Биз жашап жаткан доордо баарыбыз билгендей, белгилүү бир жумушта жалданып иштөө стабилдүү болбой калды. Сенин ойлоп тапкычтыгың, эркин ой жүгүртүүң, чечкиндүүлүгүң жана каржылык жактан эч кимге көз каранды болбоого умтулганың маанилүү. Азыр эс алуу үчүн бир жыл эмгек өргүүнү же премияны күтүп, пенсияга чыгыш үчүн өмүр бою иштөөнүн деле кереги жок. Акча каражат таап ата-энесине жардам берүү максатында канчалаган жаштар жакындарынан, мекенинен алыс Орусияга, Кореяга же Германияга кетип жатышат. Биз бүгүн өз мекениңде жашап, кыялдагы өлкөлөргө саякаттоо менен бирге кирешелүү каражат табууну көздөгөн жаңы тармактын бар экендигин айткыбыз келет. InCruises компаниясы менен 1 жылдын ичинде өз жашоосун өзгөртүп, ийгиликтерди багындырган мекендештерибиздин кебин уктук.Рыскүл Сарыбаева, 61 жашта: “МЕН ТҮШКӨН ЛАЙНЕР ЖОМОКТОГУДАЙ ЭКЕН”
– Жогорку билимим бар. 25 жыл мектепте иштегем. Ден соолугума байланыштуу 3 жолу операция болгом. Жүрөгүмө жасалма клапан коюлгандан кийин пенсияга чыккам. Жолдошумдан 30 жашымда айрылып, уул-кызымды чоңойтуп, жогорку окуу жайларда окуткам. Мен ушул жашка чыкканга чейин Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунан Бишкекке гана каттаганым болбосо, башка эч бир шаар же мамлекеттерди көргөн эмесмин. Келиним Майрам InCruises компаниясына чакырып, апрель айында өнөктөш катары киргем. 6 айдан кийин октябрь айында Европа мамлекеттерин кыдырып келдим. Италия, Испания, Франция өлкөлөрүнүн Марсель, Париж, Рим, Барселона жана башка шаарларына саякаттадым. Ага чейин Москва, Санкт-Петербург шаарларына саякаттаганбыз. Кудай буюрса, Япония, Корея мамлекеттеринде саякаттасам деп турам. Ал эми мен түшкөн лайнердин ичи жомоктогудай экен.Марат жаркынбаев, Чинара Кадыралиева, жубайлар: “АЙЛЫГЫБЫЗ АЙЫНА 2500 ДОЛЛАР”
М.Ж.: – Жубайым Чинара Кадыралиева экөөбүз эки баланын ата-энесибиз. Буга чейин InCruises компаниясы берген мүмкүнчүлүктөрдү элестете да алчу эмеспиз. Бир жылдын ичинде 2 жолу круиз менен саякаттадык. Биринчисинде АКШга барганбыз. Жыйынтыгында Америкага 5 жылга виза алдык. Ал эми экинчисинде Европаны кыдырып келдик. Буюрса, жаз айларына пландалган үчүнчү саякатыбызга камданып жаткан убагыбыз. Бул ирет Азия чөлкөмүн тандадык. Япония, Корея жана башка өлкөлөргө бет алабыз. Саякаттап эле тим болбостон, дүйнө жүзүндөгү 14 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган чоң команда топтой алдык.
Ч.К.: – Учурда айлыгым айына 2500 доллар. Андан тышкары дагы 700-800 доллардай каражат түшүп турат. Бул компанияга чексиз ыраазымын. Менин мүмкүнчүлүктөрүм күн санап өсүүдө. Көп каражат табуу үчүн чет өлкөгө барып иштөөнүн деле кереги жок экенине көзүм жетти. Жогорку маянадан тышкары балдарыбыз дагы биз менен эл көрүп, жер көрүп саякаттап жүрүшөт.Нурлан Жаныбеков, Чынара Керимкулова, жубайлар: “БУЛ КОМПАНИЯ МЕНЕН КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ”
Н.Ж.: –Менин InCruises компаниясына келгениме 11 айдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында 200 кишиден турган команда топтоого жетиштим. Декабрь айында АКШга саякаттап келдик. Американын көк тиреген 10 мегаполистерин кыдырып, 5 жылга мультивиза алдык. Андан тышкары Кариб жана Багам аралдарында эс алдык. 2019-жылы деңизге коё берилген “NorwegianEncore” лайнери менен барганбыз.
Ч.К.: – Кирешем айына 1000 доллар. Жолдошум Нурлан Жаныбеков чыгармачыл инсан. Бир канча тасмалардын продюсери. Алардын эң популярдуусу “Бажарики” тасмасы. Экөөбүз биргеликте жакындарыбыз менен InCruises компаниясы аркылуу дүйнө жүзүн кыдырууну максат кылдык. Бул компания менен кыялдар орундалат.
Мадина Таалайбекова, 37 жашта: “БАЛДАРЫМ МЕНЕН ҮЙДӨ ОТУРУП АКЧА ТАБА БАШТАДЫМ”
– Мен үй кожойкесимин, 4 балам бар. Буга чейин бир гана балдарыма тарбия берүү менен алектенчүмүн. “Балдарым чоңойгондо гана иштейм, чет өлкөлөрдү кыдырам” деп ойлочумун. InCruises компаниясына келгенден бери балдарым менен үйдө отуруп эле акча таба баштадым. Көрсө, иштеш үчүн балдардын чоңоюшун күтүүнүн деле кереги жок экен. Болгону интернет менен телефонуң болсо жетиштүү. Буюрса, жаз айларында биринчи саякатыбызга жөнөөгө камданып жатабыз. Биздин биринчи круизибиз Америкага багыт алат.
Аты аталган бул адамдар бүгүнкү күндө саякаттоо менен бирге киреше таап, балдарына жаркын келечек курушууда. “Саякатка салган инвестицияны жеке өнүгүүгө салынган инвестиция деп билсе болот” деген кеп бар. Чет өлкөлөрдү көргөн адамдын дүйнө таанымы, көз карашы өзгөрөрү бышык.
Ар бириңиздерди биз менен жолугушууга чакырабыз. Дүйнө жүзүн кыдырып, киреше тапкан жогорудагы инсандар менен бетме-бет жолугуп, баарлашыңыз.
Дареги: Ош шаары, Алымбеков көчөсү, 30 (“Фрунзенский” базары жакта)
Күнү: 16-17-18-19-январь
Убактысы: Саат 15:00, 17:00 (кирүү акысыз, телефон аркылуу алдын ала жазылыңыз)
Байланыш телефондору: 0557 47-77-62, 0708 78 24 24, 0551 82 82 18