ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Айдар кызды устаканасынан тапты. Бүк түшүп жатып уктап калыптыр. Ичи эзилип кетти. Бөбөк кезинде жүзү кандай күнөөсүз болсо, азыр да ошондой эле. Болгону анда бармагын соруп уктачу. Ойгонгуча күтүп отурду. Асман маңдайында турган бейтааныш жигитти көрүп чочуп кетти.

– Сиз кимсиз?

– Менден такыр коркпо.

– Кимсиз?

– Атаң айтты бул жерди, ачкычын да берди. Ал сени күтүп жатат. Элдин баары сени издеп...

– Атам менен таанышсызбы?

– Таанышмын десем да болот. Ал ооруканада, "маанилүү сөзүм бар" деди. Сени күтүп жатат.

– Барбайм мен,- деди бурк эткен кыз. Көздөрүнө жаш тегерене түштү.

– Макул, кайда баргың келип жатат? Көңүлүң эмне кааласа... Кайсы жерди айтсаң ошол жерге алып барам,- деди Айдар безелене. Кыздын көзүндөгү үмүтсүздүктү көтөрө албайт эле.

– Мен эми кайда барарымды деле билбейм. Бара турган жерим жок. Мен жалгыз калдым.

Үйүн, Айжанды, апасын эстеп башын чайкады. Ал жакка барбайт. Көзүн жумуп алды.

– Мен сени бир үйгө алып барайын. Эч ким сенин тынчыңды албайт. Атам бар, ал күзөтчү болуп иштейт, үйгө көп келбейт. Азыр кыйналып турасың, түнү менен уктаган эмессиң го. Азыр үйгө алып барайын, тамак ич, укта. Калганын кийин ойлоносуң.

Кыз көпкө Айдарды тиктеп турду да, эч сөз айтпай башын ийкеди. Чындыгында азыр ага баары бир болчу. Бул жигит алдап барып өлтүрүп салса да баары бир эле. Нес абалдан чыга албай жатты.

Экөө Айдардын үйүнө келишти. Тыкан чарбагы бар, тыпырайган үй экен. Бөлмөлөрү да кенен, жарык сезилди. Бир жайлуу жерге туш болгондой кыз жеңилдене түштү.

– Сен отуруп тур, сага чай даярдайын.

Айдар ашканага кирди да атасына телефон чалды.

– Ата, ал биздин үйдө... Үйгө кел десем макул болду.

– Ким?

– Арууке. Ишенесиңби, азыр ал биздин үйдө. Ата, сен келе кал. Жок, жакшысы анан кел, уктап эс алсын. Чочутуп албайлы,- деп Айдар карбаластай берди. Кыз үн катпай бир чыны чай ичти да, көрсөткөн бөлмөгө кирип уктап кетти. Эч нерсени ойлогусу келген жок. Дайымкыдай түшүнө аркасына кичине кызды көтөргөн өспүрүм кирди.

ххх

Сулайман оор абалда жатты. Асманды бир көргөнгө, баарын түшүндүрүп айтканга жетишсе болду. Жанына кол алдында иштеген ишенимдүү адамын чакырды.

– Машинеге урулган келин эмне болду?

– Бир аз жакшы. Бирок сүйлөшө элекпиз. Арыз жаздырбаганга аракет кылабыз. Сиз бул тууралуу ойлонбоңуз.

– Керектүү нерсенин баарын жасагыла, врачтарды чакыртып дары-дармегин...

– Макул.

– Айжан кайда?

– Ыйлап отуруп эсин жоготуп койду, палатада. Апасы жанында отурат. Кам санабаңыз.

– Асман?

– Асманды сиз тапшырган жигит тапты. Үйүнө алып кетти. Кабарлаштым, ал жигит “Асман эч нерсе деп сүйлөгөн жок, тамак ичирдим, азыр уктап жатат” деди.

– Айдарды чакыр, ага эч нерсени айтпасын. Мен өзүм түшүндүрөм. Бул менин аталык парзым деди деп айт. Эч үн катпасын.

Энтигип сүйлөп жатты Сулайман. Ар бир дем алышы оорлошуп баратканын сезип жатты.

ххх

Ата-бала уктап жаткан кызды тиктеп көп убакыт отурушту. Бул уктап жаткан кыз алардын Аруукеси болчу. Эчен жыл мурун тагдырдын буйругу менен ажырап калышкан. Мына, маңдайында уктап жатат. Мындан башка бакыт барбы?! Мейли, ал мурдагыдай “ата” дебесин, “абака” дебесин, болгону жашасын. Эч бир нерсе жүрөгүн оорутпасын, жашоосу караңгы болбосун. Алыстан карап Арууке бар экенин билип, ага шүгүр кылып жашоо жетет экөөнө. Экөө тең ушуну ойлошту. Алар кыз чындыкты билбейт деп ойлоп жатышты. Сиңдисинин жол кырсыгына кабылганын, анын жанында Арууке болгонун гана билишчү.

– Эми эмне болот?- деди шыбыраган Эрнис.

– Билбейм, уктап турса атасына алып барам,- деди Айдар да шыбырап. Эрнистин жүрөгүнө бирөө бычак сайгандай сезилди. Дагы да болсо Аруукенин өзүнөн башка атасы бар экенин кабыл ала албай койду. Айдар атайын баса белгилеп айткандай олурая карады. Бирок ал эч нерсени байкаган жок. Жөн эле карындашын тиктеп отурду. Кыз акыры ойгонду, көз албай тиктеп отурган эки адамды көрдү. Таң калды. Алгач кайда жатканын да билген жок. Бир топко көзүн ачып-жумуп жатып башынан өткөн окуяны эстеди.

– Бул менин атам!- деди Айдар.

Кыз башын ийкеп саламдашты да Эрнисти карап калды.

– Мен сизди көргөм. Сиз сүрөт көргөзмөсүнө келгенсиз.

– Ооба, кызым, мен...

– Силер кимсиңер? Сиз дагы мага университетке келип кайра кетип калгансыз. Силерге менден эмне керек?- деди кыз коркунуч толгон көздөрүн албай.

– Эч нерсе. Коркпо, Арууке биз...- деп келе жаткан Айдардын сөзүн кескин бөлдү кыз.

– Кайсы Арууке? Менин атым Асман.

– Асман, адаштым мен...

– Бул жолугуунун баары бекер эмес. Демек, силер мен тууралуу, менин мурунку жашоом тууралуу билесиңер!..

Эрнис менен Айдар бирин-бири карап калышты. Ошол учурда телефон чалуу келди. Айдар сүйлөштү да, телефонду койду.

– Атаңдын абалы оор, сени тез алып барышым керек! Калганын анан сүйлөшөбүз.

ххх

– Мени ук, Асман. Мен бул окуяны мындай абалда айтып берем деп эч ойлогон эмесмин. Деги эле эч бир убакта айтам деп ойлобогом. Эң негизгиси, сен менин кызымсың! Эки дүйнөдө мен сенин атаңмын. Кызым, мен сени биринчи көргөндө... Балдар үйүнөн көргөндө эле менин кызым болоруңду сезгем.

Кыз башын чайкай кетенчиктей берди. Сулайман акыркы күчүн жыйнап:

– Акыйкат бул. Сени балдар үйүнөн алдык. Алгач сага чындыкты айтып эле чоңойтобуз дегенбиз. Бирок мен өзүмчүлдүк кылдым. Сенин менден башка атаң болушун каалаган жокмун. Балким, билбей калат деп ойлодум. Сени жоготуп алам деп корктум. Эки үй-бүлөнүн ортосунда чайналат деп ойлодум.

– Калп айтасың! Сен менин атамсың. Өгөй кызын сенчелик эч ким жакшы көрбөйт болчу, сен менин атамсың, бирок апам башка болушу мүмкүн. Ата, суранам ошондой де, атаң менмин де, мен сенин кызыңмын. Мындан башка чындык жок.

– Асманым, сен менин кызымсың. Канымдан болбосоң да меникисиң. Эми жакшылап ук. Эгерде мен бир нерсе болсом, атаң бар. Бир тууган агаң бар. Жалгызмын деп ойлобо. Уктуңбу? Билем, оор болот сага муну кабылдаш. Таарынасың, ыйлайсың, бирок эч качан бул нерселер сени сындырганга уруксат бербе. Айдар сенин бир тууган агаң. Жакында билдим.

– Ата, эмне деп жатасың?

– Айжанды жакшы кара, апаңа камкор бол. Алардан кол үзбө.

Кыз коркуп кетти. Эми гана чындап атасынын абалы оор экенин түшүндү. Анан атасы кырылдап баратканын, врач келгенин, өзүн палатадан зордоп чыгарышканын элес-булас гана билди. Куду мунун баары түшүндө болуп жаткандай сезилди. Атасы комага түшкөнүн айтышты.

ххх

Караңгылык. Туш-тарабы жылчык жоктой бул сезимде болуп көрдүңүз беле? Аракет кылып жарык издеп жаткандай, ошол жарык табылса эле өмүр бою бактылуу болчудай сезим. Кимдир бирөөнү жоготуп алуу коркунучу канчалык оор болорун кыз эми түшүндү. Атасы өзүн жоготуп алуудан коркуп, чындыкты айтпаганын эми билди. Ошол түнү суук коридордо каршы-терши баскан адамдарды карап дирилдеген ал угуп жүргөн сүрөлөрдү чала-чарпыт кайталай берди. “Оо, Кудай, атамды сактап кал. Мен өмүр бою башка эч нерсе сурабайын, болгону атамдын жанын сактап кал. Мейли, башыма келген сыноолордун баарына макулмун, атамды бул дүйнөдөн алып кетпе” жалгыз калуу коркунучу ушунчалык оор болчу. Жан талаша бирөөнүн колдоосун, жылуулугун издеди. Канча жолу көзүн көтөрсө, ошончо жолу Айдардын көз карашына туш келип жатты. Куду ичинде болгон нерсенин баарын билгендей сезилди. Көзүн албай тиктеп турганын билди. Бүт дүйнөсү менен Айдардан келип жаткан жылуулукту сезди.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
alisha00
2020-01-06 10:34:12
Ммда
0
mers8
2020-01-06 16:29:59
Дагы бир жума кутобуз
0
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан