2020. Кандай кооз сан... Чычкан жылы менен кошо келген бул өзгөчө сан көпчүлүгүбүзгө сыйкырдуу сезилип жатса керек. Жалаң жакшылыктарды үмүттөндүргөн 2020-жылды кыргыз шоу-бизнесиндеги жылдыздар кандай тосуп алышты? Суроо салып көрдүк.
Адилет Азимов, ырчы: «ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ҮЙ-БҮЛӨМ МЕНЕН ТОСУШ ҮЧҮН КОНЦЕРТТЕН БАШ ТАРТТЫМ»
- Жаңы жылды жыл сайын банкет, корпоративдерде ырдап жүрүп тосуп калчумун. Бул Жаңы жылды үй-бүлөм менен тосоюн деп Бишкектин борбордук аянтында өтө турган концертте ырдоодон баш тарттым. Анткени тытынып иштеп жүрүп, 1 айдан бери ата-энемди көрө элек болчумун. Ошентип Жаңы жылды айылдагы үйдө, ата-энем, карындашым жана таенемдин жанында жакшы маанайда тостум.
Узап кеткен жыл мен үчүн жакшы жылдардан болду. Жеке концертимди бердим, Маданияттын мыкты кызматкери деген наамга ээ болдум. Ал эми 2020-жылы «Юрмала», «Славян базары» сыяктуу эл аралык сынактарга катышууну пландап жатам. Ошондой эле айылда салып жаткан 2 кабаттуу үйүмдү бүтүрөйүн деп турам.Роза Шакирова, ырчы: «БАЛДАРЫБЫЗДЫН ЭСИНДЕ КАЛА ТУРГАН МАЙРАМ УЮШТУРДУК»
- Жаңы жылга чейин үй-бүлөм, кайын журтум менен Таласта жүрдүк. 31-декабрда Бишкекке келдик. Жаңы жылды сахналаш курбуларым Азиза жана Айнура Салахидинованын үй-бөлөлөрү болуп Нурила деген курбу кызыбыздын үйүнөн тостук. Азиза Аяз кыз болду, дагы бир аяшыбыз Аяз ата болду. Бул жолу балдарыбыздын эсинде кала турган майрам уюштуруп берели деп аракет кылдык. Жыл сайын бул майрамга көп деле маани берчү эмеспиз. Үйдө концерт көрүп отуруп эле өткөрүп койчубуз. Бул ирет шаңдуу тосуп алдык. 2020-жылга карата изги тилектерим көп. Эң алгачкы максатым – жеке концерт берүү, ошого даярданам.Үмүтай Абдышова, ырчы: «ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ЖАҢЫ КҮЧ, ЭНЕРГИЯ МЕНЕН ТОСУП АЛДЫМ»
- 4 жылдан бери Кытайга, Түркияга чакыруу менен кетип, Жаңы жылды ошол жактан тосуп келгем. Быйыл Кыргыз жеринде болдум. Апамды, уулумду жана инимди куттуктаганы Балыкчы шаарына бардым. Уулум оюнчук буюртма кылган. Инимди Аяз ата кылып белегин бердирдим. Кайра 31-декабрда Бишкекке сапар алдым. Түнкү саат 12ге беш мүнөт калганда жетип, өз үйүмдө тосконго үлгүрдүм.
Жыл жакшы башталды, жаңы күч, энергия менен тосуп алдым.Калыбек Турдубаев, шоумен: «ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ШЫЛТООЛОП АЙЫЛГА БАРДЫМ»
- Биздин ишибиз Жаңы жыл алдында башталат эмеспи. 30-декабрга чейин иштеп, жумуштарды бүтүрүп, айылдагы ата-энеме бардым. Үйдүн кенже уулу болгондуктан, жыл сайын айылдан тосом. Алар бизди кой союп күтүп алышат. Негизи айылда ата-энемдин колунда жүрүшүм керек. Жумушка байланыштуу шаарда турам. Айылда эле жашаган жагат. Шаарда жүргөндү жактыра бербейм. Жаңы жылды шылтоолоп айылга барып, ата-энебиздин жанында 1-2 ай жүрүп кетебиз.
Ошентип Жаңы жылды ата-энем, келинчегим, балдарым менен тосуп, сойгон коюн жеп жатып алдык. Биз эшикке чыгып салют аттырбайбыз. Жаңы жыл майрамын жакшы бир күн катары эле кабыл алабыз.Айпери Кубик кызы, ырчы: «АТА-ЭНЕМДИН ҮЙҮНӨ БАШ-КӨЗ БОЛДУМ»
- Бул жылы ата-энеме Жаңы жылга карата Түркияга барып эс алууга жолдомо белек кылгам. Ошондуктан алар бул Жаңы жылды Түркиядан тосушту. Алар «үй-жайга баш-көз болгула» деп жолдошум экөөбүздү үйгө калтырып кетишкен. Таенем, иним жана сиңдилерим менен жакшы тосуп алдык. Жолдошум экөөбүздүн да "досторубуз менен кайсы бир аралга барып эс алып келели" деген пландарыбыз бар.
Мага экинчи ирет эне болуу бактысын бергени үчүн 2019-жылга ыраазымын. Бирок бул жылы чыгармачылыгым токтоп калды. 2020-жылы чыгармачылыкка кайрадан киришем. "Айпери бир нерсе эле боло берет" деген сөздөрдү жандандырып, хайптын үстүнөн да иштеп баштайм. Жакшы идеяларым бар.
Баарыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!