БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Мынча акча алам деп түшүмө да кирген эмес. Бир барып келгениме ушунча акча төлөсө, анда үч айда бир Жигули сатып алсам болчудай. Касен агага рахмат айтып чыгып кеттим. Арсен «бир жерде бешбармакты жакшы жасайт» деп калды. Шаардын сыртында, трассанын боюнда жайгашкан бир кафеге бардык. Төрт сааттай отуруп, түнкү саат 10дордо мени үйгө таштап коюп кетишти.

Эртең менен эскирээк Жигулиде бир бала келип, мени алып кетти. Ээн талаада кароосуз калган эски казармалар бар экен. Ал жерде беш бала күтүп туруптур. Биздин артыбыздан эле BMW'да аскердик форма кийген семиз киши келди. Кара көз айнек тагынган, колунда булгаары кол кап. Голливуд кинолорундагы шерифтерге окшотуп койдум. Биздин инструктор экен, кечке чейин ок атуучу куралдарды чачып, кайра жыйнап, ок атып машыктык. Эртеси түшкө чейин «милиция кармаганда өзүңдү кандай алып жүрүү керек, суроолорго кандай жооп бериш керек? Адамдын көзүнө кантип караш керек?» деген сыяктуу көндүмдөрдү үйрөттү. Түштөн кийин дагы тапанчадан, автоматтан ар кандай аралыкта ок атып үйрөндүк.

Анын эртеси дагы чек арага бардык. Ар кандай кырдаал болот экен, кээде чек арадан келип эле кайра жолго чыгабыз. Казакстан-Кыргызстан, Казакстан-Өзбекстан чек арасына көп жолу каттадык. Каспий деңизинен да жүк көп келет экен. Тыным жок. Көбүнчө Арсен экөөбүз жүрөбүз. Кээде түндө ээн талаада МАИ кызматкерлери тосот. Андайда Арсен экөөбүз фурадан алысыраак жерде жашынып, баарына даяр турабыз.

Адыл ага Караганданын базарын эле эмес, шаарда толтура ресторан, кафе, дүкөндөрдү да карайт экен. Кээде автоматтар менен ондон ашык бала үч-төрт машинеде кен казып иштеген ишканаларга барып, чакан жүк ташыган унааларда бир нерселерди таштап келебиз, же ал жактан алып келебиз. Ичинде эмне бар экенин айтышпайт. Көп өтпөй мага башка фамилия-ат менен Казакстандын паспортун алып беришти. Арсен «өзүңө тынч болот, дарегиңди эч ким билбейт» деп койду. Мен унчуккан жокмун.

Күндөр өтүп жатты, баягы жумуш, жолдо жүрмөй. Иштегениме төрт айдан ашып калыптыр. Жумушка, бирге иштеген балдарга көнүп калдым. Арсен экөөбүз жакын дос болуп кеттик, кээде үйүнө чакырат. Айылдагы апама тез-тез акча салып, сүйлөшүп турам. Апам болсо сүйлөшкөн сайын «качан келесиң?» деп сурайт. «Иш жакшы болуп жатат, апа, иштей турайын» деп кутулам.

Жаздын күнү болчу. Кытайдын чек арасынан бери эки фураны эки машине менен коштоп келатканбыз. Алдыдагы фураны Арсен шериктери менен коштоп, бизден бир топ эле узап, алдыга кетип калышкан. Баарыбызда «Уоки-токи» деген рация бар, байланышыбыз ушул рация аркылуу. Биз экинчи фураны коштоп эскирээк Тойотада, фурадан эки чакырымдай арттабыз. Рулда Кани, жанында Рустам деген жигит, артта мен. Тартип боюнча машиналар бири-биринен тегиз жерлерде он чакырым, тоолуу жерлерде беш чакырымдан ашык алыстабашы керек, болбосо рация тартпай калат. Саат түнкү эки болуп калган, күн бүркөө болгондуктан айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Магнитофондо айтылуу Стив Уандер сүйүктүүсүнө телефон чалганын айтып ырдап келатат. Бир маалда рациядан биз коштоп келаткан фуранын айдоочусу Игордун үнү чыгып калды:

– Менттер, балдар. Токто деп белги берип жатышат.

Рацияны алдыдагы Рустамдын колунан жулуп алдым. Артты карасам, бир да машинанын жарыгы көрүнбөйт. Бул жерде токтош кооптуу болчу.

– Игорь, булар ГАИ эмес, токтобо, катуу айдап өтүп кет.

– Самат, өтүп кете албайм. Автоматтар менен турушат.

– Макул, анда. Токтой бер. Биз өтүп кете беребиз да, бурулуштан кийин токтоп, жөө кайтып келебиз. Ага чейин алаксыта тур...

Арсен жок, мындайда чечимди мен кабыл алышым керек эле. Игорь «түшүндүм» деди да, машинанын ылдамдыгын азайта баштады. Дароо саатты карадым, экиден жыйырма беш мүнөт өтүптүр. Жүрөгүм бир жамандык болорун сезди. Эгер Арсен рация тарткан жерде болсо сүйлөшүүнү угуп дароо байланышка чыкмак. Өтө эле алыстап кеткен окшойт. Алар өтүп баратканда менттер бул жерде турган эмес, турушса Арсен бизге кабар бермек. Демек, биринчи фураны өткөрүп жиберип, экинчисин тосушкан.

Аңгыча тормоз тепкенде арткы жарыктары күйүп, фура токтоду. Биз алардын жанынан өтүп кеттик. ГАИнин Жигулиси, жанында автоматчан үч адам турат. Жанынан өтүп баратканда бизди теше тиктеп турушту.

– Кани, мен айткан жерден токтойсуң. Рустам, тапанчаңды ал, биз түшүп калабыз, Кани, сен Арсендерди кууп жет да кабар бер. Рация сенде болсун. Тез-тез Арсенге байланышка чыгып тур. Кайтып келсеңер биз түшкөн жерден түшүп, жөө баргыла. Арсен билет. Кыскасы, шартка карап иш кылабыз.

Арткы орундуктун түбүнө эки тапанча бекитилген, бирөөсүн сууруп алып белиме кыстардым. Биринин магазинин чыгарып алдым. Бурулушка жетип менттерге көрүнбөй калганда Рустам экөөбүз түшүп калдык. Казак талаасында айтылуу шамал болуп жаткан, чаңыган кумдан көз ачылбайт. Жолдун четине чыгып, жашынып фура тарапка жөнөдүк.

– Экөөбүз эки тараптан баралы. Бирибизди байкап калса, бирибиз бекинүүгө үлгүрөлү. Шартка карайбыз эми. Атыш керек болсо, ойлонбой ат.

Рустам «түшүндүм» деп баш ийкеди.

Жакындап бардык, машиналар турат жарыктары күйүп. Бир маалда фура, анын артынан Жигули ордунан жылып, жолду кесип өтүп ээн талааны аралай жөнөп калды. Рустам ошол тарапта эле, ага жетип бардым. Талаада жол жок болгондуктан унаалар жай жылып баратышты. Алдыда Жигули, фура артында. Булар атайын шамал болгон маалда чыгышыптыр, машиненин изин шамалга учкан кум тез эле жаап кетет. Рустамды токтоттум:

– Сен Игорду кара, жанагы жерге таштап кетиши да мүмкүн. Анан Арсендердин келишин күт. Мен булардын артынан бара берейин, мүмкүн, фураны жакын жерге бекитишер. Каякка барганын көрүп, билип алсак болду. Анан деле келип кармап алабыз. Бул жакка келсеңер рациядан сүйлөшө көрбөгүлө. Жөнө!- деп өзүм тигилердин артынан чуркадым.

Бир дөңсөөнү айланып өтүп трасса көрүнбөй калганда Жигули дароо артка бурула баштады. Жарыгы мени даана көрсөтүп коюшу мүмкүн. Какыраган талаада бекинип кала турган жер жок. Фуранын далдасына өтө качып, арткы эшигине чап жармаштым. Анан фуранын үстүнө чыгып жатып алдым. Артка кайрылган Жигули фуранын кабинасына туштап токтоп, ичиндеги бирөөсү фурадагыларга бирдемелерди кыйкырып сүйлөдү да, трассаны көздөй жөнөп кетти.

Фура андан ары жөнөдү. Көп болсо үч адам калгандыр, кабинанын үстүнөн атып салсамбы деп да ойлодум. Бирок бирөөнү атыш оңойбу, анын үстүнө ичинде кокус Игорь болсочу. Каерге жашырганын көрүп алсам, эртең көпчүлүк болуп келип алып кетебиз.

Ышкырган шамал кум үйлөп, көз ачырбайт. Жарым сааттай жол жүрүп таштак жолго чыктык. Мен улам саатты карап келаттым, он жети мүнөттө эски сарайлары бар бир короого келип токтодук. Секирип түшүп калайын деп, жетишпей калдым. Бир чоң фонарь күйүп туруптур, түшсөм эле байкап калышчудай. Сөздөрүн тыңшап жата бердим. Короодо 3 алабай ит жүрөт айланып. Тапанчамды атууга даярдап, баарына даяр болуп турдум. Короонун эшиги ачылып, фураны айдап киргенде эшикти бирөө ичинен жаап, кулпулап салды.

Сүйлөгөндөрүнө караганда фурадан үч адам түштү.

– Кандай, Кайрат, тынч элеби? Эч ким байкабадыбы? Болаттар кана?- деди күтүп турган бирөө.

– Тынч эле, көк мээ Болат Кайнарга кетти балдарды алып. Куралдар да ошондо. Эртерээк шефке айтып жагынайын деп жатат да. «Эртең бар, азыр тынчыраак туруп туралы» десем болбой кетти.

– Алар жокпу, келишпейби?

– Жок, энеңдурайын, «ким келет эле, эч ким көрбөдү го» дейт. Бир Тойота өтүп кеткен жаныбыздан, коштоп жүргөндөр болуш керек. Биздин автоматтар менен турганыбызды көрүп токтобой өтүп кетишти. Алар топтолуп издеп келишсе эмне кылабыз, ыя?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
suban78
2020-01-06 09:47:31
Башталды окшойт
+1
alisha00
2020-01-06 10:48:22
Кызыгына жетти
+1
akmanai
2020-01-07 18:30:19
Обедтен кийин убакыт болуп, суперге инфого ушуну окуу учун кирдим. Кызык жерине келди.
+1
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан