БИР КЕЗДЕГИ ПОПУЛЯРДУУ «ДЕЛЬМАР» ТОБУ ЭМНЕДЕН УЛАМ ТАРАГАН ЭЛЕ?

«Нежная принцесса моя, знаешь, нет мне жизни без тебя...» Ооба, туура таптыңыз. Бул 2005-жылдары баш айланткан атактуулукка жетип, азыркыга чейин элдин эсинде калган «Дельмар» тобунун «Принцесса» ыры. Мындан тышкары, бул топтун «Бишкекская ночь», «Спасти любовь» жана башка ырларын азыр да ыр ышкыбоздору жакшы билишет. 2005-2006-жылдары атактуулукту багындырган «Дельмар» тобунун тарап кетишине эмне себеп болгон? Топтун таланттуу 3 жигити азыр кайда? Эмне менен алек? Бул суроолорго жооп издеп көрдүк.

Азат Раимбердиев, ырчы: «ДЕЛЬМАР» УНИКАЛДУУ ТОП БОЛГОН»

«Дельмар» тобу Азат Раимбердиев, Сардар Түркменов, Ролан Сейитбеков аттуу 3 жигиттен түзүлгөн. Жигиттер азыр да чыгармачылык менен алек. Топтун вокалисти Азат Раимбердиев азыр жаңы ырлар менен катар «Дельмар» тобунун эски ырларын да жаңыртып ырдап жүргөнү маалым. Жеке ырчы учурда Кыргызстан менен катар Казакстанда да иштеп жатканын айтат:

– Азат, саламатсызбы? Учурда чыгармачылыгыңыз кандай уланып жаткандыгын айтып берсеңиз...

– Саламатчылык. Өзүңүздөр билгендей, азыр кыргыз шоу-бизнесине аралашып, жеке ырчы катары чыгып жүрөм. Келечекте жаштарга продюсерлик кылсам жана вокалдан сабак берсем деген ойлорум бар. Мындан тышкары Казакстанда топ түзгөм. Ал топ ар кандай иш-чараларда популярдуу ырларды кавер вариантта ырдап жүрөт.

– Жакшы. «Дельмардын» тарашына эмне себеп болгонун сурагым келип жатат.

– Топтогу жигиттердин ар кандай пландары, табити бар экен. Жаш кезде ачууга алдырып, ар кандай сөздөрдү айтып алат экенсиң. Арабызда чыр-чатак болгон эмес. Жөн гана максаттарыбыз дал келген жок.

– Сиз азыр «Принцесса» ырын жаңылап ырдап чыктыңыз. 2005-жылдагы ийгилик кайталанат деп күттүңүз беле?

– Ооба, ошондой болот деп күткөм. Бирок ырдын текстин өзгөртүп салгам. Бул ырдын фанаттары жаңы версияны кабыл албай коюшту. Эскисинде башкача маанай, башкача энергетика бар экен.

– Топтун ошол кездеги ийгилигинин сыры эмнеде?

– Анда шоу-бизнесте атаандаштык аз болчу. Экинчиден, «Дельмар» жаңы форматтагы, жаңы стилдеги уникалдуу топ болгон. Мындай топ ошол маалда жок эле. Ошондуктан көпчүлүк бизди Москвадан келген топ деп ойлошчу. Ырларыбыздын сапаты, аранжировкасы жогорку деңгээлде болчу.

– Күйөрмандар «Дельмарды» кайрадан көргүсү келерин айтышса керек...

«Концерт берип, чыгармачыл кече өткөрбөйсүңөрбү» деген сунуштар көп. Бирок мүмкүн эмес го. Артка кайтпай эле коюш керек деп ойлойм.

– Ал кезди сагынасызбы?

– Жаштык кезди баары эле сагынса керек. Бирок ошол учурга кайткым келет деп айта албайм. Менде эч өкүнүч жок.

– Топ популярдуу болуп турган кезде кыздардын жүрөк оорусу болчусуздар...

– Ооба, кыздар «тамак даярдап койдук эле», «ресторанга барып келели» деп чалышчу. Гүлдөн баштап жумшак оюнчук, алтын, күмүш зер буюмдарына чейин белек кылышчу.

– Азыр үй-бүлөлүк абалыңыз кандай?

– Үйлөнгөм, 5 жаштагы кызым бар.

Сардар Түркменов, ырчы: «АРАБЫЗДА КЕЛИШПЕСТИКТЕР БОЛГОН»

Өзүңүздөр байкагандай, «Дельмардын» дагы бир вокалисти Сардар Түркменов да жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жатат. Ырчы топтун тарап кеткенинин себебин башкача түшүндүрдү.

– Кандайсыз, Сардар? «Дельмардын» тарап кетишине эмне себеп болгон?

– Жакшы, рахмат. Үчөөбүздүн мүнөзүбүз ар башка экен. Ортодо көп түшүнбөстүктөр болду. Бирибизге жаккан ыр экинчибизге жакпай калып жатты. Анан 2006-жылы болсо керек, казакстандык бир продюсер топту сатып алууну каалаган. Балдар «кетебиз, биз мындан да өсүшүбүз керек» дешкен. Бирок мен макул болгон жокмун. Анткени келишим боюнча биз жарандыгыбызды да алмаштырып, казак тобу болуп, ырларыбызды да алып кетишибиз керек болчу. Анан да Кыргызстанга бир жылда бир гана жолу келе алмакпыз. Мага бул шарттар жаккан жок. Ошентип ортобузда келишпестиктер болуп, топ тарап кетти. Бирок азыр мамилебиз жакшы. Азат менен байланышып, жолугуп турабыз.

– Топ тарагандан кийин эмне менен алек болдуңуз?

– Эсиңиздерде болсо, биздин продюсерибиз Нурлан Мамакеев болчу. Мен кийин да аны менен иштешип, ыр жаздырып жүрдүм. Бирок жалгыз кыйын болду, көнө албай койдум. Ресторандарда, кавер ырдаган топтордо иштедим. «Фрунзе», «Инсан» топторунда басист болуп, ырдап да жүрдүм. Мамакеев экөөбүз кайрадан топ түзөлү деп балдарды издеп, ылайыктуу жигиттерди тапкан жокпуз. Кийин үй-бүлөмө берилип кеттим. Үйлөнгөм, 3 балам бар. Эми кайрадан шоу-бизнеске жеке ырчы катары аралашып жатам.

– Кайра чогулушуңуздар мүмкүнбү?

– Мүмкүн деп ойлоп Азатка «чогуу иштейли» деп сунуштап жүрөм. Ал бошобой жатат окшойт. Чогулуп чыгармачылык кече же концерт өткөрүп калсак, андан кийин, балким, чогуу ырдап каларбыз.

Ролан Сейитбеков, музыкант: «ТОП КАЙРАДАН ЧОГУЛСА ДА, АЛ МЕНСИЗ БОЛОТ»

Топто саксофонист болгон Ролан Сейитбековдун аты учурда кеңири массада айтылбаганы менен ырчылар чөйрөсүндө белгилүү. Ал азыр кыргыз фильмдерине, чет элдик артисттерге музыка жазып берген таланттуу музыкант, продюсер. Ал дагы кандай иштер менен алек экенин өзү айтып берсин.

– Ролан, саламатсызбы? Азыр эмне менен алексиз?

– Жакшы, рахмат. Менин өзүмдүн "Dacha dance" аттуу лейблим, анда артисттерим бар. Аларга продюсерлик кылып, Орусияга чейин алып чыгам. Мындан тышкары саундтректерди жазам. Мисалы, «План Б», «Ата», «Курут», «Айыл кэмп» тасмаларынын саундтректерин мен жазгам. Анан да чет элдик артисттерге музыка жазып берем.

– Жакшы. «Дельмарды» сагынасызбы?

– Менин жашоомдо ар бир жыл мурункусунан жакшы болуп келет. Ошондуктан көп сагынбайм.

– Топ эмнеге тарап кеткен?

– Ар бир нерсенин башы жана аягы болот. Ошол кезде ар бирибиз «өзүбүзчө иштейбиз» деп ойлогонбуз. Андан башка деле себеп болгон эмес.

– Жылдызыңыздар жанып турган кездеги эсиңизде калган учур кайсы?

– Биз Спорт ордосунда «Принцессаны» ырдайлы деп саксофон ойноп баштаганыбызда эле эл аябай катуу кыйкырып башташчу. Кыйкырыктан музыканы укпай качан ырдап, качан саксофон ойношубуз керек экенин билбей калчубуз.

– «Дельмар» кайсы артыкчылыгы менен атактуу боло алды?

– Биз жумушубузду аябай жакшы көрүп, берилип иштечүбүз. Азыркы ырчылардай акча үчүн иштечү эмеспиз. Бизге ыр жазып, ырдап, концертте ал ырдын элге жакканын сезүү гана жетиштүү болчу.

– Топ кайра жанданышы мүмкүнбү?

– Жанданса да, ал менсиз болот. Анткени мунун баары өткөн чак. Азыр биз кайрадан чогулуп, ырдай турган статуста эмеспиз деп ойлойм.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
BelayaRoza
2020-01-06 10:20:30
Ашып ташкан деле популярдуу эмес болчу.катардагы жаңы чыгып жаткан топтордун бири болчу, убакыт өткөндөн кийин мактана берсе боло берет экен да...
+2
tavanova.sarah
2020-01-06 13:37:02
Азыркыга салыштырмалуу ал кезде той топурга чакырышпайт деле болчу. Азыркылар той мн популярдуго. Ошого айтып жатышса керек да))
+2
mela
2020-01-06 21:34:27
Аранжировкасы жогорку денгээлде болчу.Ырлары орусча болгондуктан,унутулуп калды окшойт.
+1
aizirek...
2020-01-07 07:45:07
Короче кыйла эле ХХХХ болуп тараган окшойсунар
0
LadyB
2020-01-08 22:01:56
Жигиттер, не надо гордость свою показывать, Народ вас людит, если полностью нехотите постоянно играть, хотябы Кеч Эске салуу откоргулочу, аябай соонун болот эле, всегот 3дня Концерт проведите в Бишкеке, и у вас будет полный АНШЛАГ, не ради себя а ради Народа который вас любит! ваши песни любит!
0
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан