Франциянын Ницца шаарында орунсуз айтылган тамаша сөздөн улам Рождество майрамына карата өткөрүлүп жаткан жарманке токтотулуп, 3,5 миңден ашык киши аталган аймактан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, кире бериште турган киши полиция кызматкерлеринин бирине “азыр бомба сатып алам” деп шыбырай койгон. Инструкциянын негизинде полиция кызматкери дароо элди эвакуациялоону буюрган. Мындан соң тамашакөй киши кармалып, сот алдында сурак берди. Суракта анын аталган жарманкеге кызы жана аялы менен келгендиги белгилүү болгон. Аялы күйөөсүнүн аябай тамашакөй экендигин айтат. Эки саат тыныгуудан соң жарманке улантылып, коопсуздук кызматы дыкаттык менен иштеди.
Дамира Арстанова
koom@super.kg