Жүрөк сыры
Жамгыр... Ошол жамгыр өзгөчө болчу. Кол чатырдын алдында дүкүлдөгөн жүрөктөр бир ыргакта согуп жаткандай сезилген. Негедир жүрөгүм бакытымдын кыска болорун туйгандай кысыла ооруп алганы эсимде. Бардыгы эсимде...
– Сүрөт эле тартып жүрөсүң. Үйгө кол кабыш кылсаң болбойбу?- деп жумшак күңкүлдөгөн апамды аягына чейин сүйлөтпөй бетинен өөп алып сыртка чуркап чыктым.
– Тез эле келем, апа.
Минтип күңкүлдөгөнү менен, менин өнөрүмө апам сыймыктанарын билем. Жаз жыттанган аллеяга тез жетип, сүйүктүү калемимди колума алгым келип шашып бараттым. Шашып келе жатып мен сүйгөн аллеяда мольбертти алдына коюп сүрөт тартып жаткан кызды көзүм чалды. Белгисиз күч мени ал тарапка тартып, жакын барып, уурдана сүрөтүн карап калдым. Чочуп кеткен ал артка кылчая берди.
– Ой...
– Кечиресиз, эмне тартып жатканыңызды көрөйүн дегем.
Экөөбүз бири-бирибизди тиктеп туруп калдык. Карегинен нур төгүлгөн мөлтүр көздөрдөн көзүмдү ала албадым. Кыз турган турушу менен жүрөгүмө жакын сезилди. А колуна калем кармап турушу, салкын желге серпилген чачтары, назик, апакай колдору да негедир тааныш эле. Адамды мынча кадалып карай алчу эмесмин. Акыры тартып жаткан сүрөтүнө тигилдим. Бактуу аллеядагы жамгырды тартып жаткан экен.
– Сиз мыкты тартат экенсиз...
– А мен сизди тааныйм. Биздин окуу жайдын жогорку курсунда окуйсуз.
– Мен сизди көрбөптүрмүн. Кайда жүргөн, бул көздөрүм сизди байкабай...
Кыздын жагымдуу жылмаюусу дагы бир жолу жүрөгүмдү булкуп алды. Сезим экөөбүз ушинтип тааныштык. Кийин баш ийкеше саламдашып жүрүп жакшы достордон болуп калдык. Анан достугубуз сүйүүгө айланды.
Ал жамгырды өтө сүйчү. Бир күнү чөнтөк телефонум шыңгырады. Сезим экен.
– Нурдин, жамгыр сонун жаап жатат, кел, жолугабыз.
– Макул, биздин аллеядан күтөм.
Шаардын сыртына чыгып алып Сезимдин машинасы менен зуулдап бараттык. Рулга мени отургузуп, Сезим бирде чачымды уйпалап, бирде колумду сылап шоктонуп жатты. Ошол күнү бардыгы экөөбүз үчүн жаралгандай эле. Нөшөрлөтө төккөн жамгыр да, алдыбыздагы жол да, атүгүл Жер шары да бизге арналгандай сезилген.
Сезим терезеден башын чыгарып алып:
– Э-эй, тоолор, карагылачы, мен кандай бактылуумун! Жамгыр, сен менин бактымды сезип жатасыңбы?- деп кыйкырып кирди.
– Эй, жинди кыз, ыргып кетесиң!
– Жок...
Эрке мүнөзү менен сөзүмдү укпай кайрадан терезеге жабышты. Сезимдин оюнкарак мүнөзүн буга чейин жакшы билчүмүн. Ошол мүнөзү мага жагып, куду жаш баладай аярлап турчумун. Аттиң, эрке мүнөзү экөөбүздүн тең жашообузга кара чекит коёрун убагында түшүнгөн эмес экем. Ошол күнү Сезимдин атасынын дачасында калдык. Суу болгон кийимдерибизди чечип, каминге от жагып коюп кучакташып отурдук. Кыздын тумсак денеси денеме жабышып, ээ-жаа бербеген сезим канымды дүргүтүп жатты. Мендеги сезим аны да кыйнап жатканын сезгеним менен, даай албадым.
– Сезим, экөөбүздүн бул жакка келгенибизди билсе, атаң...
– Унчукпа...
– Сезим...
Көздөрүнөн бир тамчы жаш мөлт деп сызыла берди. Сызылган бир тамчы жашта мени кыйнаган жооп бар болчу. “Мен сендикмин. Мен сени сүйөм” деп жатты көздөр. Ошол түн биздики болду. Кучагымда туйлап, кумар отунун жалынына да, кыйноосуна да туруштук берип жаткан жан мен үчүн ыйык болуп каларын ошондо эле туйгам.
ХХХ
– Нурдин, ал кыздын атасы чоң деп уктум. Теңине албай, сындырып койбос бекен?
Апамдын назик үнү талуу жериме тийди. Өзүм да кийинки кездери ошол нерсени көп ойлоп, кыйналып жүргөм. Ордумдан туруп, апамды коркута тамак ичпеген боюнча окуума жөнөдүм. Окуудан кийин заказга тарткан сүрөттөрдү жеткирип берүү оюмда турган. Аркамдан келип көзүмдү жаба калган кичинекей алакан жүрөгүмдү ысыта берди.
– Салам.
Шоктоно көзүн кыскан бул ысык жан тирүүлүктүн түмөн түйшүгүн унуткарчу. Адатынча мени менен эсептешип койбой, бүгүн чатырдын үстүнө чыгып сүрөт тартарыбызды айтты.
– Чатырдын үстүнө чыгыппы? Эмнеге?
– Менин бардык жерде түшкөн сүрөтүм бар экен. Чатырдан гана тарта элексиң. Ошол үчүн шаардагы эң бийик, көп кабаттуу үйдүн үстүнө чыгабыз да, сен мени сүрөткө тартасың.
– Сезимка, менин иштерим...
Сөзүмдү бүтүрбөй сумкасындагы кымбат фотоаппаратты алып чыкты. Фотоаппараты көргөндө баары эсимден чыгып, аны ээрчидим.
Эң жогорку кабатка чыгып сүрөткө тарта баштадым. Жылмайган, кабагын түйө мурчуйган, чачын жазган сүрөттөрдү кумарлана тартып жаттым. Бир кезде шоктоно чатырдын кырына тура калды.
– Сезимка, токто...
– Сонун кадр чыгат, тартсаң...
Аргасыз башымды чайкай, фотоаппаратка үңүлө берип Сезимдин кыска кыйкырыгын угуп, жүрөгүм токтоп калгандай болду. Эми эле маңдайымда турган Сезим...
Калган окуянын баарын түшүмдө көрүп жаткандай болдум. Улуп-уңшуп келе калган “Тез жардам”, кайдан-жайдан пайда болгон формачандар бүдөмүк көрүнүп жатышты. Даана көргөнүм боортоктоп жаткан Сезимдин үстүнө ак шейшеп жабылып жатканы эле.
– Жок! Мындай болушу мүмкүн эмес! Сезим! Сезимка!
Кыйкырып Сезимге жулунуп жаттым. Бирок эки колумду кайрыган милиция кызматкерлери күч менен машинага салып жөнөштү.
Ошентип, жанымдын жартысындай болгон ыйыгымдан айрылып кала бердим. Мени көп жылга отургузуу үчүн Сезимдин атасы болгон күчүн жумшады. Ак экенимди апам байкуш гана түшүнүп, ал гана менин чындыгыма күйүп кала берди.
10 жыл! Айтканга оңой болгону менен, адамга оор экен. Күнөөсүз күнөөлүү болуп, жаштыгымдын жалындаган жылдарын муздак дубалдарда өткөрүп жаттым. Ошондо да Сезимимдин ысымын келме сыяктуу оозумдан түшүрчү эмесмин.
20 жаштагы күлгүн жигит отузду ашканда түрмөдөн эркиндикке аттанды. Канчалык жаным жанчылганы менен, кайрадан жашашым керек эле. Апам үчүн! Дүйнөдөгү ыйык адамым үчүн өзүмдү колго алып, жаңы турмушка бет алдым. Жакшы келинчекке туш болдум. Балалуу да болдум. Сүрөтчү катары атым тааныла баштады.
Бир күнү менин сүрөтүмдүн жанына буурул чач адам туруп алып жүз аарчы менен көз жашын аарчып жатканын көрдүм. Көрдүм да, жүрөгүм шуу дей түштү. Сезимдин атасы экен.
– Жигит, бул сүрөттү сен тарткансыңбы?
– Ооба.
– Таңкалганым, менин кызымдын бүтпөй калган сүрөтүнө окшош экен. Ушул аллеяны жана жамгырды тарта берчү, байкушум. Баса, сүрөт канча турат?
– Сизге бекер.
Бүшүркөй караганы менен, ал мени тааныган жок. Өз күйүтү менен жүзүмдү деле дааналап карабаса керек. Балким, түрмө мени таанылгыс кылып өзгөрткөндүр?
ХХХ
Эртең менен туруп балдарымды эркелетем. Келинчегимдин чайын ичем. Анан ар күнү үйүмдүн дубалына илинген сүрөткө бир тигилип алам. Бул сүрөттө аллеяда калемин кармап турган кыздын карааны турганын эч ким деле капарына албайт. Ааламга сыйбаган сүйүүм ушул рамкага сыйып турганын эч адам билбейт. Бул менин түбөлүк сырым...
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg