«Супер-Инфо» гезитинин жылдын суперлерин тандоосунда ырчы Гүлжигит Калыковдун «Эне жөнүндө баллада» ырына тартылган клип «Жылдын супер клиби» наамына ээ болду. Бул жолу биз Гүлжигит Калыковдун апасы тууралуу балладасын өз оозунан угууну чечтик.
«ГҮЛДӨН ТУРГАН ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ»
– «Эне жөнүндө баллада» ырымдын клибинин өзгөчө окуясы бар. Мындай клип тартуу менин идеям болчу. Клипте апасына жардам берген баланын окуясы менин жашоомдон алынган. Окуучу кезимде биздин башыбыздан ошондой күндөр өткөн эле. Эртең менен мектепке барып, ал жактан чыгып апам экөөбүз түз эле базарга барып соода кылып, анан үйгө келчүбүз. Кечинде сабак окучу элем. Жүрөктөн чыккан окуя жүрөккө жетет дегендей, бул клип «Жылдын супер клиби» аталды. Буга ыраазымын. Ыр узун эмес болгону үчүн клипке көп окуялар батпай калган, мындан да сонун сюжеттер бар болчу. Клипти тарткан Эрнис Сыдыков өз идеяларын кошкон эле.
Апамдын аты-жөнү Молдобаева Майрам. 1955-жылы 7-ноябрда төрөлгөн. Учурда Новопавловкадагы №2 орто мектепте химия-биология сабагынан мугалим, Эл агартуунун отличниги. Апамдын мүнөзү токтоо. Бирок талапты катуу койгонду да билген адам. Мен окуган мектепте иштеп, өзүмө да сабак берчү. Ошол үчүн тырышып жакшы окучумун. Анткени «өзүнүн баласын көтөрмөлөп жатат» деген сөздөр айтылбасын дечүмүн.
Беш бир тууганбыз. Мен апамдын төртүнчү баласымын. Улуу эжемдин аты Гүлгаакы, агамдын аты Гүлчоро, экинчи эжемдин аты Гүлкайыр, анан мен Гүлжигит. Бешинчи иниме ысым гүлдөн табылбай калып Нурлан коюшкан. «Гүлдөн куралган үй-бүлөбүз» деп күлүп калабыз.
Апама аябай жакынмын, жакшы сырдашабыз. Мен апамдан кеңеш сурайм, ал менден кеңеш сурап калат, айтор, жакынбыз. Кичине кезибизден ата-энебиз эмгекке үйрөттү. Элдин балдары көчөдө ойноп жүргөндө биз үйдө иш кылып, чарбакты тазалап, суу ташып жүрчү элек. Камыр жууруп, нан жасаган күндөр да болду, анткени апам талапты катуу койчу.
Кичинеңде тентектик кылсаң апалар жазалап колго чаап коёт эмеспи. Апам деле кээде бизди жазалап койчу. Жумушка же конокко баратып бизге «бул нерсени кылып койгула» деп табыштап кетчү. Жөн айтып койбой, баракка жазып кетчү. Балалык кылып кээде оюнга кызыгып кеткенде апам жазалап койчу. Бирок көп учурда эле жумуштарды аткарып коюп чыкканга аракет кылчумун.
«БОЙ ЖЕТКЕНИ АПАМДЫ ТААРЫНТКАН ЖОКМУН»
– Апамды кичине кезимде таарынтып алган болушум мүмкүн. Бирок бой жетип калгандан бери таарынткан жокмун деп ойлойм. Негизи эле эч ким апасын таарынтпашы керек.
Жакшы нерсе көрсөм, билсем баарын апам менен бөлүшкүм келет. Жакшы адамдар менен таанышып калсам да алар тууралуу айтып берем. Жакшы белектерди алып бергенге аракет кылам. Чет өлкөгө чыкканымда «ий, ушуну ата-энем көрсө, алардын да маанайы жакшы болмок» деп ичимден ойлонуп калам. Быйыл апамдын туулган күнүндө бир туугандар менен кеңешип чет өлкөгө барып эс алып келүүгө ата-энебизге жолдомо алып берели деп ойлонуп жатканбыз. Аларга колдон келген жакшы белектерди алып бергим келет.
Эки жылдан бери ата-энемдин үйүндө жашабайбыз. Бөлүнүп үй-бүлөм менен турам. Аларды бат эле сагынып кетем, тез-тез барып турганга аракет кылам. Өзгөчө чет өлкөдө жүргөндө ата-энем көп эсиме келе берет. Күлгөндөрүн, жылуу маанайын, камкордугун эстеп сагынып кетем. Атам менен апама Кудай узун өмүр берсин деп көп тилейм. Жаңырган Жаңы жылда бардык ата-энелерге, элибизге, алыста жүргөн мекендештерибизге жакшылык каалап кетким келет.«АПАМДЫН МАНТЫСЫ ӨЗГӨЧӨ ДААМДУУ»
– Апам тамактарды аябай даамдуу жасайт. Ар бир тамагын жакшы көрүп жейбиз. Бирок өзгөчө мантысы сонун болот. Тамак бышканча шилекейибиз агып чыдамсыздык менен күтчүбүз. Азыр тамакты апамдын келиндери жасайт. Чынын айтсам, апамдын тамактарын аябай сагындым.
Апаларда ички туюм аябай жакшы өөрчүгөн деп ойлойм. Мен кыйналып жатканда апам жанымда болбосо да сезип койгонуна эле таң кала берем. «Балам, баары жакшыбы?» деп дароо чалып калат. Өтө кыйналып жатканда түшүнө кире баштайм. «Түшүмө кирдиң, сенде баары жакшы элеби?» деп сурап тынчсызданып баштайт. Жашоодо ар түрдүү кырдаалдар болот эмеспи, анын баарын айтып отургум келбейт. Аяп, көп нерсени айтпаганга аракет кылам. Бирок баары бир сезип коёт. Бүгүнкү күндө социалдык тармактарды баарыбыз эле колдонобуз да. Апам да активдүү колдонуучу, мени ошол жактан көзөмөлдөп турат. Эл мен тууралуу эмне деп жатканын, мен эмне жазып жатканымды карап турат. Мен жашырганга аракет кылганым менен, апам билбеген сырым жок болуш керек.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg