Спорттук мелдештерди, мисалы, футболду сыналгы аркылуу көрүп жаткан кезде сизге шерик болуп, ал иш-чараны сиз менен чогуу көргөн – бул спорттук баяндамачы. Дал ушул кесипти аркалап келе жаткан Эркинбек Абдуллаев кыргыз баяндамачыларынын абалы, аларга айтылып келген сындар тууралуу кеп салды.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1984-жыл, 7-ноябрь
Туулган жери – Баткен облусу, Лейлек району, Сары-Дөбө айылы
Билими – Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын атасы.
– Саламатсызбы, Эркинбек мырза? Журналистика тармагына кантип аралашып калгансыз? Спорттук баяндамачы болом деп чечкен күн эсиңиздеби?
– Мен 7-ноябрь - журналисттердин кесиптик майрамында төрөлгөм. Мындан улам “ата-энең журналист болоруңду билишсе керек” деп кесиптештерим тамашалап калышат. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин алгач радиодо иштедим, андан кийин телевидениеде жаңылыктар бөлүмүндө кабарчы болуп эмгектендим.
2014-жылы жайында Бразилияда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна бир ай калганда футболду баяндап көрсөм кандай болот деп ойлондум. Себеби спортко кызыгуум күч болчу. Телеканалда баяндамачы болуп иштеген Мирлан деген байкеге барып, оюмду айтсам, футболдук бир беттешти компьютерден коюп берип, "баянда" деди. Беттештин алгачкы 5 мүнөтүн баяндап бердим. Ошондо ал “алгачкы жолкуга жакшы, үйүңдөн күндө бирден оюнду көрүп, баянда. Сүйлөгөн сөзүңдү диктофонго жаздырып алып кийин кайра угуп каталарыңды оңдо” деп кеңеш берген.
– Алгачкы баяндаган оюнуңуз кандай эмоциялар менен коштолгон?
– Эң биринчи баяндаган беттеш 2014-жылы болгон Кыргызстан-Мьянма оюну болду. Дароо эле Улуттук кураманын оюнун баяндоо мен үчүн чоң сыймык жаратты. Ал кезде Кыргызстан курамасы азыркыдай күчтүү эмес болчу, андыктан оюнчулар тууралуу маалымат жазган журналисттер да аз эле. Азыр баяндамачылар плазмалык сыналгыдан оюнду көрүп баяндайт, ал учурда биз кичинекей советтик сыналгыдан оюнду көрүп, алып барчубуз. Жалпы пландан оюнчулар эмес, алардын футболкасындагы номерлери дагы көрүнбөйт. Ал оюн 1:0 эсебинде биздин Улуттук курамдын пайдасына чечилген. – Спортко кантип кызыгып калгансыз?
– Мен кичинекей кезимде күрөшүп жүрчүмүн. 5 же 6 жашымда бир тойдо күрөш боюнча мелдеш болуп, анда өзүмдөн улуу балдарды жеңип алгам. Ошол жердеги адамдар бул кыйын бала экен деп мага акча беришкен. Ал кезде толук ой жүгүртө албасам дагы спорт жөнүндө позитивдүү ойлор эсимде калган.
Кичинекей кезде боксту абдан жакшы көрчүмүн. Себеби ОРТ телеканалынан бокс беттештери көбүрөөк көрсөтүлчү. Кээде ар кандай себептерден улам ал күнү боксту көрбөй калсам өзүмдү бактысыз сезип кетер элем.
– Кайсы спорттук мелдештерди баяндаганды такыр каалабайсыз жана эмне үчүн?
– Муз үстүндө бийлөө жана спорттук гимнастиканы баяндоо мен үчүн оор. Анткени аталган спорт түрлөрүн баяндоо үчүн сен ошол тармактын өкүлү же бул спорт менен машыккан адам болушуң зарыл. Ал жакта “тройной тулуп”, “флип” сыяктуу элементтер бар. Алардын канчалык деңгээлде туура аткарылып жатканын билүү кыйын. Бирок аргасыздан бул спортторду да баяндоого туура келет. Анткени бизде аталган спорт түрлөрүн баяндаган адистер жок.
Эч качан көрүүчүлөрдү эфир менен жалгыз калтырып койбош керек. Анткени көрүүчү жалгызсырап калат. Баяндамачы күйөрманга жакшы бир атмосфера түзүүгө болгон аракетин кылышы керек.
– Терминдер деп калдыңыз, айрым терминдерди кыргызчалаган оордук жаратса керек?
– Кыргыз тилдүү баяндамачы болгон алгачкы инсандардын бири Кубан Атабеков көп сөз айкаштарын кошуп, терминдерди которгон. Мисалы, футболдогу “угловой” дегенди бурчттан чыгаруу деп которгон. Мына ушул сыяктуу дагы көп сөздөрдү кыргызчалаган Атабеков азыркы спорттук баяндамачыларга жакшы чыйыр салып кеткен десек болот.
3 жыл мурун кыргызчага которууга кыйын болгон спорттук сөз айкаштарды, терминдерди которуп бергиле деп тил комиссиясына кат жөнөткөнбүз. Бирок ал жактан жооп келген жок. Кыргызча баяндоодо терминдерди которуу бизге маселе жаратып келет.
– “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”, түз эфир учурунда жаңылып калган, ыңгайсыз учурлар кездешсе керек.
– Андай учурлар көп болот. Бир жолу Олимпиада оюндарында хоккей боюнча беттешти баяндап жаткам. Ошондо Орусиянын белгилүү хоккейчиси Кошечкинди Кашечкин деп айтып алып ката кетиргем. Оюндун биринчи бөлүгү бүткөнчө мен анын фамилиясын туура эмес Кашечкин деп айта бергем. 1-бөлүк бүтүп, тыныгуу учуру болду. Туура айттымбы же жокпу деп өзүмдөн шек санай баштадым. Анан интернетке кирип анын оюндарын карап, Кошечкин деп айтыларын уктум. Студиядан чыксам, көрүүчүлөрдөн “Кошечкинди билбесе эмнеге хоккейге баяндамачы болот?" деген нааразычылыктар менен чалуулар келе баштаптыр. Мындай учурларда баяндамачынын деңгээли автоматтык түрдө түшөт. Көрүүчү дароо эле бул баяндамачы билбейт экен деп кабыл алат да, кийинки сөздөрүңө ишенбей калат.
Дагы бир адашканым, Бишкектин 130 жылдыгына карата борбор калаанын 4 районунан келген командалар көк бөрү боюнча мелдешке катышышты. Ошондо мен күйөрмандарга маалымат иретинде айтып коёюн деп Бишкекте 4 район бар деп, аларды санап жатканда Аламүдүн районун (ред.: Чүй облусунун району) кошуп салгам. Мындан кийин “билбесең эмне акылдуу болуп жатасың?” деген сындар айтылды. – Кыргыз баяндамачыларына сындар көп айтылып келет. Баяндамачылар эмнеден аксап жатат деп ойлойсуз?
– Кыргыз баяндамачылары ар тараптуу болгондуктан жогорку деңгээлге чыга албай келет. Мисалы, мен 50дөн ашык спорт түрүн баяндайм. Ушул себептен бир спортко биротоло көңүл коюп, аны изилдеп, ошол спорт түрүнүн эксперти боло албайсың. Мындан улам бир гана спортту көргөн адам үчүн сапаттуу баяндап бере албаган адамга айланасың. Качан баяндамачынын деңгээли көтөрүлөт? Эгер баяндамачы 2-3 гана спорт түрүн баяндаса, анда ал ошол спорт түрлөрүн ийне-жибине чейин билип, чыныгы экспертке айланмак. Мисалы, башка мамлекеттерде ар бир спорт түрү үчүн өзүнчө баяндамачылары бар.
Экинчи жагдай. Эмне үчүн биз 50 спорттун түрүн баяндайбыз? Эмне үчүн эс алуу күндөрү да башка жактарда иштейбиз? Анткени бир эле спорттун түрүн баяндасаң, алган акчаң эч нерсеге жетпейт. Тонусту да кармай албайсың. Мисалы, көк бөрүнү гана алып барам десең, сен Нооруз, Улуу Жеңиш күнү жана Эгемендүүлүк майрамдарында уюштурулган гана ири мелдештерди баяндайсың да, калган учурда бош каласың.
– Маек үчүн рахмат!
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg