КӨМҮР ИЗДЕП ӨМҮРДӨН АЙРЫЛГАНДАР

2019-жылдын 10-декабрь күнү Сүлүктү шаарынын “Орман” көмүр шахтасында 4 киши газга ууланып каза болду. Каза болгондордун экөө бир тууган, калган экөө ага-инилердин балдары болушкан. Кырсыктан улам бир үй-бүлө бир күндө 4 жакынын жоготту.

“КАЗА БОЛГОНДОРДУН ЭКӨӨ БИР ТУУГАНДАР БОЛУШКАН”

Баткен облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы буларды билдирди:

– Окуя 10-декабрь күнү саат 16:00 чамасында Кокон-Сай участкасында жайгашкан “Орман” көмүр шахтасында орун алган. Каза болгондор Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Айбийке айылынын тургундары болгон. Маркумдар 1985-жылы туулган К.Н. жана 1988-жылы туулган Ш.Н. бир туугандар болушкан. Ошондой эле 1976-жылы туулган Н.А. жана 1996-жылы туулган Н. уулу Кнын да булар менен тууганчылыгы болгон. Маркумдардын сөөктөрү ошол күнү эле жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 258-берене (тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

“ЖАКЫНДА ЭЛЕ ОРУСИЯДАН КЕЛИШКЕН”

Маркумдардын бир тууган иниси Илгиз Насыров агалары жакында эле Орусиядан келип кышка камылга үчүн көмүр казып келгени таякесинин шахтасына барышканын айтып берди:

– Мен окуя кандайча болуп кеткенин билбей калдым. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү келип сөөктөрдү алып чыгышыптыр. Шахта биздин таякебизге тиешелүү. Ошол күнү жакын туугандар ашарга чогулуп, таякеме кол кабыш кылуу үчүн барышкан болчу. Анан казылган көмүрдөн ар ким өз үйүнө 2-3 каптан алып кетмей болгон экен.

Агаларым Кайназар жана Шайназар жакында эле Орусиядан келишкен. Кышка көмүр казып келебиз деп шахтага барышкан. Алар шахтада туруктуу иштешчү эмес. Андан тышкары каза болгон эки жигиттин да бизге туугандык жайы бар. Бирөө биз менен бир уруудан болот, алар менен да катышып турчубуз.

Өзүбүз үй-бүлөдө 5 бир тууган ага-инилербиз. Менден улуусу Шайназар агам эле, ал Орусиядан 3 ай мурун, Кайназар агам болсо 1 ай мурун келген. Ал жакта экөө тең курулушта иштешти. Шайназар агамдын 4 кызы жана жалгыз уулу бар. Уулу жана дагы бир кызы мектеп жашында. Кайназар агамдын артында болсо 1 уул, 2 кызы калды. Анын да уулу менен бир кызы мектепке барат. Бир күндө эки бир тууганымдан ажырап каңырыгым түтөп отурам. Экөө тең жөнөкөй, кичи пейил, ачык-айрым кишилер эле. Орусияга барып иштеп келип, үйлөрүн бүтүргөнгө аракет кылып жүрүшкөн. Шайназар агам быйыл үйүн бүтүрүп бөлүнүп чыккан, Кайназар агам үйүн салып, чатырын жаап койгон болчу. Келерки жылы көчүп бармак. Бала-чакасы азыр биз менен бир тамда турушат. 11-декабрда эки агамды бирдей жерге бердик.

“ШАХТА ОҢДОЛУП, ЖАКЫНДА ИШТЕП БАШТАГАН”

Жабырлануучулардын атын атагысы келбеген тууганы шахтада жакында эле оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, кайрадан иштеп баштаган деп буларды айтып берди:

– Менин каза болгондордун баарына тууганчылыгым бар. Шахтаны 8 жылдан бери иштетип келишет. Шахта, адашпасам, 3 айдан бери иштебей жабык турган. Көрсө, оңдоодон өткөрүп жатышкан экен. Анан 20 күн мурун кайра ишке киргизилип, ачылышын өткөрүшкөн. Алыс-жакын туугандар чогулуп жардамга барып, ар кимиси күчү жетишинче казган көмүрүн алып кетүүнү сүйлөшүшкөн экен. Кырсык 10-декабрь күнү болду. Бирок ага чейин 9-декабрда деле жакын тааныш-туугандар барып, бир нече жолу 2-3 каптан көмүр алып кетишкен. Кээ бирөө "газ чыккан эмес болчу" деп жатышат. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй турабыз. Көмүр казганы баргандар топ-топко бөлүнүп, кезектешип эс алып казып жатышкан экен. Каза болгон туугандарыбыз ичинде казып жатканда экинчи топтогу жигиттер кезеги келип сыртта эс алып жатышкан экен.

ӨКМнын басма сөз кызматы шахта тийиштүү лицензияны алып, мыйзам чегинде иштеп жаткандыгын билдирди. Кыргызстанда шахталарда адам өмүрүн алган кырсык биринчи жолу катталып жаткан жок. Мындай тобокелчиликке барып тиешелүү жабдык же ыңгайлуу кийим менен көмүр казбай, “кыргызчылыкка” салып шахтага кирип кеткендер толтура. Буга чейин октябрь айында Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында өз алдынча көмүр казып жатканда алты адам газга ууланып каза болгон. Тилекке каршы, жеке шахталарда коопсуздук начар бойдон калууда.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан