тапкыч болуу кажет. Ишеничтүү адам чогуу бизнес ачууну сунуштаса макул болуу оң. Үйдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү пландагандар эртелеп материалдарды алып койбосо кийин кымбатына туш болушат. Толуп кетпөө үчүн аз калориялуу тамактарга өтүңүз. Бойдоктордун чечимине үйүндөгүлөр каршы чыгып, ортодо талаш-тартыштар болот. Чечкиндүүлөр гана нике шакегин тагынышат. Февралда түйшүктөр көп чыгат. Апрелде акчаны туура жакка жумшабасаңыз чыгым тартасыз. Июлда жолугушуулар, иштер көп болот. Октябрь – көп киреше кирчү ай.

КОЁН

(1927, 1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011)

Жашооңуздун бардык тарабына бир эле кезде өзгөрүүлөр кире баштайт. Мүмкүн, жаңы иш таап, үй сатып аласыз же чет өлкөгө иштөөгө кетесиз. Болбогон нерселерге кайгыруунун, пайдасы аз адамдарга көңүл буруунун кереги жок. Көңүлдү көп иштеп, көп каражат табууга коюу кажет. Тагдырыңызда тажрыйбасы менен бөлүшүп, каржылык жардам көрсөтчү адам пайда болот. Аллергия, ашказан жарасы же остеохондроз каалаган убакта өзү жөнүндө эскертүүсү мүмкүн. Текшерүүдөн өтүңүз. Айрымдар жазында жаңы кызматка дайындалат. Үйдү же машинаны алмаштырууга жайында мүмкүнчүлүк чыгат. Күзүндө тагдыр сизди ар тараптан сынап, түйшүк үйөт. Декабрь айы ийгиликтерди тартуулайт.


БАЛЫК

(1928, 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012)

Бул жылы жашооңузда тегиз, даңгыр жол күтүлбөйт. Убакытты, күчтү туура бөлүштүрүп, чуркап иштесеңиз гана ийгиликтер сиздики. Айрымдарга чет жакка командировкага чыгууга, семинарларга катышууга туура келет. Психология, интернет сайт жана юридика тармагындагылар жемиштүү иштешет. Улам топтогон акчаңыз улам бир нерсеге короп жүрүп отурат. Антсе да жайкы эс алууга акча арттыра аласыз. Үйдөгү ынтымак артышы үчүн сын жана акыл айта берүүдөн кармануу керек. Айрым бойдоктор күтпөгөн адамынан баш кошуу сунушун алышат. Үй-бүлөлүүлөр кызганчаактык жана көр жемечиликтен тыйылышса эле мамыр-жумур жашоо кечире алышат. Жайдын этегинде жаңы кызматка дайындаласыз же башка ишке өтөсүз. Күздүн башталышында жол көрсөтүүчү адам табылып, ал сизге жашооңузду жаркын жана маңыздуу кылууга жардам берет. Күздүн аягында чоң кыялыңыз ишке ашат.

ЖЫЛАН

(1929, 1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013)

Ийинден чыгып, бирөөлөрдүн артына жашынуудан качып, кыйынчылыктар менен тике күрөшүп жашай баштаңыз. Чоң жеңиштерге жетишүүнүн мезгили келди! Энергияны келечектүү иштерге жумшоо оң. Ашыкча амбиция жана текеберденүү жашоодо бутуңузду тушаган жип болорун эске алыңыз.

Ийгилик оозу ачыктарды сүйбөйт. Андыктан жетишкендиктерди жарыя кылуунун кереги жок. Болбосо көрө албастар бут тосуп, аброюңузду түшүрүүчү себептерди таап чыгышат. Талапкерлигиңизди татыктуу постко коюңуз. Жан шеригиңиз сиздин жолу болбостугуңузга күнөөлүү эмес. Убак-убагы менен чакан болсо да майрам уюштуруп туруңуз. Апрель айында чечкиндүү болсоңуз кооптуу делген иштен көп акча таба аласыз. Июль – өзгөрүүлөрдүн айы. Болуп өтө турган окуялардын келечекке таасири тиет. Андыктан аярлык керек. Ноябрь айы жалгыз бойлорго сүйүү тартууласа, үй-бүлөлүүлөр балалуу болууну пландашы мүмкүн.

ЖЫЛКЫ

(1930, 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014)

Жыл жеңил жолду убада кылбайт. Кызматтан көтөрүлгүсү келгендер иштеген мекемесине пайда алып келүүлөрү, жекече иш баштайм дегендер баштапкы капиталга акча табуулары кажет. Андыктан тарткан арабаңыздын оордугуна карабай алга жылууңуз керек. Кичине кыйынчылык болсо эле наалыганды токтотуңуз. Жакшы эс алууга, пландаган нерселерди сатып алууга жете тургандай акча топтоого мүмкүнчүлүктөр чыгат. Ийгиликтүү адамдардан дос күтүп, акча табуунун жолдорун көбүрөөк өздөштүрүңүз. Иммунитетти бекемдөөгө, чуркоону же узакка басууну адатка айландырыңыз. Бойдокторго кызыктуу жана сымбаттуу адамдын жүрөгүн багындыруу үчүн активдүүлүк керек.

Апрель айында бир топ кыйынчылыктар чыгат. Эпчилдикти жана тааныштарды пайдаланып, абалдан эртерээк чыгып кетүүгө далалат кылыңыз. Июнь айы сизди ар тараптан жолдуу кылат. Июль – позитивдүү да, негативдүү да учурларга бай болот. Декабрь – ооруларга жакын ай, этият болуңуз.

КОЙ

(1931, 1943, 1955, 1967,1979, 1991, 2003, 2015)

Умтулуу, аракет, кыймыл – жөн гана жашоо эмес, каржы жаатында көз каранды болбоонун жолу дагы. Андыктан убакыт менен тең кадамдап максатка умтулсаңыз, түрдүү кырдаалдарда креативдүү боло алсаңыз, ишиңиз алдыга жылып, каражат жетишерлик болот. Кеңеш үчүн адистерге, туугандарга кайрылуудан тартынбаңыз. Баары ойдогудай болгондо өзүңүздү кастардан эмес, ашыкча амбициядан сактаңыз. Жаңы тааныштарды көп тапканыңыз менен, алардан пайда аз болот. Жазында жана күзүндө пайдалуу келишим түзүү күтүлөт, ага юристтин катышуусунда гана кол коюу керек. Болбосо сизди “отургузуп” кетишет. Май айы чоң кирешени алып келет. Күзүндө иш алмаштырасыз же чет өлкөгө виза ачтырасыз. Бойдоктордун кээ бирлери эски сүйүктүүсү менен табышкылары келет, горизонтто болсо жаңы адам пайда болот. Кимисин тандоо чечими өзүңүздө.

МАЙМЫЛ

(1932, 1944, 1956, 1968,1980, 1992, 2004, 2016)

Көнгөн адат боюнча кыялды көргөзүп, бой көтөрүүнү токтотуп, олуттуу, жооптуу болуу керектелет. Башкалардан көз каранды жана эч нерседен кем болбоо үчүн жыл сизден тез ойлонуп, туура чечим чыгарып, так иштөөнү талап кылат. Элден алган карыздарды берип кутулуңуз. Иште сын, талаш-тартыштар болот, чыдоо талап кылынат. Жылдын экинчи жарымында пландарды ишке ашырууга жолтоо болбошу үчүн жеке жашоону артка жылдырасыз. Айрымдар башка шаарга же районго ишке орношушат. Топтолушу үчүн акчаны үйдө эмес, банкта сактоо оң. Чыгармачыл адамдар жакшы эмгектенип, комплименттерге чөмүлөт. Жан дүйнөңүз тартылып турган адамды жоготуп албоо үчүн аяр мамиле кылыңыз, башкаларга көз кыспаңыз. Март айында жагымдуу окуялар көп болот. Апрелде кооптуу кадамдарды жасабаңыз, болбосо олуттуу зыян тартасыз. Июлда каржы тартыштыгы күтүлөт. Ноябрда чоң нерселерди сатып аласыз.

ТООК

(1933, 1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017)

Татаал кырдалдарда кайраттанып, акылды туура колдонуп иш кылууга туура келет. Мындан эркиңиз чыңалып, көп нерселерге көзүңүз ачылат. Кызматтан жогорулайм дегендерге атаандаштар көп чыгат. Тактиканы туура колдонуңуз. Жаңы креативдүү нерселерден, командировкалардан баш тартпаңыз. Нерв – бул гитаранын кылы эмес, анда ойноонун кереги жок. Каржы жана туугандарга байланыштуу стресстерге кабыласыз, эгер өзүңүздү токтоо жана сыпайы кармасаңыз стресстен чыгып кетесиз. Жыл “иштедим – таптым” девизинин алдында өтөт. Демек, каржыңыз ишиңизге жараша болот. Досуңуз жаңы адам менен тааныштырат, мамиле акырындап сүйүүгө өтүшү мүмкүн. Үй-бүлөлүүлөр жеке жашоодогу маселелерди эч кимди укпай өздөрү чечүүлөрү кажет. Май айында чөйрөдө “согуштун” катализатору болуп калуунун алдын алыңыз. Болбосо айрымдар менен мамиле үзүүгө туура келет. Июнь – көп акча алып келчү ай. Сентябрда сизди өзгөрүүгө түртүүчү окуя болуп өтөт.


ИТ

(1934, 1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018)

Жашоо тийиштүү багытта агыш үчүн өзүңүзгө жана жаңы иштерде кыраакы болушуңуз керек. Сиз принциптерге таянган, бирок кежир жансыз. Маселелерди чечүүдө тажрыйбалуулардын сөзүн укпасаңыз кемчиликтерди кетирип, көп убара тартасыз. Идеяларды башкалар уурдап кетпеши үчүн элге жайбаңыз. Абалга жараша салкын кандуу, өзүмчүл болууга үйрөнүңүз. Чыр-чатактар, материалдык кыйынчылыктар убак-убагы менен болуп турат. Башкысы, майдачыл жана жеңил ойлуу болбоо керек. Пайдалуу тааныштарды күтөсүз.

Негизи жыл ичинде ийгилик сиз тарапта, жашооңузду оңдоого, карьерадан жогорулоого, үй-бүлө күтүүгө, бизнес ачууга кирише берсеңиз болот. Бирок аталгандар көшөрүп иштөөнү талап кыларын унутпаңыз. Март – акчаны бардык нерседен үнөмдөөгө аргасыз кылат. Июль бизнеске, романтикалуу жолугушууларга жол ачат. Ноябрда пайдалуу сунуштун болушу күтүлүүдө.

ДОҢУЗ

(1935, 1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019)

Максаттарга жетүүнүн жолу демилгелүү, иштерман болууда жатат. Жыл ичинде айрымдарга адистикти жана ички дүйнөнү өзгөртүү талап кылынат. Негизи Чычкан жылында жакшылыктар көп болуп, кээ бир маселелер өзү эле чечилет. Каржы жаатында кыйынчылыктар жок. Бюджетиңиз жетишерлик жана ишенимдүү өнөктөштөр болсо жеке ишиңизди ачууга аракет кылыңыз. Бирөөдөн карыз албаңыз, болбосо акчанын айынан узакка чырдашасыздар. Жумуш деп жүрүп үйдөгүлөргө көп көңүл бурбай калуу туура эмес. Сүйүктүү адамыңыз экөөңүздү чырлар ажырата албайт, бирок баары бир сүйлөгөн сөзгө маани берүү керек. Январь айы – дилеммага бай. Олуттуу чечимдерди кабыл алууга аргасыз болосуз. Август – алдоо, азгырык, кумарга жакын ай. Андыктан абайлаңыз. Ноябрда жашыруун сырларды ооздон чыгарбай, абройлуу адамга шек келтирбеңиз.

 Кыстарылган видео 
Чыгыш гороскобу - 2020. Жыл ичинде күтүлгөн окуялар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан