Минюра Рахимжанова, ырчы: «ОРУСИЯЛЫК КОМПОЗИТОР МЕНЕН ИШТЕШИП ЖАТКАНЫМ ЧОҢ ЖЕТИШКЕНДИК»

Жагымдуу келбети, көмөкөйүнөн чыккан тунук, шыңгыр үнү менен таанымал таланттуу ырчы Минюра Рахимжанова бүгүн биздин маек төрүбүздө. Минюра акыркы убакта сахнадан көрүнбөй кеткенинин себеби, чыгармачылыктагы жаңылыктары, жеке жашоосу тууралуу айтып берди.

– Саламатсыңбы, Минюра? Кирип келген Жаңы жылың менен! Жаңы жылды кандай тосуп алдың?

– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат! Жаңы жылды ойдогудай тосуп алдык. Мен үчүн адат болуп калгандай эле, ата-энемдин жанына айылга келгем. Быйыл жылдагыдан айырмаланып үйдө кичинекей наристе бар. Ата-энемдин биринчи небереси. Кичинекей болгонуна карабай майрам уюштуруп берели деп атайын Аяз ата менен Аяз кыздын костюмдарын ала келгем. Иним Аяз ата болуп, мен Аяз кыз болуп үй-бүлөбүз менен Жаңы жылды шаңдуу тосуп алдык.

– Жыл алмашып жатканда көпчүлүгүбүз өткөн жылга саресеп салып, кирип келе жаткан жылга жаңы пландарды коё баштайт эмеспизби...

– 2019-жыл мен үчүн аябай жемиштүү жылдардын бири болду десем жаңылышпайм. Мисалы, февраль айында вокалдан сабак берген жана музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөткөн студия ачкам. Андан тышкары Крымга барып музыкалык билимимди өстүрүп, мугалимдик тажрыйбамды жогорулатып келдим. Болгондо да орусиялык атактуу композитор Игорь Крутойдон мастер-класс алуу бактысына ээ болгондугумду айта кетүү керек. Ошондой эле орусиялык белгилүү музыкант, пианист, композитор, дирижёр Сергей Жилиндин жаңы түзүлгөн "Таврида" вокалдык-инструменталдык ансамблине вокалист катары кабыл алындым. Крымда өткөн «Таврида» деген чыгармачылык форумдун жабылышында ансамблдин коштоосунда джаз жанрындагы ырлардан попурри аткардык. Андан көп узабай Сергей Жилин Кремлде өтө турган жеке концертине чакыруу берди. Кремлдин чоң сахнасында өз өнөрүмдү тартуулап абдан чоң тажрыйба алып келдим.

– Сонун болгон экен. Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калгандыгыңдын себеби чет жерде жүргөнүңдө экен да?

– Ооба, Орусияда 1 жылдан ашуун жүрдүм. Сахнадан көрүнбөй калганым менен, чыгармачылык тажрыйбамды өстүрүүнүн аракетиндемин. Алгач Түштүк Сахалинге баргам. Ал жактан келишим менен квартетте ырдап калдым. Качан гана бир ойду ишке ашырганда кийинки иштерге көзүң жетип, максаттарың бийиктей баштайт экен. «Чет өлкөлөргө чыгып туруш керек экен» деген ойго келдим. Анткени бир бийиктикке жеткенден кийин чыгармачылыгың токтоп калышы мүмкүн же бири-бирине окшогон ыларды жаздыра берип өзүң деле тажайсың. Анан да азыр ырчылардын акча табуусу бир гана той менен байланышып калды. Той болгондо да жар-жар айтсаң жакшы табасың. Биринчиден, жар-жар мага жарашпайт, экинчиден, өзүм турмушка чыга элекмин. Анын үстүнө тойлордо ырдоого өзүм кызыга бербейм. Бирок күйөрмандарым жакшылыгына чакырышса барып ырдайм. Ырдоодон менин жан дүйнөм ырахат алышы керек. Ошондо гана өсүү болот.

– Орусияга чакыруу менен бардың беле?

– Ооба, ошол жылы консерваторияны аяктап, жашоомдогу максаттарыма олуттуу карай баштадым. Алгач «Америкага кетем» дегем. Ал жакта эжем жашап, иштейт. Ал дагы музыкант, виоленчелист. Окууга тапшырып, билимимди өркүндөтөйүн деген оюм ишке ашпай, виза ачылбай барбай калгам. Анан жогоруда айтып кеткендей, Түштүк Сахалинге болгон чакырууну кабыл алып, жөнөп кеттим. Ал жакта да Жаңы жыл алдында 2 күн жеке чыгармачылык кечемди өткөргөм. Мекендештерибиз абдан көп экен, зал толуп, кече аябай сонун өттү.

– Орусиянын шоу дүйнөсүнө багыт алып, ал жакта калып калуу жөнүндө ой болдубу?

– Болгон жок. «Бөлөк элде султан болгончо, өз элиңде ултан бол» деген сөз бар го. Анын сыңары, башынан эле башка өлкөдө калып калуу оюмда жок болчу. Болгону максаттарды бийиктетип, кенен масштабда иштөөнү пландагам. Ал планым ишке ашып, Сергей Жилиндин тобуна кабыл алындым. Айлыгы төлөнүп, концерттерде ырдап, гонорарымды алып жатам. Бул да бир чоң жетишкендик деп билем. Керек болгонумда чакырышат. Ал ортодо Кыргызстанда ырдап жүрө берем.

– Чет өлкөдө сынактарга катышып жүрөсүң. Орусиянын Кремль сарайында да ырдадың. Кандай өзгөчөлүктөрдү айтат элең?

– Эми ал жактын деңгээли биздикинен таптакыр башка. Топто ырдаган ырчылардын ар бири менен бирден вокалист, бирден хореограф иштейт экен. Анан албетте, деңгээлиң жогорулайт да. Ошондой эле айлык, гонорары да биздикинен бир топ жогору.

– Сыр болбосо канча төлөп беришти?

– Азыр ал санды айтып койсом кээ бирөөлөр үчүн көп сезилсе, кээ бирөөлөр үчүн аз сезилиши мүмкүн. Анан, «аз эле экен го же көп экен» деп менин айтканымды талкуулап жатып калышат деп чочулап турам. Башында мага гонорар төлөнөрүн билген эмесмин. Болгону ала турган тажрыйбама жетине албай кубандым. Кремль сарайына киргенде «чын эле ушул жерде турамбы? Өңүмбү же түшүмбү?» деп ишене албай көзүмө жаш тегеренди. Алган акчам мен үчүн маанилүү эмес. Мени толкундантканы, алардын талантымды баалаганы болду. Кесипкөй музыканттардын арасында өзүмдү бактылуу сездим. Анан да өзүмө болгон ишенимимдин жогорулаганына кубанам. «Көрсө, чоң мүмкүнчүлүктөрүм бар экен, көп нерсе колумдан келет турбайбы» деп калдым.

– Азыркы күндө ырчылардын көпчүлүгү ырчылыктан тышкары ишкерлик менен да алектенишет. Сенин да түптөп койгон бизнестериң барбы?

– Ишкерлик кылуу да бир өнөр десе болот. Учурда бул тармакты да жөнгө салып алсам деген максаттар менен жүрөм. Ал эми студиямды бизнес деп айта албайм. Анын максаты – таланттуу жаштарды өстүрүп чыгуу. Жакында эле студиямдагы окуучуларым менен Өзбекстанда өткөн "Fresh drive" аталышындагы эл аралык музыкалык сынакка барып, баш байгени жеңип келдик. Жыйынтыгында жай айларында Түркияда өтө турган эл аралык сынакка жолдомо алдык.

– Жеке жашоодогу пландар тууралуу кеп улайлы. Жүрөгүңдүн ээси барбы?

– Азырынча жигитим жок, жүрөгүм бош. Жан дүйнөмө төп келген адамды жолуктура элекмин. Балким, жаңырган жылы табышып каларбыз. Бул өз убагы келмейин аткарылбай турган нерсе экен.

– Жаңы жылга койгон максаттарыңдын ишке ашышына тилектешпиз. Маек үчүн ыраазычылык!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ananaska
2020-01-06 09:55:06
Бир жылы продюссерине турмушка чыкты деп журот элего
0
engel
2020-01-07 15:17:32
Ananaska,жок турмушка чыга элек го дейм
0
aizirek...
2020-01-06 14:57:54
Ой Кудай ушундай да ырчы бар экен э Кыргызстанда. ырчылардын баары эле той той той болуп калды эле го. Бул эже деле бир той пой болсо керек десем... жанылыпмын
СУПЕР!!!!
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-01-07 17:45:10
Кесипкөй ырчы экен.Той үчүн иштебеген да ырчы бар экен а тооба.
+1
zamiirbek1993
2020-01-07 22:59:53
минура жакшы кыз жакшы ырчы менин жердешимго покровкадан салам
0
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан