Улуттук курама команданын футболчусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун "Неман" клубунун 2019-жылдагы мыкты футболчусу аталды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты жарыялады.
Алыкулов "Неманга" быйыл кошулуп, ушул сезондо 4 гол жана голдук пас жарата алган.
Буга чейин Алыкулов "Супер-Инфо" жана SUPER.KG порталынын "Жылдын супер футболчусу" наамына татыган. Мындан соң Кыргыз футбол федерациясынын "Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" сыйлыгына ээ болгон.
Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg