ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 6-ЯНВАРДАН 12-ЯНВАРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине маанилүү ишке катышуусуна жардам бересиз. Өзүңүзгө жаккан адам менен жакындай баштоо сезилсе, анда дем алыш күнү жолугушуу күтүлүшү мүмкүн. Достор менен баарлашуу позитив тартуулайт. Соодагерлер жана бизнесмендер жаңы өнөктөштөр менен иштешүүгө макулдашышат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын биринчи жарымында энергияңыз аз болуп, өзүңүздү жакшы сезбешиңиз мүмкүн. Андыктан оор жумуш жасабай, жол жүрбөй, өзүңүздү караңыз. Аптанын экинчи жарымында жакындарыңыз сиз дайындаган иштерди бүтүрүп сүйүнтөт. Документтерди бүтүрүү үчүн юристтин кеңешине муктаж болосуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Чогуу иштешкендерге киреше, чыгашаңыз жана үйдөгү маселелерди айтып, талкуулабаңыз. Душмандардын санын жана өзүңүз тууралуу ушакты көбөйтөсүз. Жагымсыз окуяга кабылышыңыз мүмкүн болгондуктан, көңүл ачуучу жерге барбаганыңыз оң. Үйдө бир маселени чечүү үчүн акча жумшоо керектелет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Амбицияны ооздуктап, чыр-чатакка аралашпоо сунушталат. Канчалык тынч жүрсөңүз ошончолук жагымсыз окуялардан айланып өтөсүз. Кеңеш сураган досуңузга өзүңүздүн ой-пикириңизди, көз карашыңызды таңуулабаңыз. Карыздап буюм сатып алуу оюңузду жыйыштырыңыз. Болбосо үйдө акчадан улам чыр чыга берет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Тааныштардан жана достордон уккан бир жаңылык сизге жагымдуу болбойт. Анткени сизге тиешеси жок бир ишти териштирүүгө аралашып калышыңыз мүмкүн. Үй тиричилик иштерине устачылык шыгыңыз же тапкычтыгыңыз керектелет.

Бирөөлөрдү тосуп алып же узатышыңыз мүмкүн.

Апта аягында соода кылганда алданып калбоого аракет кылыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптанын башында алдыга койгон пландарды ишке ашыруу оңой эместиги, олуттуу тоскоолдуктар бар экендиги айкын билинет. Жуманын калган күндөрү романтикалык жолугушууларга, чыгармачылык менен иштөөгө ыңгайлуу. Сапарга чыга тургандар жеке документтерин алып албаса жолдо маселе жаралат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада жетекчилик, жогорку бийликтегилер менен мамиле кыйындайт. Андыктан сиздин компетенцияңызга кирбеген демилге, маселелерди көтөрбөй туруңуз. Сизди тагдыр жагымдуу адам менен табыштырат. Апта негизинен жаңы кулинардык рецепттерди өздөштүрүүгө, унааны оңдотууга ылайыктуу.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада маселелерди мыйзам чегинде чечип, бирөөлөрдүн кеңешин укпаңыз. Жолдо сак болбосоңуз жыйынтыгы жаракатка, майда жол кырсыгына алып келиши мүмкүн. Жакшы мамиле жасаганыңыздан улам үйдө бейкуттук өкүм сүрөт. Айрымдар чет өлкөгө барып иштөөгө варианттарды караштыра башташат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Достор, кесиптештер менен мамиле туруктуу болбойт. Андыктан алар менен кечеге же конокко баруудан баш тартыңыз. Андан көрө кошумча иш караштырыңыз, жеке бизнес баштоого план түзүңүз. Үйдө тиричилик техникасы бузулуп, оңдотууну талап кылат. Кошунаңыз менен болгон маселени урушпай, түшүнүшүү менен чечиңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Көтөргөн жаңы демилгеңиз ишке байланыштуу болсо жетекчилик, жеке жашоого тийиштүү болсо сүйүктүүңүз колдобой, шаабайыңыз сууйт. Бир иштерди бүтүрүп бергени үчүн досторуңузду сыйлайсыз. Сатып алган азык-түлүк же буюмдун чегин ыргытпаңыз, кокус жараксыз болуп чыкса алмаштыра албай каласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Иш керектүү деңгээлде уюшулбагандыктан бир маселени жетишерлик деңгээлде чече албай, репутацияңызга доо кетиши мүмкүн. Балдар ооруп калбаш үчүн эл көп топтолгон жерге алып барбоо сунушталат. Сизге колдоо көрсөтүүчү адам менен жолугушасыз. Туура тамактанып, ден соолугуңузга кам көрүңүз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Ашыкча кызгануу, таарынуу чырга жеткирерин эске алып, сыпайы болууга аракеттениңиз. Апта интернеттен жаңы нерселерди окуп-үйрөнүүгө, диетага өтүүгө ылайыктуу. Таанышыңыздын суроосу боюнча ага керектүү буюмдарды издеп таап, жөнөтүшүңүз ыктымал. Жаңы жаңылыктарды угасыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 6-12-январга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан