FFKR AWARDS: ФУТБОЛ ЖААТЫНДА ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

23-декабрда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарып, мыктыларга сыйлык тапшырды. Азем Бишкектеги "Sheraton" мейманканасында өттү. Бул иш-чарада 9 номинацияда жыл мыктылары аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канат Маматов сөз сүйлөп, кечени ачык деп жарыялады. "2019-жыл кыргыз футболу үчүн чоң жаңылыктар менен коштолду. Азия Кубогундагы оюндар, тандап алуу турундагы беттештер. Бүгүн мыктылардын өз сыйлыктарын алышы. 2020-жылы улуттук курама команданы жоопкерчиликтүү беттештер күтүп турат. Мьянма, Монголия жана Япония менен татыктуу беттештерди өткөрүшүбүз керек",- деди ал.
“Футбол боюнча мыкты машыктыруучу” сыйлыгын Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин алды. Ага Баткенден токулган килем белекке берилди. Анда машыктыруучу менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү түшүрүлгөн. "2019-жыл биз үчүн жемиштүү болду. Азия чемпиондугуна чыкканыбыз жана анда оюн көрсөткөнүбүз биз үчүн сыймык. Ушуну менен токтоп калбайбыз. 2020-жылкы оюндарга даярдыгыбыз күч",- деди ал.
Кече кызыктуу башталды. Салтанатта Улуттук курама команданын жана “Дордой” клубунун футболчусу Бекжан Сагынбаев алып баруучулук кызматты аркалап, кечени ачты.
Мирбек Атабеков “Мурас” аттуу ыры менен күйөрмандарды бир толкутса, "Кенч" тобу катышуучулардын маанайын көтөрдү.
"Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" Гүлжигит Алыкулов аталды. "Сыйлык алуу мен үчүн күтүүсүз болду. Номинанттар күчтүү болчу. Валерий Кичин же Эдгар Бернхардт алат го деп ойлогом. Бул сыйлык мен үчүн чоң жоопкерчилик болот",- деди сыйлык ээси.
Кезек номинацияларга келип, мыкты калыстар аныкталды. “Футзал боюнча мыкты калыс” деп Нурдин Букуев аталса, "Футбол боюнча мыкты калыс" деп Сергей Грищенко аталды. Белгилүү рефери Бахадыр Кочкаровго "Футбол доору" сыйлыгы тапшырылды.
"Профессионалдык Лиганын мыкты футболчусу" (Кыргыз Премьер-Лигасынын мыкты футболчусу) сыйлыгына Фархат Мусабеков ээ болду. Ал “Дордой” клубу менен чемпион болуп, сезондо мыкты ассистент аталды. “Бул сыйлык бардыгыбыздыкы.Командалаштарымсыз мындай жетишкендикке жетпейт болчубуз”,- деди ал.
"Мыкты команда" наамын 15 жашка чейинки кыз-келиндер арасында Улуттук курама командасы алды. Бул команда Борбор Азия чемпиондугунда мыкты оюндары менен эсте калган.“Бул сыйлык кыздар үчүн чоң мааниге ээ. Көздөрүндө футбол оту жанган бул футболчуларыбыз дагы көптөгөн ийгиликтерди багынтат”,- деди машыктыруучу Гүлбара Үмөталиева
"Футзал боюнча мыкты оюнчу" сыйлыгына Максат Алимов татыды. Ал Юлдашбай Салимбаев жана Саламат Мамбеталиевди артка калтырды.
“Футзал боюнча мыкты машыктыруучу” наамын EREM командасын чемпиондукка жеткирген Данияр Абдыраимов жеңип алды.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 895, 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан